Кайра шайлоо: Шайлоочулардын 2,69 пайызы добуш берди

  • 2 года мурун

Бишкек шаарынын    №27 Биринчи май жана №29 Свердлов шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо  өтүп жатат.

АСУ системасынын маалыматы боюнча аталган эки округда саат 10:00 гө карата 5913 шайлоочу добуш берди. Бул шайлоочулардын 2,69 пайызы болуп саналат.

№27 Биринчи май шайлоо округу – 1 954 шайлоочу же 1,73%;

№29 Свердлов шайлоо округу – 3 959 шайлоочу же 3,72 %.

Эки округдагы шайлоочулардын жалпы саны — 219 654.

Бүгүн, 27-февралда, Бишкек шаарынын №27 Биринчи май жана №29 Свердлов округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо  өтүп жатат.

Жогоруда аталган эки шайлоо округунда баарына каршы добуш бергендердин саны басымдуулук кылгандыктан, шайлоо өткөн жок деп таанылган.

Кайра шайлоого 53 талапкер каттоодон өттү. № 27 Биринчи май шайлоо округу боюнча 27 талапкер, № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча 26 талапкер катышууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты