Камала Харристин шайлоо алдындагы алгачкы расмий видеосу жарыяланды

АКШнын вице-президенти, Демократиялык партиядан президенттикке талапкер Камала Харрис шайлоо алдындагы алгачкы расмий видеосун жарыялады. Анда курал-жарак, аборт жасоо укугу жана медициналык камсыздандыруу маселелери жөнүндө айтылган.

Бир мүнөттүк видеонун негизги темасы – эркиндикке чакыруу болгон (видеодо «эркиндик» сөзү 12 жолу айтылган). Вице-президент курал-жаракка байланышкан зордук-зомбулуктан эркин болууга жана өз денесин башкаруудагы эркиндикк чакырды. Ошондой эле ал ар бир адамга медициналык жардам жеткиликтүү болгон жана бир да бала жакырчылыкта жашабаган келечекти тандай турганын билдирди.

Трамптын тарапташтары Харристи радикалдуу солчул идеология менен ойноп жатат деп айыптоодо. Буга чейин Трамп New York Post басылмасына берген маегинде Харристи «кем акыл жана каардуу» деп атаган.

Акыркы сурамжылоолорго ылайык, талапкерлердин бири да ачык артыкчылыкка ээ эмес. Көпчүлүк сурамжылоолордо Трамп атаандашынан бир аз алдыда болсо, Reuters/Ipsos’тун сурамжылоосунда Харрис Трамптан 2% алдыда.

Республикалык партия Трампты расмий түрдө талапкер катары көрсөткөн. Демократтар өз талапкерин августта өтө турган курултайында бекитиши керек. Партиянын праймеризде жеңген талапкери, учурдагы президент Жо Байден экинчи мөөнөткө баруудан баш тарткан.

Сүрөт: Reuters

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты