Каспий деңизи тартылууда

Акыркы жылдары Каспий деңизинин Түркмөнстандагы жээктери кыйла тездик менен тартылууда. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматынын аймактык кабарчысы билдирди.

Анын айтымында, деңиз жээгинде жайгашкан мейманканалардын жетекчилери бул абалдан чыгуу үчүн өз алдынча аракеттерди көрүүдө. Алар суу тартылган жерлерге кум ташып келип төгүп, дөңсөө жерлерге жайкы ресторандарды уюштуруп жатышат.

Маалыматка караганда, деңиздин тартылышы мейманкана жетекчилерине гана эмес, Түркмөнбашы эл аралык портуна да кошумча түйшүк жаратууда. Жергиликтүү бийлик жээктерди чоң кемелерди кабыл алууга ылайыктоо үчүн деңиздин түбүн тереңдетүүдө. Бул үчүн Орусиядан сатып алынган техникалар менен жабдуулар колдонулуп жатат.

Лебап шаарынын Мерген аттуу тургуну үч жылдан кийин Каспий деңизине эс алуу үчүн келип, суунун ондогон метрге тартылып кеткенин байкаган. Анын айтымында, адамдар үч жыл мурда сууга түшүп жүргөн жерлер кумдуу жана таштуу аянттарга айланып, суу 25-30 метрге тартылган.

«Мурда толкуп турган деңизден эч нерсе деле калбаптыр. Жээк чоң дөбөгө айланыптыр. Үч жыл мурда бул жер бүт суу болчу. Азыр сууга чейин узак басып, суу тизеден көтөрүлүшү үчүн дагы 50 метрдей барууга туура келет. Деңизде эмес, арыктагы сууга түшүп жаткандай болдук» деди Мерген.

Азербайжан, Иран, Казакстан, Орусия жана Түркмөнстан өлкөлөрүнүн ортосунда жайгашкан Каспий деңизинин жалпы аянты 368 миң чарчы чакырымдан ашык. Бул Жапониянын аймагынан чоң. Анын узундугу 1 200 чакырымды, туурасу 320 чакырымды түзөт. Эң терең жери 1025 метрге жетет.

Каспий деңизи жээктеги өлкөлөрдүн экономикасы үчүн кыйла маанилүү. Курорттук жээктерден тышкары анын акваториясында мунай жана газ кендери жайгашып, жергиликтүү тургундар кеме куроо жана балык уулоо менен алектенишет.

Иллюстрациялык сүрөт: Каспий деңизинин жээгиндеги Аваза курорттук аймагы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты