Кара-Суудагы “Туратали” базарынын директору контейнер ээсин сабап салган

  • 7 месяцев мурун

Кара-Суудагы “Туратали” базарында 20-июнда базардын директору Нурбек Эргешов жеке ишкер, контейнер ээси  И.Х.ны сабап салган. Буга ишкердин сатылган контейнер баасынын 10%ын базар директоруна төлөбөй койгону себеп болгон.  

Адвокат Назгүл Сүйүнбаеванын айтымында, окуя базардын директорунун кабинетинде болгон, жетекчи кызматкерлери менен бирге ишкерди hур-токмокко алган.  

Базардын директору бул базарда келишим түзгөн ишкерлерден белгилүү пайыз үлүш алып тургандыгы айтылды.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басмам сөз кызматы жогорудагы факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иши ачылганын маалымдады.

Маалыматта эки тарап тең арыз менен кайрылганы айтылат. Арыздануучуларга соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Окуя жетекчиликтин көзөмөлүндө экендиги, кийинчерээк коомчулукка толук маалымат берилери белгиленди.

Кара-Суудагы “Туратали” базарынын директору контейнер ээсин сабап салган

Баш сүрөттө: Кара-Суудагы «Туратали» базары

Сүрөттө: жабыр тарткан ишкер. Социалдык тармактан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты