Исмаил Исаков: Курултайда Кемпир-Абад боюнча айтылбаган ойлор жана маселени чечүү жолдору  

«Азаттык» партиясынын төрагасы Исмаил Исаков Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасындагы маселени чечүү жолдорун сунуштады. Анда анын ойлоруна жана сунуштарына кулак төшөп көрөлү.

Маселени чечүүнүн кандай жолдору сунушталууда?

-15-октябрда Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылында өткөн курултайга жергиликтүү тургундардын чакыруусунун негизинде катышып,  “Кемпир-Абад” боюнча  айтылган сөздөрдү, сунуштарды угуп, анын алдында Жогорку Кеңеште өткөн жыйында К.Ташиев баса белгилеген, 900 горизонталь кайсы жерден өтөөрүн кыдырып өз көзүм менен көрүп, курултайда  айтылбаган ойлорумду жана маселени чечүү жолдору боюнча пикиримди  дагы бир ирет сиздер менен  бөлүшүүнү туура көрдүм.

Курултайда айтып кеткенимдей, коомдук ишмер Б.Талгарбеков жана оппозициялык бириккен демократиялык кыймыл  “Референдум жолу” менен  маселени чечүүнү сунуш кылышты.  Албетте, сунуш абдан туура. Ким,  жерин берүүгө макул болот? Эч ким макул  болбойт, анда  элдин каалоосун кандай бийлик болбосун аткарыш керек… Ал учун,  бийлик биринчи дипломатиялык жол менен сүйлөшүп  биздин аймакка салынган плотинаны, ГЭСтерди жана жабдыктарды өткөрүп алуу менен сууну башкарууну толук өзүбүзгө алышыбыз зарыл. Ушундай болушу мүмкүнбү? Жыйынтыгы кандай болот?  Суунун көлөмүн сугатка даярдоодо, кийин аны бөлүштүрүүдө алар, катышпай кое алабы?  Анда экинчи жол калат, күч… Ал жол, эч кимге кереги жок жол, демек, референдум жолу маселени чечмек турсун кайрадан, маселени ырбатып коеруна жол ачары шексиз…

Экинчи жол.  Курултайдын катышуучулары айткандай, маселени  ушул бойдон калтырып, проблеманы келечектеги муундар чечишсин десек дагы туура  болот.  Анын  аягы эмне менен бүтөт?  Анда,  бир  жагынан  биз – бүгүнкү муундар, жоопкерчиликти моюнга албай, ар кандай сөздүн, пикирлердин балээсинде калбай, тынч уктап, проблеманы балдарыбызга жана небере-чөбүрөбүзгө таштап, жоопкерчиликти алардын моюндарына жүктөп  салабыз. Анда, чек ара маселесинин делимитация иштери алга жылабы же ушул бойдон токтоп калабы?  Эми чыңалып жаткан жылуу мамилеге доо кетпейби? Демек, бул жолдун аягы дагы  бүдөмүк.

Үчүнчү жол. К.Ташиев айтып, жабык эшик артында сунуш кылган жолду кабыл алсак, кандай болот? Адилеттүүлүк үчүн айтып коюшум керек,  былтыркы айткан сын-пикиримден тыянак чыгырып, кемчилдиктерин жоюуга аракет жасагандары көрүнүп турат. Мисалы: Өзүбүздүн “Орто Токой” суу сактагычы менен “Унгар Тоону” өзүбүзгө калтырышыптыр, Гавасай, Көк-Серек, Баястан, Ак-Таш, Кара-Белес, Сузак менен Өзгөнгө кошумча бирдей жерлерди ажыратып алуусуна жетишиптир. Совет бийлигинен калган, И.Каримов учурундагы 908 горизанталдан  900гө  түшүрүшүптүр. Келишимдин негизинде эки тараптын катышуу ниети менен биргелешкен ишкана түзүлүп анын курамы бипбирдей же 50/50 болоруна жетишишиптир. Албетте, К.Ташиев мырзанын, бүгүнкү геосаясий жана коопту абалды түшүнүү  менен  жасаган мындай  алгылыктуу иштери, мурдагы кол койгон Ташкент протоколуна салыштырмалуу жетишкендик жана ийгилик катары баалап кетээр элем. Бул, акыркы келишимдин  оң жагы.  Терс жагы кандай?

900-горизанталдын терс жактары кандай?

-Эгерде,  “900чү горизонталга” терең маани берип, ар тараптан тактап көрсөк, кызыктуу жана коркунучтуу нерселерге кептелебиз. Ошол эле келишимдин негизинде өзбек тарап суунун жээгин ошол уровень  менен эсептеп, чек ара сызыгын мыйзамдуу түрдө өздөрүнүн  картасына киргизет,  ал эми өзүбүздүн картабыздан биз, суу сактагычты таптакыр алып таштайбыз. Аны, биз эле эмес дүйнөлүк коом, алардын жана биздин өзгөргөн аймактарыбызды таанып өз карталарына киргизишип, аймактардын өзгөргөнүн расмий таанышып, эл аралык келишим менен бетондолуп, бекитилип калат. Бул сызык, “Кызыл Октябрь” айылынын түндүк тарабын толук, чыгыш тарабы Өзгөн көпүрөсүнө жакындап, чек ара  биздин эки облустун ортосуна сайылган  манжадай болуп калары  шексиз.  Келишимдин негизинде “900 горизонталь боюнча биз тарапка эч кандай инженердик курулмалар, тосмолор курулбайт” дегени менен, юридикалык жактан 900 горизонталдан өткөн сызыктын ары жагы алардыкы болуп калат дагы алардын жарандары мыйзамдын алкагында укугу бар жаран катары келишип,  кандайдыр бир убакытка чейин  биздин жарандардын суу тарапка  өтүшүнө эч тоскоолдук кылышпай,  биринчи иретте бак-дарактарды тигишип чарбалык иштерди жүргүзүп, эс алуу жана оюн-зоок борборлорун салышып, акырындык менен отурукташып эч бир тосмолорсуз эле суу сактагычтын тегерегин  өздөштүрүп, ээлешип, кийин биздин жарандарыбыз эмес, итибиз өтө албай турган табыгий көрүнүшкө кептелебиз. Ошентип, суу сактагыч алардын бак-дарактары, жарандарынын имараттары жана эс алуучу жайлары менен оролот. Бул, ачуу чындык. “Анпейт” деп,  ким кепилдик бере алат?

Экинчи жагынан, дал ошол жерде өзү эле эмес, ата теги туулуп, өсүп,  ата тектеринин сөөктөрү коюлуп, кийин суу сактагычтын айынан жабыр тартышып, жаштайынан кесепеттерди өз жон терилери менен тарткан жарандарыбыз келишимдин азыркыдай шартына караманча каршы. Бул деген, коому ачык, укуктук, демократиялык мамлекетке өтө маанилүү. Конституциянын 1-беренесинин  4-бөлүгүнүн негизинде  “Кыргыз Республикасынын эли эгемендиктин ээси жана мамлекеттик бийликтин жападан жалгыз булагы”.  Элдин каршы пикирин  эсепке албаган бийликтин келечеги эмне менен бүтөөрүн  баарыбыз жакшы билебиз,  аны эсепке албай коюу мүмкүн эмес. Андан башка, Конституциянын 3- беренесинде  “Кыргыз Республикасынын чек арасындагы аймак бүтүн жана кол тийгис”. “Кемпир-Абаддын” 90 пайыз аянты, эч талашсыз юридикалык жактан бекитилип, тараптар аркылуу расмий таанылган, де-факто алар колдонсо дагы, биздин аймактагы суу сактагыч (Мамлекеттик чек ара” мыйзамынын 5-бер. 3-б. 4-п.). Таанылып, такталган өзүбүздүн аймактагы жерди берип, анын бүтүндүгүн, кол тийбестигин бузуу кандай болот? Анын үстүнө коомчулук каршы болуп турганда мындай кадамга барсак, анын арты эмне менен бүтөт? Дагы бир төңкөрүшкө жол ачпайбызбы? Баарыбыз үчүн эске алуучу жана маанилүү, ачык айтылбай турган жагдайлар дагы бар. Ал, кийинки боло турган коркунучтар. Аны, коопсуздук кеңеш, праламенттин тиешелүү комитетинин депутаттары, аткаруу бийликтин жооптуу өкүлдөрү,  өзгөчө улуттук коопсуздук комитетинин кызматчылары келечекте эмне болооруна көз салыштыбы? Кийинки боло турган коркунучтардын кесепеттерин анализдеп чыгыштыбы? Дал ошол, суу сактагычтын тегерегиндеги маселелер, келечектеги коркунучтарга түздөн-түз байланышып, “убакыттын иши” болуп калаарын ким иликтеди, ким прогноздоду?

Үчүнчү жагынан, өзбек тараптын зкономикасын өнүктүрүү боюнча, биздин аймакка салынган суу сактагычтардын Совет доорунан тарта  “Орто-Токой” 73 жыл,  “Керкидан” 54 жыл, “Кемпир-Абад” 44 жыл ичинде  бизге келтирилген зыяндардын жана колдон чыккан кирешелердин ордун толтуруу боюнча (жок дегенде эгемендүүлүктү алгандан бери 31 жыл ичиндегини) биздин  дооматтарыбыздын экинчи тарапка коюлуп же коюлбаганы жана ал жөнүндө Жогорку Кеңеште өткөн жыйында маалымат берилбегени.

Жогорудагы, “Кемпир-Абад” суу сактагычы боюнча  айтылган сөздөрдүн  оң жана терс жагдайларын  эске алып,  Жогорку Кеңеште  айткан сөзүмө туруп, өзүмдүн жарандык позициямды билдирүү үчүн, депутаттарга, урматтуу депутат Мирлан Самыйкожонун суроосуна жооп берүү менен, жогоруда айтылган жолдордон айрымаланган, альтернативдүү төртүнчү жолду сунуш кылам.

Альтернативдүү 4-жол

Альтернативдүү төртүнчү жол,  Сүйлөшүү процесстерин ушундай жылуу жана достук нукта улантып, Кемпир-Абаддан, Орто-Токойдон, Керкидондон бизге келтирилген зыяндардын жана колдон чыккан кирешелердин ордуна (бир эле “Кемпир-Абаддан” эгемендүүлүк алгандан  кийин эле, жупуну эсеп менен биз 1,5 млрд АКШ доллардан кем эмес зыянга учурап, бизге түшө турган  кирешелерди колдон чыгардык) керек болсо, алар тараптан мурда компенсацияланган жана азыркы учурда “берилип” жаткан жерлер менен өз ара эсептешип, алар тараптан салынбаган Бургөндү каналына жылына 227 млн куб суу алынуучу үлүшүбүзгө компенсация төлөттүрүүдөн баш тартып, суу алдындагы жана алардын ГЭСтери салынган бизге тиешелүү жерлерди аларга, (биринчи вариант)  49 жылга азыркыдай  бекер колдонууга  убактылуу берүү (кийин узартуу мөөнөтүнүн шартын белгилеп).  

Эгерде, ушундай кадамга ал тарап макул болбосо анда, (2 вариант) суу алдындагы бизге тиешелүү жана ГЭСтери салынган жерди, аларга 49 жылга ижарага  эл аралык баа менен берүү. Алар тараптан салынбаган Бургөндү каналынан биз ала турган жылына 227 млн куб суунун  ордун толтуруу үчүн ар жылдык төлөмдү алууну. Биздин жерде салынып, биздин сууну колдонуу менен иштеп жаткан ГЭСтерден иштелип чыккан электроэнергияны сатуусунан түшкөн каражаттын 40-50 пайызына биздин үлүш катары  талап кылууну. Ошону менен бирге, бардык суу сактагычтарыбыздын кесепеттеринен, эгемендүүлүк алгандан тарта,  бизге келтирилген зыян менен колдон чыккан кирешени төлөө маселесин талап кылып, керек болсо алар тараптан  азыркы берилип жаткан жерлерден баш тартуу. Андан башка, бизге “берилип” жаткан жерлердин экинчи тарапка таандык экендигин укуктук талааада өзүнчө кароо.

Мындан сырткары, биз аларга Сох менен Шахимардан анклавына өтүүгө жеңилдетилген шарт түзгөндөй, алар дагы “зеркально” Канабад, Маданият жана Кербенге кирүүчү жолдордон жеңилдетилип өткөрүү механизимдерин келишимге киргизүү. Ошону менен бирге сууну пайдалануу боюнча 50/50 болуп ишкана түзүүнү колдоого алуу.

Эгерде ушундай жолдор менен биздин бийлик өкүлдөрү сүйлөшүү процесстерин жүргүзсө анда, бийлик өкүлдөрү элдин колдоосуна жана ишенимине ээ болуп, азыркы жана алдыда келе турган кыйынчылыктардын жана коркунучтардын кесепеттерин  биргелешип жоюу үчүн бир муштумдай биригүүгө мүмкүнчүлүк  пайда болору шексиз. “Жаман айтпай, жакшы жок” дегендей, менимче ушундай жол, базар системасына төп келип, эки тарапты ынандырып, бүгүнкү күндүн талабына жооп берүү менен тараптардын достугун чыңоого багытталат деген үмүт зор. Ошону менен бирге, ушул жолду, кадырман кыргыз калкынын менталитетин жакшы билген, тажырыйбалуу, кыраакы жана даанышман  өзбек Президенти, урматтуу  Шавкат Мирзиёев мырза түшүнүү менен кабыл алуусуна  терең ишенем.

Жыйынтыгында, жогоруда айтылган жүйөлүү негиздер менен “Кемпир-Абад” суу сактагычынын алдындагы жерди азыркыдай шартта, өзгөчө  900чү горизонталь менен өзбек тараптын менчигине өткөрүп берүү мүмкүн эмес жана чоң ката болуп калат. Мындай жолго мен дагы каршымын. Андай жол келечекте опурталдуу болуп, мамлекеттин эгемендигине жана бүтүндүгүнө доо кетип калышына негиз түзүп, ага жол ачып коюшу ыктымал.

«Азаттык” партиясынын төрагасы Исмаил Исаков

Сүрөттө: Исмаил Исаков. «ПолитКлиника».

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты