ИИМ: «Милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда»

  • 2 года мурун

Баткен облусунда абал боюнча милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

Баткен облус аймагында ички иштер органдарынын кызматкерлери жана ИИМдин Ички аскерлеринин 707 аскер бөлүгүнүн аскер кызматчылары  күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Баткен районунун жана Лейлек районунун аймактарында болгон окуяга байланыштуу чектешкен аймактарда ИИОнун кызматкерлеринен түзүлгөн кайгуулдар күнү-түнү иш алып барууда. Ал эми жергиликтүү тургундар арасында милиция кызматкерлери чагымчыл аракеттерге жол бербөө, кылмыштуулуктун алдын алуу, боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. 

Азыркы убакта абал чыңалуу бойдон калууда. Милиция кызматкерлери коопсуздукту сактоо максатында иш алып барууда.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 16-сентябрда тажик тарап ок атышууну баштаганын билдирген. Бүгүн саат 12:37де тажик тарап Чоң-Алай районунун айылдарындагы кыргыз чек арачыларын көздөй ок атты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты