Кара-Балтадагы 15 гектар жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды
- 2 месяца мурун
Кара-Балта шаарынын аймагындагы 15 гектар жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалымат боюнча 2007-жылы айрым кызмат адамдары жер тилкесин жеке адамга мыйзамсыз чыгарып кетүүгө көмөк көрсөтүшкөн.
«Көрүлгөн чаралардын натыйжасында белгиленген жер тилкеси соттун чечими менен Кара-Балта шаарынын мэриясынын балансына өткөрүлүп берилди. УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген өнөр жай жана социалдык объектилерди аныктоо жана мамлекетке кайтаруу иштерин улантууда», — деп жазылат маалыматта.
Муну бөлүшүү