Гүлшат Асылбаеванын “фейк” мыйзамын комитет өзгөрттү, эми парламенттин колунда

Гүлшат Асылбаеванын “фейк” мыйзамын комитет өзгөрттү, эми парламенттин колунда

16-майда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитети «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоорун жактырды. 

Чуулгандуу мыйзамдын пайда болушу

«Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзам алгач Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаттары Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова тарабынан “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” деген ат менен сунушталган. Бир топ юристтер жана активисттер бул мыйзам Кыргызстандагы сөз эркиндигин чектей турганын айтып бир катар нааразчылык акцияларын уюштурушкан. Мындан улам ошол учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков мыйзамды кабыл албай артка кайтарган. 

Бирок 2020-жылы октябрь окуясынан кийин парламентте мыйзам долбоорун талкуулоо маселеси кайрадан көтөрүлгөн. Мыйзам долбоору «Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө» деп өзгөртүлгөн. 

Гүлшат Асылбаеванын “фейк” мыйзамын комитет өзгөрттү, эми парламенттин колунда

Мыйзам 2021-жылы бир топ талаш-тартыштардан кийин кабыл алынган. Бул мыйзамга ылайык, доосу бар тарап ЖМКга “фейк” маалымат жарыялаганын айтып арызданса, ал сайт соттун чечимисиз эле бөгөттөлөрү көрсөтүлгөн. Мыйзамды аткаруу милдети Маданият министрлигине берилген.

Ага укук коргоочулар, юристтер жана жарандык коом каршы чыкты. Мыйзам долбоору катуу сынга кабылган. Юристтер ал жарандардын сөз эркиндигине болгон конституциялык укуктарын одоно бузуп, интернетте мамлекеттик цензураны орнотуп жатканын бай-бай айтып турушту. 

Гүлшат Асылбаева жазган мыйзамда бир топ көйгөйлөр жаралган үчүн Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын депутаттары Жанарбек Акаев, Адахан Мадумаров, Элмурза Сатыбалдиев , Гуля Кожокулова, Дастан Бекешев, Сеид Атамбаев жана Чыңгыз Айдарбеков тарабынан мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталды. 

Мыйзам долбоорунда кандай өзгөртүүлөр сунушталууда?

 «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоорунун демилгечиси Жанарбек Акаев комитет жыйынында баяндама жасап жатып, кыргыз-тажик окуяларында көз карандысыз медиалардын салымы чоң болгонун айтты. Ошону менен катар эле ал буга чейинки мыйзамда бир топ көйгөйлөр жаралганын белгиледи. 

Гүлшат Асылбаеванын “фейк” мыйзамын комитет өзгөрттү, эми парламенттин колунда

Баш мыйзамдын 10-беренесинде Кыргыз Республикасында цензурага жол берилбейт жалпыга маалымдоо каражаттары эркин жана мыйзамга ылайык жүзөгө ашырат деп жазылып турат. Өзүңүздөр билгендей, акыркы кыргыз-тажик чек ара окуяларында жана башкада көз карандысыз медиалардын, блогерлердин эмгеги абдан чоң болду. Мамлекеттик медиаларга кошумча чоң эбегейсиз жардамдарды беришти. Бирок азыркы күндө мурдагы чакырылышта кабыл алган мыйзамга ылайык, бир топ көйгөйлөр жаралды. 

Биз сунуштап жаткан мыйзам долбоорунда эгерде кандайдыр бир маалымат каражатына бирөө нааразы болуп кат жазса, Маданият министрлигинин алдындагы эксперттик топ өздөрү эле жаап, бөгөттөп коюп жатышат. Маданият министрлигиндеги эксперттер эч кандай соттун чечими жок эле массалык маалымат каражаттарынын жүйөсүн укпай туруп, дароо чечим кабыл алып, ошол күндөн баштап сайттар бөгөттөлүп жатат. Бул абдан чоң тынчсызданууну жаратат. Биринчиден, “маалыматты сайттан алып сал, бул маалымат жалган, менин аброюма шек келтирип жатат” дегенди арыз ээси фактылар менен далилдеп бериш керек. Ушул өзгөртүүнү киргизип жатабыз”, — деди Жанарбек Акаев.

Буга чейин медиага каршы арызданган тарапта ошол материалды 24 саат ичинде алдыртып салуу, болбосо ошол сайтты ыкчам бөгөттөп, жаптыруу мүмкүнчүлүгү бар болчу. Азыр сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда «24 сааттын ичинде» деген жери алып салуу каралган.  

Маалымат каражаттарынын жетекчилерине мүмкүнчүлүк берилиши керек. Ал аймактарда жүрсө арыз менен таанышышы керек да”, — деди Акаев.

Мыйзам кабыл алынгандан тарта үч сайт бөгөттөлдү

Жогорку Кеңештин аталган комитетинин жыйынында, Маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу мыйзам социалдык тармактарга каршы иштебей турганын мойнуна алды: 

Жыйынтыгында үч интернет сайтынын ишин эки айга токтотуу жөнүндө чечим чыгарылды. “Республика” сайтын соттун чечиминин негизинде жаптык. Ал жерде соттун чечими бар болчу. 24.kg’ни бир күнгө жапканга туура келген. Анткени алар арыз ээси менен сүйлөшүп, маалыматты төгүндөгөнү үчүн чечимди кайра артка кайтарып алдык. Үчүнчүсү “Азаттык” боюнча соттук процесс жүрүп жатат. Бир кайрылуу арыз ээси тарабынан кайтарылып алынган, социалдык тармактар боюнча жети арыз кароосуз калтырылды. Социалдык тармактардагы баракчаларды жаба албайбыз. Дагы жети арыз толук эместигинен кайра кайтарылды. Беш сайт өздөрүнүн иштери туура эмес болгондуктан, маалыматты өчүрүп коюшту. Азыркы учурда бир арызды каралып жатат”, — деди Чыңгыз Эсенгул уулу.

Маданият министрлиги мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү буга чейин дагы суранып келген. 

“Азаттык” медиасынын сайты азыркы күнгө чейин Кыргызстандын аймагында иштебей турат. Мындан сырткары, “ПолитКлиника” медиасынын сайтын жабууга дагы эки жолу аракет болгон. Юристтер аталган мыйзам цензура үчүн гана иштеп жатканын айтып келишет. 

Депутаттар: Мыйзам иштебей жатат

Демилгечи депутаттардын бири Гуля Кожокулова азыркы редакцияга ылайык арыз бир тараптуу каралып жатканын айтты. Өзгөртүүлөр киргизилсе, арыз ээсинин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын да катышуусу менен караларын кошумчалады.

Ал эми  Бактыбек Сыдыков жалган маалымат тараткан маалымат каражаттарынын жоопкерчилигин күчөтүү маселесин көтөрүп, инсандын ар-намысына шек келтирген жалган маалыматтардын жайылышын жөнгө салуунун жолун табууну сунуштады.

Исхак Масалиев болсо аталган мыйзам иштебесе керекги жоктугун билдирди. “Азаттык” социалдык тармактарда маалымат берип жатат го” деген суроо узатты.

Маданият министринин орун басары социалдык тармактарда иштеп жатканын айтты. “Алар башка мамлекеттин юридикциясы болуп, башка жакта орун алгандыктан Кыргызстандын аймагында аларды бөгөттөөгө мүмкүнчүлүгүбүз жок”, — деп жооп берди.

Анда жараныбыз Орусияда же башка мамлекетте сайт ачып туруп бизге каалагандай маалымат берсе эч нерсе кыла албайт экенсиңер да?” — деп суроо берди.

Чыңгыз Эсенгул уулу Санариптештирүү министрлиги соттун чечими менен сайтты жаба аларын билдирди.

Исхак Масалиев: “Анда эмне кереги? Бул мыйзамдар иштебейт экен да. Колуңардан келбесе ачык эле айтпайсыңарбы, кандай мааниси бар”, — деп сөзүн жыйынтыктады.

Гүлшат Асылбаеванын “фейк” мыйзамын комитет өзгөрттү, эми парламенттин колунда

16-майда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынына катышкан “Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова “ПолитКлиника” медиасына мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр керек экендигин билдирди: 

Гүлшат Асылбаеванын “фейк” мыйзамын комитет өзгөрттү, эми парламенттин колунда

Мага комитеттеги талкуу жакты. Көп суроолор берилип, депутаттар тарабынан мыйзамды жакшыртуу каалоолору болду. Мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоордун демилгечилерине ыраазычылык билдирүү керек. Себеби Гүлшат Асылбаева жазган мыйзамы — мыйзамдуулуктун негизги принциптерин бузуп жаткан. Тараптардын теңдиги боюнча бузуулар болду. Бирөө укук бузуу кылса ага билдирүү берилиши керек. Асылбаева жазган мыйзам боюнча билдирүү бербестен, экинчи жакты укпастан сайтты жаап салат. Депутаттардын тобу бул мыйзамды — мыйзамдуулукка ылайыкташтырып жатышат. Фейктер менен мамлекет күрөшүшү керек, бирок мамлекет алар менен Конституциянын, мыйзамдын негизинде күрөшүсү шарт”, — дейт Чолпон Жакупова.

Алдыда «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоору эми Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинде каралат. Андан соң парламенттин жалпы жыйынына чыгат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты