Фейсбукта Орунбековду актаган, Мамыркулованы каралаган фейк аккаунттар (Фактчекинг)

Социалдык тармактарда Дайырбек Орунбековдун кыргызстандыктарды күнөөлөгөн билдирүүсүнө реакция жасаган журналист Канышай Мамыркулованы каралоо өнөктүгү башталды. Мамыркулова тууралуу окшош эле мазмундагы билдирүүлөрдү Фейсбуктагы айрым  аккаунттар активдүү бөлүшүп жатат. 

“ПолитКлиника” медиасы бул аккаунттарды анализдеп көрдү. 

24-июлда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде чек арага канатташ аймактардын тургундары ортосунда чыр-чатак чыккан. Бул окуяга байланыштуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Фейсбукта кыргызстандыктарды күнөөлөгөн билдирүү жазган.

Фейсбукта Орунбековду актаган, Мамыркулованы каралаган фейк аккаунттар (Фактчекинг)

Кечки саат 18:30 чамасында Баткен районунун Аксай айылында инцидент катталды.

Ворух тараптан Аксай айылы аркылуу 9 машина (ЗАГС) келе жатышкан, ошол учурда Кыргызстандын жараны Аксай айылынын тургуну мас абалында тажик машинасын токтотуп, таш менен уруп айнектерин сындырып салган. Тажиктер машинадан түшө калып биздин 3 жаранды сабап салышкан.

Жолугушуу болду. Күнөлүүлөр боюнча териштирүү болот. Учурда кырдаал тынч, жол ачык. Жолду милиция кызматкерлери менен күчөтүлдү”, — деп жазган Орунбеков. 

Бирок ал жазган постун көп өтпөй кайра өчүрүп салган. 

“ПолитКлиника” медиасы Дайыр Орунбековдун билдирүүсү Тажикстандын чек ара кызматынын билдирүүсүнө окшош экенин аныктаган. Кийинчерээк мас абалында болчу делген жаран өзү окуянын чоо-жайын түшүндүрүп, Орунбековдун сөздөрүн төгүндөгөн. 

Ошол эле 25-июль күнү Фейсбуктун айрым колдонуучулары Орунбековду колдоо үчүн окуянын видеосу менен бөлүшө башташкан. Алар кыргыз жараны чын эле мас абалында болгонун, жөн эле өтүп бара жаткан тажиктердин жолун тороп, таш ыргытканын жазышып, күнөөнү моюнга алууну билиш керек дешкен. Ал эми Орунбековду сындап чыккандарды “элди козутуп жатасыңар” деп айыпташкан. 

Фейсбукта Орунбековду актаган, Мамыркулованы каралаган фейк аккаунттар (Фактчекинг)
Фейсбукта Орунбековду актаган, Мамыркулованы каралаган фейк аккаунттар (Фактчекинг)

Фейк жана троллдордун чабуулу

Дайырбек Орунбеков кайсы маалыматка таянып жогорудагыдай билдирүү таратканы жана эмнеге аны кайра өчүрүп салганы тууралуу бүгүнкү күнгө чейин комментарий бере элек. 

Журналист Канышай Мамыркулова окуя болгон күндөн, тагыраагы, 25-июлдан тартып бул маселе боюнча пикирин активдүү билдирип келет. Ал Орунбековдун билдирүүсүн кескин сындап, элден кечирим сурап жана кызматын тапшырып берүүсүн талап кылган. 

1-августта Фейсбукта Канышай Мамыркулованы каралоо аракеттери башталды. Фейк болуу ыктымалдуулугу жогору же фейк экени буга чейин аныкталган аккаунттар бирдей мазмундагы билдирүүлөрдү бөлүшүп жатышат.

Алар бир эле билдирүүнү бир аз өзгөртүп же өзгөртпөй деле түрдүү тайпаларга таратышкан.

Орунбековду колдоп, Мамыркулованы каралоо аракетине активдүү катышкан аккаунттар кимдер? 

Гулнура Эрмекова

Өзүн “Гулнура Эрмекова” деп атаган аккаунт 25-июлда чек арадагы окуянын видеосун бөлүшүп, анда кыргызстандык жаранды айыптаган. Ал эми 1-августта саат 11лерде жеке баракчасына жана түрдүү тайпаларга Канышай Мамыркулованы каралаган билдирүүнү бөлүштү. 

“Гулнура Эрмекова” Фейсбуктагы активдүү фейк аккаунттардын бири. “Гулнура” баракчасындагы жеке маалыматтар бөлүмүндө 1968-жылы 13-январда төрөлгөм деп көрсөткөн. Бирок башкы бетинде 25 жашар кыздын сүрөтү турат. Туура, ал бул сүрөттү уурдап алган. “Гулнуранын” баракчасынын башкы бетинде турган сүрөт  2019-жылы “ВКонтакте” социалдык тармагындагы “Казакстандын сулуу адамдары” баракчасына жарыяланган. 

“Гулнура” оппозициячыл маанайдагы айрым саясатчыларга, активисттерге, көз карандысыз медиаларга жана журналисттерге негативдүү образ жаратуу менен алектенип келет. 

Сапар Назаров

“Сапар Назаров” аттуу аккаунт Канышай Мамыркулованы каралоо өнөктүгү башталган учурда “АКЫРКЫ МААЛЫМАТ” жана “ ТАКТАЛГАН МААЛЫМАТТАР” тайпаларына  Гулнура Эрмекова бөлүшкөн билдирүүгө мазмуну окшош билдирүү тараткан.

Бул аккаунт жеке барачасында көп активдүү болбогону менен, түрдүү тайпаларга белгилүү бир адамдарды каралаган билдирүүлөрдү жазып, таратат. 

Жогоруда көрүнгөндөй эле, ал баракчасынын башкы бетине активист Тилекмат Куреновдун сүрөтүн коюп алган. Аккаунттун ээсинин өздүгүн тастыктай турчу башка маалымат же сүрөт жок. 

Бул аккаунт ушул жылдын март айынан бери иштей баштаган. Анын негизги бутасы — Кыргызстандагы көз карандысыз медиалар, бейөкмөт уюмдар, эркин журналисттер.

Мурдагы акыйкатчы Атыр Абдрахматованы каралоо өнөктүгүнө дагы активдүү катышкан.  

Тилек Исмаилов

Фейсбуктагы дагы бир активдүү фейк аккаунттардын бири “Тилек Исмаилов”. Ал дагы Канышай Мамыркулова тууралуу жогорудагы фейк аккаунттар бөлүшкөн билдирүүнү 1-августта саат 13төр чамасында өзүнүн баракчасына жарыялап, андан соң түрдүү тайпаларга тараткан. 

 “Тилектин” баракчасынын башкы бетинде жүзү көрүнбөгөн жигиттин сүрөтү турат. Ал буга чейин бурятиялык Виталий Раднаевдин сүрөтүн колдонуп келген.

Бул аккаунтта Канышай Мамыркулованы каралаган жалгыз гана билдирүү бар.

Hatije Sulaymanova

“Hatije Sulaymanova” аттуу аккаунт дагы Мамыркулованы каралоо өнөктүгү башталган саатта окшош эле билдирүүнү өзүнүн баракчасына жана ондон ашык тайпага бөлүшкөн.

Өзүн “Hatije Sulaymanova” деп атаган бул баракчада өздүгүн тактыктай турчу видео же сүрөт жок. “Hatije” дагы башка аккаунттардай эле опозициячыл маанайдагы саясатчыларды, көз карандысыз медиаларды, активисттерди, эркин журналисттерди каралаган билдирүүлөрдү байма-бай бөлүшүп келет. 

Белгилей кетсек, ушул жылдын июнь айында “Чекит Медиа” платформасы “Президент фейктердин колдоосуна муктажбы?” деген аталыштагы иликтөөсүн жарыялаган. 

Анда Улуттук телерадио корпорациясындагы маалыматты социалдык медиа аркылуу жайылтуучу бөлүм менен бийликтин баскан-турганын мактап-жактаган жана оппозицияны, бейөкмөт уюмдарды, көз карандысыз маалымат каражаттарын каралаган фейктердин байланышы тууралуу баяндалган. Ошондой эле, иликтөөдө фейк фабриканын артында президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков турабы деген суроо да көтөрүлгөн. Иликтөөдө айтылгандарды Орунбеков, кийин УТРК дагы четке каккан.

Жыйынтык: Фейсбукта журналист Канышай Мамыркулованы фейк аккаунттар бир учурда жапырт каралоого алышканы чын. Алардын айрымдары буга чейин президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбековду актоого аракет кылган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты