Камчы Көлбаев Орусиянын президенти Владимир Путинден саат алганбы?

  • 10 месяцев мурун

УКМК Камчы Көлбаевдин мыйзамсыз алынган мүлкүнүн болжолдуу жалпы баасы 1 млрд долларды түзөөрүн жана алар камакка алынганы боюнча видео таратты.

Мекеменин тараткан видеосунан Көлбаевге тиешелүү делген мүлктөрдүн арасынан Орусиянын президенти Владимир Путинден алынган сыйлык саатын көрүүгө болот.

Камчы Көлбаев Орусиянын президенти Владимир Путинден саат алганбы?

Эске салсак, бүгүн, 9-сентябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Камчы Көлбаевдин мыйзамсыз алынган мүлкүнүн болжолдуу жалпы баасы 1 млрд долларды түзөөрүн жана алар камакка алынганын билдирген. «Кылмыштуу топтун башчысы К.Асанбектин (ред. Камчы Көлбаев) анын жакындарынын жана жан-жөкөрлөрүнүн мыйзамсыз мүлктөрүнө 850дөн ашык кыймылсыз мүлктөр, атап айтканда, кымбат өзгөчөлөнгөн үйлөр (особняк), коттедждер, элиталык клуб үйлөрү, курулуп жаткан имараттардагы көптөгөн батирлер, эс алуу борборлору, пансионаттар, ресторандар, жер тилкелери, ат сарайлар, аңчылык жерлер, 60тан ашык кымбат баалуу люкс үлгүсүндөгү унаалар, анын ичинде брондолгон зер буюмдар жана башка мүлктөр бар. Тергөөнүн маалыматы боюнча, К.Асанбектин мүлкүнүн бир бөлүгү мамлекеттик менчиктен мыйзамсыз чыгарылган жана таза иштеген ишкерлерден тартып алынган. Аларды тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жабыркаган адамдарга кайтаруу иштери жүргүзүлөт», — деп жазылат маалыматта. 

Жакында Бишкекте кримтөбөл Камчыбек Көлбаев жок кылынды. УКМКнын маалыматында уюшкан кылмыштуу топтун ишкерлердин өзгөчө ири суммада мүлктөрүн мыйзамсыз алып алгандыгы айтылат. Ошондой эле Камчы Көлбаевдин Дөө Чыңгызды өлтүрүүгө тиешеси бар деген маалымат текшерилип жаткандыгы маалымдалды. Камчы Көлбаев Бишкекте “Блондер Паб” ресторанынын жанында УКМК кызматкердеринин талаптарын аткарбай, куралдуу каршылык көрсөткөнү белгиленди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты