Камчыбек Ташиев Райымбек Матраимов эмнеге бошотулганын айтты
- 2 года мурун
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Райымбек Матраимов мамлекетке 200 млн доллар төлөп, үй камагына чыкканын айтты. Ал муну бүгүн, 14-ноябрда парламенттин жыйынында билдирди.
Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев парламенттин жыйынында Камчыбек Ташиевге Матраимов эмнеге чыгып кетти деп суроо берген.
«Элде коомчулукта Райымбек Матраимов эмнеге чыгып кетти, бюджетке бир нерсе төлөдүбү? Кыргыз бюджетине кошумча коштубу же ушундай эле эле боло береби деген көйгөй жаралып жатат. Сиз эмне дейт элеңиз ушул боюнча?»- деген депутат.
Камчыбек Ташиев Райымбек Матраимов эки күн мурун тергөө абагынан чыкканын, ал бюджетке 200 млн доллар төлөгөнүн айтты.
«Райымбек Матраимовго 3 берене менен иш козгогонбуз, сегиз ай тергедик. Эки күн алдын чыгардык. Ал Кыргыз мамлекетинин бюджетине 200 млн доллар акча төлөп, анан чыкты. 200 млн доллар! Бул 2 млн доллар эмес, 20 млн доллар эмес. Депутаттар жакшы билет, 200 млн доллар эмне деген акча экенин. Бул сом менен алганда 17 млрд сом»,- деген ал.
Ошондой эле УКМКнын жетекчиси Матраимов буга чейин 2,5 млрд сом төлөгөнүн, ошону менен ал жалпы 19,5 млрд сом төлөгөнүн айтты. Ташиев Райымбек Матраимов 200 млн доллардын баарын накталай эмес, мүлк менен дагы төлөгөнүн билдирди.
«Туура анын бардыгын накталай төлөгөн жок. Аны мүлк менен да төлөдү. Бирок биз төлөгөн мүлктөрдүн бардыгын экспертизадан өткөрүп, баалап, анан арзан баада алдык»,- деп жооп берди ал.
Камчыбек Ташиев мамлекетке ушунча төлөткөндөн кийин Матраимовду түрмөгө камап отуруунун эч кандай пайдасы жок экендигин, ошондой эле жакында анын соту боло турганын, ошондо ал өзүнүн күнөөсүн тартарын айткан.
Эске салсак, кечээ Райымбек Матраимовдун бошотулганы тууралуу маалымат тараган. Анда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөөчүсүнүн Матраимовдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүчүн канааттандырып, аны эч жакка чыкпоо тилкаты менен коё бергени айтылган.
Кошумчалай кетсек, 2024-жылдын 25-мартында УКМК тиешелүү атайын кызматтар менен бирге Азербайжан аймагында Кыргызстандын мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду кармап, Кыргызстанга алып келген. Ошондой эле аны менен бирге Р.Матраимовдун бир туугандары Тилек Матраимов, Руслан Матраимов, Исламбек Матраимов да алынып келинген.
Ош шаардык соту Кара-Суу районунун мурдагы акими, бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун агасы Тилек Матраимов боюнча райондук соттун чечимин өзгөртүп, 300 миң сом айып салган.
УКМК маалыматы боюнча, Райымбек Матраимов жоюлган «Мыйзамдагы ууру» Камчы Көлбаев менен тыгыз байланышта болгон жана бажы кызматынын кызматкерлеринен жана мамлекеттик ишмерлерден турган кылмыштуу топ түзгөн. Тактап айтканда, Райым Матраимовго карата 169-берене (эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу) жана 222-берене (кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) белгилери боюнча кылмыш иши жүрүп жатат.
26-январда УКМК Райымбек Матраимовго издөө жарыялаганы белгилүү болгон.
2021-жылы Бишкектин Биринчи май райондук соту Райымбек Матраимовду «Коррупция» беренеси менен күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул чегерген. Ал бажыда коррупциялык схема түзгөнүн мойнуна алып, бюджетке 2 млрд. сом төккөн.
Сүрөт: интернет булактары




