Грузия: Элдик толкундоолордон кийин чет элдик агенттер тууралуу мыйзам долбоору артка кайтарылды

  • 1 год мурун

Грузияда элдик толкундоолордон кийин Чет элдик агенттер тууралуу мыйзам долбоору артка кайтарылды.

Кечээ, 8-мартта, кечинде кырдаал оорлошуп кеткен. “Чет элдик агенттер тууралуу” мыйзам долбоорун Грузиянын парламенти биринчи  окууда жактырган.  Миңдеген катышуучулар каршылык акциясы адегенде тынч өтүп жаткан. Кырдаал катышуучулардын бир бөлүгү парламент имаратынын тегерегине келгенде курчуган.

Социалдык түйүндөрдө каршылык акциясынын катышуучуларынын айрымдары парламент имаратынын терезелерин сындырууга аракет кылган, ал эми полиция менен спецназ аларга суу чачып, жарык жана чуу салган граната, көздөн жаш чыгаруучу газ колдонгон.    

Андан кийин спецназ каршылык акциясынын катышуучуларын аянттан жана ага жакын жайгашкан көчөлөрдөн кууп чыгарган. Полиция менен спезназдын саны көп экенин көргөндөр маалымдашкан.

Грузиянын ЖМКсы көргөндөрдүн айткандарына таянып, газдан, түтүндөн жана түртүшүүдөн жабыр тарткан адамдар көп экенин жазышты деп билдирди Би-Би-Синин орус кызматы. .  

Буга чейин Грузиядагы “Элдин үнү” кыймылы демилгелеген мыйзам долбооруна 400гө жакын өкмөттүк эмес уюм жана жалпыга маалымдоо каражаттары каршы болгон.  

Мыйзам долбооруна ылайык, чет жактан каржыланган өкмөттүк эмес уюмдар жана жалпыга маалымдоо каражаттары “чет элдик таасирдеги агенттер” катары катталышы керек.  

Демилгечи топ Rondeli Foundation —Грузиядагы стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр Фондунун сайтына жарыяланган петицияга кол коюшууда.

Укук коргоочулар жана медиа уюмдар бул демилгени “орусиялык мыйзам долбоору” катары эсептеп, ал Грузиянын жарандарына каршы багытталганын белгилеп жатышат.  

“Биз, Грузия эли, парламенттеги көпчүлүк тарабынан демилгеленип, төрага жана башка депутаттар колдогон мыйзам долбооруна каршыбыз. Орусиялык бул мыйзам долбоорун кабыл алуу аракети көз карандысыз жарандык коомго жана сынчыл маанайдагы жалпыга маалымдоо каражаттарына гана эмес. Грузия элине каршы урулган сокку болуп эсептелет” деп айтылат петицияда.  

Орусияда ушундай мыйзам киргизилгенден кийин, көптөгөн уюмдар ишин токтотууга аргасыз болушкан. Ал эми иштеп калгандары көзөмөлдүн күчөгөнүн, аңдуу жана репрессиялар күчөгөн кырдаалга туш келишкен.  Бул Грузия көп жылдары күрөшкөн башкаруу түрү эмес, Орусиянын мыйзамы Грузия жарандары көздөгөн максат эместиги айтылат.

Бул Грузиянын Европа биримдигине кирүүсүнө да тоскоолдук келтирип, Грузиянын миңдеген жарандарына сан жеткис тоскоолдуктарды алып келээри петицияда айтылат.

Сүрөт: NETGAZETI.GE

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты