Хельсинки комиссиясы журналисттердин камалышына байланыштуу кыргыз бийлигине кайрылды

  • 6 месяцев мурун

Кыргызстанда 11 журналисттин кармалышы жана 24.kg маалымат агенттигинин кеңсесинде тинтүү жүрүп, кылмыш ишинин козголушуна байланыштуу АКШдагы Хельсинки комиссиясынын төрагасынын өкүлү Жо Уилсон жана Кошмо Штаттардын сенатору Бен Кардин тынчсыздануусун билдирди.

Биргелешкен билдирүүдө комиссиянын өкүлдөрү журналисттердин кармалышын жана алардын үйүнүн, редакциянын кеңсесинин тинтүүгө алынышын айыптай турганын белгилеп, кыргыз бийлигин “сөз эркиндигине жасалып жаткан басымды токтотууга” чакырышкан.

“Кыргыз бийлигинин жасаган аракеттери, анын ичинен 24.kg редакциясынын кеңсесин тинткени жана андагы мүлктү камакка алганы, журналисттерди бүдөмүк жана ойдон токулган айып менен кармаганы терең тынчсызданууну жаратат. 24.kg агенттигине ачык-айкын далилдер жок туруп, “согушту пропагандалоо” беренеси менен айып тагуу сөз эркиндигине түздөн-түз коркунуч келтирет”, — деп айтылат биргелешкен кайрылууда.

Билдирүүдө «мындай көрүнүштөр соңку эки жылда Кыргызстанда сөз эркиндиги кескин начарлап кеткенинен кабар бере турганын» да айтылган. Ошондой эле эркин журналисттерге тилектештик билдирип, кыргыз бийлигин козголгон кылмыш иштерин токтотууга, камалган журналисттерди бошотууга жана өлкөдөгү сөз эркиндигин коргоого чакырышкан.

Эске салсак, 16-январда милиция “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча медианын” жана “ПолитКлиника” басылмасынын кызматкерлерин кармап кеткен.

Ички иштер министрлиги алар Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин («Массалык тартипсиздиктер») 3-бөлүмү («Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык тартипсиздиктерге чакыруу, ошондой эле жарандарды зомбулукка чакыруу») менен козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалышканын билдирген.

17-январда, мурда 48 саатка деп кармалган журналисттер, редакция кызматкерлеринин баары эки айга Бишкектеги СИЗО-1 ге камакка алынды. Мындай чечимди Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту чыгарды.

Кармалган 11 журналисттин баарынын үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн. ИИМ айыпталуучулардын жашаган жерин тинтүү учурунда документтер, уюлдук телефондор, фотораппараттар, ноутбуктар, компьютерлер, планшеттер, техникалык жабдуулар жана банктык карталар табылгандыгын билдирди. Жалпысынан 162 буюм алынгандыгы маалымдалды.

Кармалгандар аларга коюлуп жаткан айыпка макул эместигин билдирүүдө.

Ал эми 15-январь күнү УКМКнын кызматкерлери 24.kg басылмасынын имаратында тинтүү жүргүзүп, басылманын техникаларын алып кетишкен. Ал эми 24.kg маалымат агенттигинин башкы директору Асел Оторбаева жана редакторлору Махинур Ниязова, Антон Лымарь Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде төрт сааттай сурак берип чыгышкан. Ниязова менен Оторбаева 17-январь күнү экинчи ирет суракка киришкен.

Кийинчерээк медиага карата «согушту пропагандалоо» деген 497-берене боюнча кылмыш иши козголгону маалым болгон.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты