Германиянын Майндагы Ингельхайм шаарында Кыргызстанга арналган кече өткөрүлдү. Мерген Турган ырдады

6-июлда Германиянын Рейнланд-Пфальц аймагынын Майндагы Ингельхайм шаарында Кыргызстандын кечеси уюштурулду.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чара Кыргызстандын Германиядагы элчилигинин колдоосу менен кыргызстандыктардын «Kyrgyz Rhein Main Verein e.V» диаспоралык уюму жана Майндагы Ингельхайм шаарынын мэриясы тарабынан демилгеленип, өткөрүлдү.

Анын жүрүшүндө Кыргызстандын маданий байлыктары, туристтик мүмкүнчүлүктөрү, өлкө жөнүндө видеороликтер көрсөтүлүп, сувенирлер көргөзмөгө коюлду.

Кеченин коноктору үчүн улуттук тамак-аш тартууланып, элдик бийлер, улуттук музыкалык аспаптардын коштоосунда чыгармалар, сынактар өткөрүлүп, белгилүү эстрада ырчысы Мерген Тургандын аткаруусунда кыргыз ырлары жаңырды.

Өз кезегинде иш-чараны демилгелөөгө жана ийгиликтүү өткөрүүгө кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчилиги кыргызстандыктардын “Kyrgyz Rhein Main Verein e.V” уюмунун жетекчилерине жана мүчөлөрүнө, ошондой эле Майндагы Ингельхайм шаарынын мэриясынын көп түрдүүлүк жана тең мүмкүнчүлүктөр бөлүмүнүн башчысы доктор Доминик Хиллебертке ыраазычылык билдирет.

Германиянын Майндагы Ингельхайм шаарында Кыргызстанга арналган кече өткөрүлдү. Мерген Турган ырдады
Германиянын Майндагы Ингельхайм шаарында Кыргызстанга арналган кече өткөрүлдү. Мерген Турган ырдады
Германиянын Майндагы Ингельхайм шаарында Кыргызстанга арналган кече өткөрүлдү. Мерген Турган ырдады
Германиянын Майндагы Ингельхайм шаарында Кыргызстанга арналган кече өткөрүлдү. Мерген Турган ырдады
Германиянын Майндагы Ингельхайм шаарында Кыргызстанга арналган кече өткөрүлдү. Мерген Турган ырдады
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты