Индияда Чандипура вирусу катталып жатканы чындык (Фактчекинг)

Фейсбук социалдык тармагында Нурбек Айдаров аттуу колдонуучу news.kg сайтына жарыяланган Индияда коркунучтуу вирус тарап жаткандыгы тууралуу постту бөлүштү. Ал “Индиядан келген студенттерди өлкөгө киргизбей туруш керекпи? Мамлекет кандай чара көрөт экен” деп жазган.

Аталган пост news.kg’нин Инстаграм баракчасына 23-июлда бөлүшүлгөн. Анда Чандипура деп аталган аз изилденген вирус Гуджарат штатында тездик менен жайылып, 16 адам каза болгону айтылат. 

Постто бөлүшүлгөн сүрөттүн Чандипура вирусу менен байланышы жок. Бул сүрөт 2015-жылы ошол эле Индияда катталып турган “Денге” вирусу тууралуу жаңылыктарда байма-бай бөлүшүлгөн. 

Индияда Чандипура вирусу катталып жатканы чындык (Фактчекинг)

Вирус Индиянын айрым штаттарында катталып жаткандыгы чындык

Ал эми Чандипура вирусуна келсек, ал тууралуу маалыматты Индиянын жергиликтүү жаңылык сайттарынан издеп көрдүк. Вирус тууралуу жергиликтүү басылмалардагы маалымат бир жума мурун пайда болуп, ал жөнүндө The Hindu жана  Times of India өңдүү белгилүү басылмалар Гуджарат штатынын Саламаттыкты сактоо министрлигине таянып маалымат беришкен.

Маалыматка ылайык, 2024-жылдын 17-июлунда Пунадагы Улуттук вирусология институту (NIV), Гуджарат штатындагы төрт жашар кыздын Чандипура вирусунан улам каза болгонун тастыктаган. Вирус жуктурган деп шектелип каза болгондордун саны 15ке, оору катталгандардын саны 29га жеткени жазылып, кооптонуулар күчөгөн. Андан соң штаттын Саламаттыкты сактоо министри Рушикеш Патель аймакта профилактика иштери жүргүзүлүп, 50 миңден ашуун адам текшерүүдөн өтүп, вируска шектүү учурлардын үлгүлөрү Улуттук вирусология институтуна жөнөтүлөрү тууралуу кабар берген.

Ошондой эле вирус жуктурган деп шектелип каза болгондор Раджастхан жана Мадхья-Прадеш штаттарында аз санда бар экенин айтылат.

Маалымат агенттиктеринен сырткары, вирус тууралуу Индиянын Саламаттыкты сактоо жана үй-бүлөнү коргоо министрлиги расмий пресс-релизи бар.

Ал “2024-жылдын июнь айынын башынан бери Гуджаратта 15 жашка чейинки балдарда курч энцефалит синдрому (AES) катталган. 2024-жылдын 20-июлуна карата  жалпы 78 учур катталса, анын ичинен 75и Гуджарат аймагындагы райондон/корпорациялардан, 2си Раджастхандан жана 1и Мадхья-Прадештен. Анын ичинен 28 учур өлүм менен аяктаган” деген маалыматты камтыйт. 

Ошондой эле Саламаттыкты сактоо жана үй-бүлөнү коргоо министрлиги Гуджарат, Ражастан жана Мадхья-Прадеш штаттарына жардам көрсөтүү жана жагдайды изилдөө үчүн Ооруларды көзөмөлдөө боюнча улуттук борбордун (NCDC), Индиянын медициналык изилдөөлөр кеңешинин (ICMR) жана Мал чарба жана сүт чарба бөлүмүнүн (DAHD) өкүлдөрү барарын кабарлаган.

Азыркы учурда изилдөө иштери тууралуу гана сөз болуп, вирус менен байланышкан атайын кырдаалдардын киргизилиши тууралуу расмий билдирүүлөр бериле элек.

Чандипура вирусу тууралуу

Чандипура вирусу биринчи жолу 1965-жылы Индиянын Нагпур шаарынан алыс эмес кыштакта катталган. АКШнын Улуттук медицина китепканасындагы материалдарда вируска төмөндөгүдөй мүнөздөмө берилген:

“Chandipur вирусу (CHPV), Rhabdoviridae үй-бүлөсүндө Vesiculovirus тукумуна таандык арбовирус болуп эсептелет. Оору температуранын көтөрүлүшү менен мүнөздөлөт, андан кийин конвульсиялар, аң-сезиминин өзгөрүшү, ич өтүү жана кусуу симптомдору менен коштолуп, өтүшүп кеткен учурда өлүм менен аякташы мүмкүн.”

Ошондой эле материалда вирус Индияда 2003-2004-жылдары кескин тарап, жалпысынан 322 баланын өлүмү катталганы айтылат. Бул эң олуттуу кесепеттерге алып келген учур болгон. Андан соң  вирус мезгил-мезгили менен Индиянын ар кайсы штаттарында кайталанып турган.

Мындай кайталануу вирусту жуктуруучу чиркейлердин популяциясынын жогорулашы менен түшүндүрүлөт. 

Вирус тууралуу  Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму эмне дейт?

Чандипура вирусу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун атайын чара көрүлүүчү вирустарынын катарына кирбейт. Бирок 2017-жылы уюмдун комитети келечекте эпидемиялык кырдаал жаратуусу мүмкүн болгон ооруларды аныктап жатып анализ тизмегинин экинчи топтомуна Чандипура вирусун да киргизген.

Индияда Чандипура вирусу катталып жатканы чындык (Фактчекинг)

Бирок анализдин жыйынтыгында Чандипура  Bwamba, Майаро ж.б вирустар алар тууралуу жеткиликтүү түшүнүктөрдүн жоктугунан улам артыкчылыктуу ооруулардын тизмегине бекитилген эмес. Бул вирустар үчүн фундаменталдуу изилдөөлөрдүн жүргүзүлүшү маанилүү деп табылган. 

Учурдагы Чандипура вирусунун күчөшү жана өлүмдүн санынын көбөйүшү кооптонууларды жаратып жатканы чындык. Бирок бул вирустун мезгилдүү кайталануулары жана башка вирустардын катталып турушу Индияда жаңылык эмес. Алсак, потенциалдуу коркунуч жаратуусу мүмкүн деп эсептеген тизмеге кирген Нипах жана Зика вирустары пайда кылган оорулар өлкөдө катталып турат.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун малыматына ылайык, Индияда Нипах вирусу 2023-жылдын сентябрь айына чейин 1288 адамдан аныкталган. Ал эми Зика вирусу 70 адамдан аныкталып, эпидемияны алдын алуу чаралары жүргүзүлгөн.

Жыйынтык: Чандипура вирусунун Индияда катталып жатканы чындык. Бирок ага байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыялана элек.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты