Райымбек Матраимов эч жакка чыкпоо тилкаты менен коё берилди
- 1 год мурун
Бишкектин Биринчи Май райондук соту Райымбек Матраимовду эч жакка чыкпоо тилкаты менен эркиндикке чыгарды. Бул тууралуу Kaktus.media аталган райондук сотко шилтеме берип, жазып чыкты.
Маалыматта айтылгандай, сот Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөөчүсүнүн Матраимовдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүчүн канааттандырып, аны эч жакка чыкпоо тилкаты менен коё берген.
Эске салсак, 2024-жылдын 25-мартында УКМК тиешелүү атайын кызматтар менен бирге Азербайжан аймагында Кыргызстандын мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду кармап, Кыргызстанга алып келген. Ошондой эле аны менен бирге Р.Матраимовдун бир туугандары Тилек Матраимов, Руслан Матраимов, Исламбек Матраимов да алынып келинген.
Ош шаардык соту Кара-Суу районунун мурдагы акими, бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун агасы Тилек Матраимов боюнча райондук соттун чечимин өзгөртүп, 300 миң сом айып салган.
УКМК маалыматы боюнча, Райымбек Матраимов жоюлган «Мыйзамдагы ууру» Камчы Көлбаев менен тыгыз байланышта болгон жана бажы кызматынын кызматкерлеринен жана мамлекеттик ишмерлерден турган кылмыштуу топ түзгөн. Тактап айтканда, Райым Матраимовго карата 169-берене (эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу) жана 222-берене (кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) белгилери боюнча кылмыш иши жүрүп жатат.
26-январда УКМК Райымбек Матраимовго издөө жарыялаганы белгилүү болгон.
2021-жылы Бишкектин Биринчи май райондук соту Райымбек Матраимовду «Коррупция» беренеси менен күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул чегерген. Ал бажыда коррупциялык схема түзгөнүн мойнуна алып, бюджетке 2 млрд. сом төккөн.




