Франциядагы орус телеканалынын жабылышы. УТРКнын журналисти Кыргызстандагы “сөз эркиндиги” түшүнүгүн бурмалаган (Фактчекинг)

Фейсбук социалдык тармагында УТРКнын журналисти Усубалы Каганат Орусиянын “Russia Today” телеканалынын Франциядагы бөлүмү жабылганын айтып, Кыргызстандагы сөз эркиндиги тууралуу сөз козгогон.

Сөз эркиндиги менен маалымат коопсуздугунун кандай жалпылыгы бар?

Ушул жылдын январь айында Russia Today’ге таандык француз тилдүү теленин жабылганы жалпыга маалым. 123 кызматкер, анын ичинде 77 журналист иши жок калды. Бизде сөз эркиндиги жок дегендер, бул нерсеге эмне дешет болду экен?”,- деп жазган ал. 

“ПолитКлиника” медиасы Усубалы Каганаттын айткандарын текшерип көрдү. 

Согуштун таасири, орусиялык телеканалдын жабылышы 

Russia Today (RT) каналынын француз тилиндеги веб-сайты 2015-жылы Москвада ачылган. 2017-жылдын декабрында Парижде телекөрсөтүү ачылып, орус өкмөтү тарабынан каржыланып келген. 

Бирок Европада, анын ичинде Францияда “RT телеканалы Кремлдин үгүт куралы жана туура эмес маалымат таратат” деп айыпталып келген. Бул тууралуу Франциянын президенти Эммануэль Макрон да айтып, каналдын обьективдүүлүгүн сынга алган. 

Орусия Украинанын аймагына басып киргенден кийин, 2022-жылдын 27-февралында Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Russia Today жана Sputnik Евробиримдиктин аймагында тыюу салынганын жарыялаган. 

Урсула фон дер Ляйен бул  орус пропагандасынын жайылтылышына каршы кадам экенин билдирген. 

“Биз Евробиримдикте Кремлдин медиа машинасына тыюу салабыз. Мамлекеттик Russia Today, Sputnik жана алардын туунду компаниялары мындан ары Путиндин согушун актоо үчүн өздөрүнүн калптарын тарата алышпайт”, — деп айткан. 

RT France телерадиокомпаниясы Евробиримдиктин Орусияга каршы санкцияларынын тогузунчу пакетинин алкагында болгон активдери тоңдурулгандан кийин иштей албастыгын расмий жарыялаган. Бул тууралуу уюмдун  башкы маалымат кызматкери Ксения Федорова Твиттердеги баракчасында билдирген. 

Франциядагы орус телеканалынын жабылышы. УТРКнын журналисти Кыргызстандагы “сөз эркиндиги” түшүнүгүн бурмалаган (Фактчекинг)

Ксения Федорова Евробиримдиктин бул кадамын “куугунтук” деп баалап, беш жылдан кийин ЕБ өз максатына жетип жатканын баса белгилеген.

Бирок RT Франциянын журналисттери орус-украин согушу башталганда Орусиянын агрессиясын “атайын аскердик операция” деп атаганы жана согушту башка өңүттөн берүүгө аракет кылганы маалым болгон. 

Франциядагы орус телеканалынын жабылышы. УТРКнын журналисти Кыргызстандагы “сөз эркиндиги” түшүнүгүн бурмалаган (Фактчекинг)

Télérama сайтынын журналисти Оливье Тескет RT’нын маалыматтарын анализдеп, өзгөчө орус-украин согушу башталганда RT телеканалында бир жактуу маалыматтар берилгенин жана эксперттер тандалма болгонун билдирген

“Кремлдин тилинин элементтерин сөзмө-сөз кайталаган бир-эки конок ар дайым болгон. Мисалы, алар Украинада карапайым калкка сокку урулган эмес деп айтышкан. Андан соң телеканалдын Москвадагы кабарчылары аларды колдогон билдирүүлөрдү таратышат”, — деп айткан.

Франция Евробиримдиктеги башка өлкөлөр сыяктуу Орусия 2022-жылы 24-февралда Украинанын аймагына басып киргенден тартып бул кадамды “аскердик операция” эмес, “согуштук аракеттер” деп баалаган.  

БУУнун 1981-жылы кабыл алган уставынын 3-бөлүгүнө ылайык (d), мамлекеттер өз аймагынын бүтүндүгүн коргоо жана тынчтыкты сактоо үчүн бурмаланган же жалган маалыматтарга каршы чараларды көрүүсү керек. 

Башкача айтканда, БУУнун уставына ылайык, RTнын Франциядагы телерадиокомпаниясынын жабылышына жана санкцияларга кирүүсүнө согуштун кесепеттери таасир берген.

Кыргызстандын практикасы 

22-мартта azattyk.kg сайты “Кыргыз соцмедиасына оогон орус пропагандасы” аталышындагы материал жарыялаган. Анда Кыргызстандагы AКИpress маалымат агенттиги Кремлдин пропагандалык видеолорун көрсөтүп жатканы айтылган.

Чынында, мындай көрүнүштөр Кыргызстандын интернет сегментинде жайылтылган көрүнүш экенин “ПолитКлиника” медиасы да бир канча жолу далилдеп берген.

Кыргызстанда көпчүлүк учурда мындай маалыматтарды Кремлдин саясатын колдогон StanRadar, “Вечерний Бишкек”, PolitRus сыяктуу сайттар тарабынан жайылтылат. 

Ал эми УТРКнын журналисти Усубалы Каганат сөз кылган sputnik.kg сайты буга чейин маалыматтарды бурмалап бергени үчүн сынга кабылган. Мисалы FactCheck.kg жүргүзгөн анализге ылайык,  2022-жылы сентябрь айында болгон Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы кандуу кагылышууда “Спутник Кыргызстан” жана “Спутник Тажикстан” абалды курчутууга багытталган материалдарды жарыялашкан.

Ошондой эле cabar.asia сайтынын билдирүүсүнө ылайык, Кыргызстандагы Орусияга баш ийген ЖМКлар, анын ичинде sputnik.kg орус-украин согушун RT сыяктуу эле “атайын аскердик операция” деп атап, кырдаалды Орусия тараптан берүүгө аракет кылат. 

Франциядагы орус телеканалынын жабылышы. УТРКнын журналисти Кыргызстандагы “сөз эркиндиги” түшүнүгүн бурмалаган (Фактчекинг)

Бул тараптан алганда журналист Усубалы Каганат белгилегендей, RT менен sputnik.kg’нин максаттары окшош.

Бирок бул Кыргызстандагы сөз эркиндиги жана медиалардын эркин экенин далилдебейт. 

Сөз эркиндиги жана көрсөткүчтөр 

Кыргызстанда 2021-жылы бийлик алмашкандан кийин көз карандысыз медиаларга жана журналисттерге болгон кысымдар күч алганы белгилүү болгон. 

Анын ичинде журналисттерге болгон чабуулдар, камоолор жана сөз эркиндигине коркунуч жараткан мыйзам долбоорлору бар. 

Франциядагы орус телеканалынын жабылышы. УТРКнын журналисти Кыргызстандагы “сөз эркиндиги” түшүнүгүн бурмалаган (Фактчекинг)

Буга чейин бир катар уюмдар Кыргызстандагы сөз эркиндиги жана көз карандысыз медиаларга болгон басымдын күчөшү тууралуу тынчсызданууларын билдиришкен.

Жыйынтык:  Мамлекеттик каналдын журналисти Кыргызстандагы “сөз эркиндиги” түшүнүгүн бурмалаган. Кыргызстандагы орусиялык ЖМКлардын эркин иштөөсү жана маалымат жайылтуусу сөз эркиндигинин көрсөткүчү эмес. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты