Кадамжайга эвакуацияланган эки келин төрөдү

  • 2 года мурун

Кадамжайга эвакуацияланган эки келин төрөдү. Бул тууралуу «Азаттык»  Кадамжай районунун акиминин орун басары Мээркан Асановага таянып жазып чыкты.

«Эки ымыркайдын тең абалы жакшы. Энелеринин абалы да жакшы. Эвакуацияланып келгендердин арасынан кош бойлуу келиндер жана айрым балдар медициналык жардамга муктаж болушту. Келгендердин 70-80% балдар. Аларды бала бакчаларга жана лагерге жайгаштырып жатабыз. Районубуздун эли түнкү саат 2-3кө чейин көчөдө туруп, эвакуацияланып келген элди үйлөрүнө бөлүп кетип атышты. Азык-түлүк жагынан азырынча маселе жок, баары жетиштүү», — деди Асанова.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 16-сентябрда тажик тарап ок атышууну баштаганын билдирген. Бүгүн саат 12:37де тажик тарап Чоң-Алай районунун айылдарындагы кыргыз чек арачыларын көздөй ок атты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты