Google орусиялык YouTube-блогерлер үчүн монетизацияны өчүрдү

  • 1 месяц мурун

Ири жарнама түйүнү эсептелген Google AdSense Орусиядагы ишин токтотту.

Бул тууралуу Cnews басылмасы Google компаниясынын расмий катына таянып кабарлады.

Катта жайгашкан өлкөсү катары Орусия көрсөтүлгөн бардык аккаунттар өчүрүлө турганы көрсөтүлгөн. Бул мындай аккаунттар аркылуу монетизациядан киреше алууга болбой калат дегенди билдирет.

CNews белгилегендей, AdSense’тин Орусиядан кетиши – YouTube-блогерлерге гана эмес, башка сайттарга да таасир этет. Эми AdSense аркылуу жарнамалар жайгаштырылып келген Орусиядагы сайттардын ээлери да кирешесиз калышат.

2022-жылы Орусия Украинада толук масштабдуу согуш баштагандан кийин YouTube орусиялык колдонуучулар үчүн монетизацияны толугу менен өчүрүп салган. Бирок AdSense Орусиядагы блогерлерге контексттик жарнамадан акча табууга мүмкүндүк берип келген.

Сүрөт: Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты