“Көгүлтүр Ысык-Көл” санаторийинде жаңы корпус ачылды

  • 1 месяц мурун

Садыр Жапаров 7-майда Чолпон-Ата шаарында “Көгүлтүр Ысык-Көл”санаторийинин 60 жылдыгы жана жаңы корпустун ачылышына катышты. 

Мамлекет башчы 97 орунга ылайыкталган жаңы үч кабаттуу имаратты көрүп чыгып, жаңыланган инфраструктурасы, анын ичинде бассейн жана термалдык булактар менен таанышты жана ошондой эле бак отургузду. 

Президент  туризмди жана санаторий-курорт тармагын өнүктүрүү артыкчылыктуу багыт экенин айтты.

Санаторий объектилерин президенттин иш башкармалыгына өткөрүп берүү алардын өнүгүшүнө кошумча түрткү берип, экономикалык көрсөткүчтөрдүн өсүшүнө шарт түздү.“Ысык-Ата” жана “Жети-Өгүз”санаторийлеринин жаңыланышы, “Жыргалаң” курортун өнүктүрүү жана “Улан” балдардын ден соолукту чыңдоо борборун реконструкциялоо айтылды. 

Ошондой эле “Көгүлтүр Ысык-Көл”санаторийинде ири масштабдагы жаңылоо иштери жүргүзүлүп, корпустар капиталдык оңдоодон өткөрүлгөнү, материалдык-техникалык база жаңыртылганы жана амфитеатр менен термалдык булактар сыяктуу жаңы объектилер курулганы белгиленди. Жаңы корпус акыркы 40 жыл ичинде алгачкы жолу курулуп жатат. 

Президент финансылык көрсөткүчтөр кыйла өскөнүн: акыркы эки жылда таза киреше эки эседен ашык көбөйгөнүн, ошол эле учурда кызматкерлердин айлык маянасы да жогорулаганын белгиледи. 

“Көгүлтүр Ысык-Көл” санаторийинде жаңы корпус ачылды

Сүрөттөр: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты