“Камбар-Ата-1” ГЭСинин долбоорунун донорлорунун жолугушуусү өттү

  • 16 часов мурун

7-11-октябрда “Камбар-Ата-1” ГЭС долбоорунун донорлорунун координациялык комитетинин делегациясы Кыргыз Республикасына иш сапары менен келди.

Бул тууралуу энергетика министрлиги билдирди.

Маалыматта айтылгандай, аталган координациялык комитет 2024-жылдын июнь айында Вена шаарында өткөн Кыргыз Республикасынын энергетикалык инвестициялык эл аралык форумунун жүрүшүндө өлкөнүн энергетика тармагын өнүктүрүү жана таза энергетикалык долбоорлорго инвестиция тартуу максатында түзүлгөн.

Долбоорду даярдоонун жүрүшү менен таанышуу үчүн донордук координациялык комитеттин делегациясы “Камбар-Ата-1” ГЭС объектисине барды. Долбоорду даярдоонун жүрүшүн жана мындан аркы биргелешкен кадамдарды талкуулоо үчүн энергетика министри Таалайбек Ибраев жана башка жогорку бийлик өкүлдөрү, ошондой эле Казакстан Өзбекстандын өкүлдөрү менен бир катар жолугушуулар өткөрүлдү. 

“Камбар-Ата-1” ГЭС долбоорунун донорлорунун координациялык комитетинин делегациясына Дүйнөлүк банктын, Азия өнүктүрүү банкынын, Ислам өнүктүрүү банкынын, Европа биримдигинин, Европа инвестициялык банкынын, АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин жана Улуу Британиянын Тышкы иштер жана Эл аралык өнүктүрүү министрлигинин өкүлдөрү кирген. Азия инфраструктуралык инвестиция банкынын жана ОПЕК фондунун өкүлдөрү негизги жолугушууларга аралыктан катышты.

Мурда айтылгандай, «Камбат-Ата-1» ГЭСинин курулушунун алдын ала баасы 4 миллиард доллардан ашат. Акылбек Жапаров Камбар-Ата ГЭС-1ди андан ары куруу үчүн министрлер кабинети 2024-2030-жылдарга мамлекеттик бюджеттен кошумча 500 миллион доллар бөлөөрүн билдирген. 

“Камбар-Ата-1” ГЭСи долбоорунун алкагында 2024-жылга чейин инфраструктура иштери жүрөрү айтылган. ГЭСтин өзүн куруу 2024-жылы башталып, биринчи агрегатын 2028-жылы ишке берүү пландалууда.

ГЭС курулуп бүтсө, 1860 МВт кубаттуулукта болуп, жылына 5,6 млрд. кВт саат электр энергиясын өндүрөт. Алдын ала баалоо боюнча, ГЭСтин плотинасынын бийиктиги 256 метрди түзүп, 5,4 млрд. кубдан ашуун көлөмдө суу чогултат.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты