HRW кыргыз өкмөтүн майыптыгы бар кыз-келиндерди зомбулуктан коргоого чакырды

  • 5 месяцев мурун

Эл аралык Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму Кыргызстанда майыптыгы бар кыз-келиндер үй-бүлөдө кабылган зомбулук тууралуу баяндама жарыялады.

Укук коргоочулар жакындарынын жаман мамилесине туш болгон, кароосуз калган, зордукталган аялдардын жагдайына көңүл бурушкан.

Баяндамада үй-бүлө мүчөлөрү же өнөктөштөрү майыптыгы бар аялдарга кордук көрсөткөн учурлар көз жаздымда калып жатканы, убактылуу баш калкалоочу жайларда алар үчүн шарттын жоктугу айтылат.

Уюмдун Борбор Азия боюнча изилдөөчүсү Сыйнат Султаналиеванын белгилешинче, Кыргызстандын мыйзамдарында майыптыгы бар аялдар менен кыздардын өзгөчө муктаждыктары эске алынган эмес.

Уюмдун адистери акыркы жылдары өкмөт үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүүгө жана майыптыгы бар адамдардын укуктарын коргоого аракет көрүп жатканын, мындан ары майыптыгы бар кыз-келиндерди зордук-зомбулуктан коргоого да көбүрөөк көңүл буруу зарылдыгын белгилешүүдө.

HRW Кыргызстандын бийлигин тиешелүү мыйзамдарды БУУнун майыптыгы бар кишилердин укуктары жөнүндө конвенциясына жана аялдарга карата дискриминациянын бардык түрлөрүн жоюу тууралуу конвенцияга шайкеш келтирүүгө чакырды https://toneto.net/news/krasota-zdorove-sport/kak-bystro-snyat-bol-v-nogakh-pri-varikoze.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, 2023-жылдын январынан октябрына чейин Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулуктун 10 416 учуру катталып, алардын 95,7% аялдар жабыркаган.

Мекеменин эсебинде, өлкөдө өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу үй-бүлөлүк зомбулук 23,7% өскөн.

Аталган эл аралык уюм Кыргызстандын өкмөтүн үй-бүлөлүк зордук-зомбулук көйгөйүнө өзгөчө көңүл бурууга бир нече жолу үндөгөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты