Көп кабат имараттагы өрттөн адамдар жабыркаган жок    

30-апрелде өзгөчө кырдаалдан министрлигинин ыкчам маалымат кызматына  саат болжол менен 15те Байтик баатыр көчөсүндөгү үч кабаттуу имаратынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.   

Бишкек шаарынын өрт өчүрүү бөлүмүнөн 4 бөлүк чыгып, саат 18:03тө толук өчүрүлгөнү кабарланды.

Маалыматка караганда, өрттөн жабыркагандар жок. Өрттүн аянты 700 чарчы метр. Анын себеби такталууда.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты