Каракалпакстанда өзгөчө абал киргизилди

  • 2 года мурун

Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев  Каракалпакстанда өзгөчө абал киргизди.

Өзгөчө абал  3-июлдан 2-августка чейин созулмакчы.

Бул тууралуу Өзбекстандын мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Шерзод Асадов билдирди.

Бул кадам жарандардын коопсуздугун сактоо, алардын укуктары менен эркиндигин касыз кылуу жана укук тартибин калыбына келтирүү максатында жасалганы белгиленди.   

Өзгөчө абал учурунда саат 21ден эртең мененки 7ге чейин коменданттык саат киргизилди.  

Өзбекстандын курамындагы Каракалпакстандын борбору Нукус шаарында 1-июлда Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө каршы жапырт нааразылык акциясы өттү.

Митингге катышкандар Өзбекстандын Конституциясынан Каракалпакстандын Өзбекстандын курамынан чыгуу укугу тууралуу жобону алып салууга каршы болушууда.

25-июнда элге алынып чыккан долбоорго ылайык, бул аймак Өзбекстандын курамынан чыгуу боюнча референдум өткөрүү укугунан ажырап калмакчы. Конституция долбоорунун коомдук талкуусу 5-июлда соңуна чыкмак.

Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев 2-июлда Каракалпак автоном республикасынын борбору Нукус шаарына келип,  Конституцияда автоном республиканын суверендүүлүгүн сактаган пунктту калтырууну сунуштады.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты