Грузиянын парламенти мурдагы футбол оюнчусун президенттикке шайлады
- 2 года мурун
Курамына 300 шайлоочу кирген Грузиянын шайлоо коллегиясы 53 жаштагы Михаил Кавелашвилини өлкөнүн президенти кылып шайлады. Мурдагы футбол оюнчусу болгон Кавелашвили — «Элдик күч» партиясынын мүчөсү, аны президентикке бийликтеги “Грузин кыялы” партиясы көрсөткөн. Бул тууралуу BBCнин орус кызматы жазды.
Маалыматта айтылгандай, Грузияда биринчи жолу өлкө башчы калк тарабынан добуш берүү менен эмес, курамына 300 шайлоочу кирген шайлоо коллегиясы тарабынан 224 добуш менен шайланды. Шайлоо парламенттин имаратында өтүп, сырттагы каршылык акциясы менен коштолду.
«Бюллетенде бир гана талапкер болгон, ал – Михаил Кавелашвили»,- деп жазды BBC. Бул шайлоону Грузиянын оппозициясы да, учурдагы президенти Саломе Зурабишвили да тааныган эмес.
Михаил Кавелашвили — футбол боюнча Орусиянын чемпиону жана Грузиянын алты жолку чемпиону; 2016-жылдан бери “Грузин кыялынан” депутат болгон, ал эми 2022-жылы бийликтеги партиядан бөлүнгөн “Эл бийлиги” партиясын жетектеген. Дал ушул партиянын депутаттары Грузиянын чет элдик агенттер жөнүндөгү мыйзамын кароону демилгелеген.
Эске салсак, 26-октябрда Грузияда парламенттик шайлоо болуп өткөн. Шайлоонун жыйынтыгында «орусиячыл» деп аталган “Грузин кыялы” партиясы шайлоочулардын 53,9% добушун алган. Бул калктын массалык каршылык акциясына чыгышына алып келген. Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили басма сөз жыйынын өткөрүп, өлкөдөгү парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын тааныбай турганын билдирген.
Парламентке дагы төрт оппозициялык партия өткөн эле. Алар да парламенттик шайлоонун жыйынтыгы менен макул эместигин билдиришкен.
Сүрөт: интернет булактары, сүрөттө Михаил Кавелашвилини




