Ишкер Нуржамал Байболова «Оберон» базары боюнча Жогорку сотко кайрылганын билдирди
- 2 года мурун
Ишкер Нуржамал Байболова “Оберон” базарлары боюнча административдик жана шаардык соттун чечимине каршы Жогорку сотко кассациялык арыз жазды. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.
Маалыматта айтылгандай, ишкер айым бул иш боюнча Конституциялык сотко жана эл аралык сотторго дагы кайрыларын айткан.
Эске салсак, 28-октябрда мэриянын өкүлү Темирлан Камчыбеков Бишкек шаарынын мэриясынын 23-октябрдагы № 213-214 токтому менен “Дордой” жана Орто-Сай базарларынан жалпы баасы 3,9 млрд сомду түзгөн 8 гектар жер муниципалдык мүлк департаментине өткөрүлүп берилгенин билдирген. Мындан улам “Дордой” жана “Орто-Сай” базарларындагы «Оберон» базарында иштеген ишкерлер нааразылык акциясына чыгышкан.
Мэриянын өкүлүнүн айтымында, мындан ары базарлар Бишкек муниципалдык базар болот, контейнерлер ордунда калат. Ал базарларда эч кандай жаңы курулуш болбой турганын, кийим базарлары өз ордунда калары, ишкерлер жаңы менчик ээси менен жаңы келишим түзүп иштей беришээрин кошумчалаган.
Андан кийин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) «Оберон-Дордой» жана «Оберон-Орто-Сай» базарларынын аймактары мамлекетке кайтарылганы тууралуу маалымат тараткан.
Мындан улам Бишкек шаардык кеңешинин мурдагы депутаты, шаардык кеңештин мурдагы төрайымы Нуржамал Байболова менчик мүлкү, «Оберон» базарынын тегерегиндеги окуяларга байланыштуу Фейсбук баракчасы аркылуу кайрылуу жасаган.
Сүрөт: Интернет булактары




