Качкын президент Курманбек Бакиев Төрт-Көчөдөгү 270 метр жердин чыры тууралуу

Мурдагы качкын президент Курманбеек Бакиев “Жаңы ордо” гезитине берген маегинде Төрт-Көчөдөгү 270 метр жердин чыры тууралуу, аны Бакиев менен Мадумаров тажик тарапка берип салган дегендерге жооп берди.

— Мен деле бул сөздөрдүн айланасында ар кандай пикирлерди угуп калып жүрөм. Мадумаров жерди сатып жиберген деп жатышат. Биринчиден, жерди эч ким сата албайт! Ушуну кыргызстандык туугандарым, жердештерим жакшылап билип, түшүнүп алышсынчы. Жерди эч ким сатып алалбайт! Буга мыйзамдар, эч качан жол бербейт. Талаш жерди чечиш өтө кыйын маселе, эрежеси өтө татаал нерсе, чоң маселе. Убакыт кенен болгондо дагы айтып берет элем. Ал эми 275 метр жер боюнча мындай. Мага бир ирет, Адахан Мадумаров кирип калды да: « Курманбек Салиевич, биздин ошол жерден өтүп жаткан атуулдарыбызды, тажик чек арачылары өтө кыйнап жатышыптыр. Айрыкча кыз-келиндерди токтотуп текшерип, эмнеңди, – көйнөгүңдү чеч, сумкаңды ач–деп, ушалаганга чейин барып, кыйнап жатыптыр» деп калды. Анан мен айттым: «анда, Адахан, Баткенге сен өзүң барып кел. Өз көзүң менен чек ара жагдайын көрүп, ошол жерде жашаган жергиликтүү эл менен жолук. Биз тарап менен да, тажик тарап менен да жолугуп сүйлөш, бизге кандай ыңгайлуу шарт болсо, ошол маселени аракет кылып, чечип кел» деп айттым. Бүттү, ал Баткенге кетти.

— Мадумаров Баткен жергесине барып, ошол Төрт-Көчөдөгү маселени чечип келгенден кийин жолукту беле?

— Албетте… Келгенден кийин Адахан Мадумаров менин кабыл алуумда болду. Мадумаров: «Курманбек Салиевич, биз эки тарап болуп жолугушуп сүйлөшүп, ошол жерди убактылуу колдонуу боюнча протокол түздүк. Лейлек тарапка Төрт-Көчөдөн өткөн кезде тажик чек арачылары биздин жарандарды тоскоолдуксуз өткөрө турган болушту. Шарт түзүлдү…» деп айтты.

Мен Мадумаровго: «Эки тарап тең маселенин чечилишине ыраазы болдубу» дедим. «Болду…» деп Мадумаров айтты. «Каршы болушкан жокпу» деп сурадым. Мадумаров: «Жок, эл ыраазы» деп айтты. Ошондой эле чечилген. Ал маселени эч ким деле көтөргөн эмес. Ошол бойдон ал протоколду эл унутуп деле калган. Макул, бүттү. Ал жерлер тажиктерге өтүп кеткен жок да. Протокол деген нерсе, юридикалык жактан мааниси бирин-бири жакшы билишкен адамдар болсо, кол алышып коюп кете бересиң. Экөөбүз отуруп же эки тарап болуп отуруп, бир чечимге келип, кол алышып маселени чечтик деп, анан протокол кылып коюп, «Макулсуңбу», экинчи тарап «Макулмун» деп протокол түзүп коюшкан. Сен кол койдуңбу, мен кол койдум. Бүттү… -деди Бакиев.  Маалымат үчүн:        

Юридикалык күчүнө карата эл аралык протоколдор көбүнчө негизги документке тиркеле турчу документ катары эсептелет. Протокол түз эле Президентке жетпейт. Кандай протокол болбосун, ал биринчи өкмөткө жиберилет. Өкмөттөн протокол бардык юридикалык ченемдерге ылайык тазаланып, иргелип, текшерилип, Жогорку Кеңештин кароосуна жиберилет. Жогорку Кеңештен талкууланып каралгандан кийин гана өлкөнүн Президентине жиберилет. Президент протоколго кол коюп кабыл алат же каршылык билдирип артка кайтарып берет.

Курманбек Бакиев Кыргызстанды 2005-жылдан 2010-жылга чейин башкарган. Ал бийликке «Жоогазын» революциясынан кийин келип, 2010-жылдын 7-апрелинде 87 адамдын өмүрү кыйылган элдик толкундоодон кийин үй-бүлөсү менен Беларуска качып кеткен.

Кыргызстанда Бакиев менен анын жакындары бир нече кылмыш иши боюнча айыпталып, сыртынан соттолушкан. Өзүлөрү айыптоолорду четке кагып келишет.

Адахман Мадумаров 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп иштеп турганда кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу күбө катары суралган.

Адахан Мадумаров 2009-жылы Ош- Баткен-Исфана жолун оңдоого жана көпүрө куруу үчүн 275 метр узундуктагы беш гектар жерди тажик тараптан 49 жылдык мөөнөткө ижарага алуу боюнча протоколго кол койгон. Ал кезде Мадумаров Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы болчу.

Депутат документ юридикалык күчкө ээ эмес экенин кайталап, соңку окуяларды өзүнүн саясий ишмердиги менен байланыштырууда.

Сүрөттө: Адахан Мадумаров. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты