Фейсбукта Кыргызстандын ар бир жаранына 5000 сом мамлекеттик жардам берилери тууралуу маалымат тарады. Текшеребиз

Фейсбукта “Кыргызстандын ар бир жараны үчүн 5000 сом мамлекеттик жардам” деген жарнама тарады. Анда “ABDULLAEV / INVESTMENT” деп аталган Телеграмм-каналга шилтеме көрсөтүлгөн.

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

“ABDULLAEV / INVESTMENT” Телеграм-каналы 2022-жылдын 4-майында түзүлгөн. Бул каналга киргенде эле “Акча таба баштоого убакыт келди”, “Мени менен бирге акча тап” деген билдирүүлөр чыгат.

Бул Телеграмм-каналда автор тууралуу эч бир маалымат жок. Бирок каналга жарыяланган айрым видеолордо сүйлөп жаткан адамдар “Рамазан Абдуллаев” деп кайрылышкан.

Автор өз каналында жардам алууну каалагандар баштапкы төлөм катары 5000 сом которуу керек экенин айтып, бул акчаны 70 000 сомго чейин көбөйтүп берүүнү убадалайт.

Мындан сырткары, каналдын ээси “кардарларынын” ыраазычылык каттарын жана видеолорун жүктөп турат.

Биз Телеграм-каналда көрсөтүлгөн шилтеме аркылуу өтүп, “Ramazan” аттуу аккаунт менен байланышып көрдүк. Бул Телеграм-канал менен “мамлекеттен жардам”  тууралуу байланышын сурап көрсөк, жооп берүүдөн баш тартты. Ага каналда айтылган сумманы бетме-бет жолугуп акчаны колуна берүүнү сунуштаганда, ал азыркы учурда  Санкт-Петербург шаарында экенин жана акчаны онлайн гана аларын айтты. Ошондой эле кесипкөй трейдердин сертификатын сураганда ал эч кандай брокер эместигин, жөн гана элдерге жардам берип жатканын айтты. Биз бул аккаунттан кандайдыр бир далил сурасак, далил катары ал Кудайдан коркорун жана беш убакыт намаз окурун айтты. Андан кийинки суроолорубузга жооп бербей, бизди Телеграмдан кара тизмеге киргизип, жазышуубузду өчүрүп салды.

Эсиңиздерге салсак, “ПолитКлиника” медиасы буга чейин президент Садыр Жапаровдун сүрөтүн колдонуп, “Мамлекеттен 50 миң сом жардам” деген фейк брокерди аныктап чыккан. Ал жарнамада деле ушуга окшош Телеграм-каналга шилтеме коюлуп, ал каналда мамлекеттен жардам тууралуу бир да сөз болгон эмес.

Ошондой эле “ПолитКлиника” медиасы мазмуну ушуга окшогон Телеграмдагы “Халяль”, “Ислам Кирешеси”, “Алия”, “Халяль Зульфия”, “Назира”  аттуу каналдар фейк брокер болуп саналарын аныктап чыккан. “ПолитКлиника” медиасы көрсөтүлгөн каналдардын бириндеги шилтеме аркылуу өтүп, “Динара” аттуу аккаунт менен байланышып да көргөн. Ага бетме-бет жолугуп акчаны колуна берүүнү сунуштаганда ал азыр Москвада экенин жана онлайн гана иштей аларын айткан. Андан соң “Динарадан” паспорт менен лицензиясын жөнөтүүсүн суранганда “Юсупова Динаранын” атына берилген жалпы жарандык паспорттун жана кесипкөй трейдердин лицензиясынын сүрөтүн жиберген. Бирок “Динара” жиберген паспорт менен лицензия экөө тең жасалма болуп чыккан. Дал ушундай Телеграм-каналдарга алданып, акчасын алдырып жибергендер дагы болгон. 

Валюта рыногу жана фейк брокерлерден коргонуу жолдору

Валюта рыногу — (Forex же FX) улуттук валюталарды алмаштыруу үчүн дүйнөлүк базар.

Валюта рыногу бүткүл дүйнө боюнча сооданы жана финансыны камтыган эң ири актив базары болуп саналат.

Брокер – инвестор менен баалуу кагаздар биржасынын ортосунда ортомчу катары иш алып барган жеке адам же фирма. Баалуу кагаздар биржалары ошол биржага мүчө болгон жеке адамдардын же фирмалардын заказдарын гана кабыл алгандыктан, жеке соодагерлер жана инвесторлор биржа мүчөлөрүнүн кызматына муктаж болот.

Валюта рыногунда акчаңызды онлайн инвестиция кылуу үчүн брокерди тандоодо төмөнкү жагдайларга көңүл буруу керек:

– Социалдык тармактарда өзүн каржылык кеңешчи катары көрсөткөн адамдардан этият болуңуз. Алардын кеңеши менен акчаңызды кантип инвестициялоо керектиги жөнүндө чечим кабыл алуу тобокедикти жаратат. Анткени валюта рыногунун 98 пайызын фейк брокерлер, башкача айтканда, алдамчылар түзөт;

– Сиз тандаган брокердин жоболорун жана шарттарын кылдаттык менен текшериңиз;

– Кепилденген кайтарым убадасына алданып калбаңыз. Салмаксыз талаптарды коюп, чоң кирешени убада кылган же инвестициялык кирешеге карата “кепилдик” деген сөздү колдонгондорго көңүл буруңуз. Эч кандай инвестиция же инвестициялык мүмкүнчүлүктөр, ал тургай  рейтинги боюнча эң жороку кирешеси бар мамлекеттик облигациялар да пайда алып келүүгө кепилдик бере албайт;

– Ишенимдүү булактардан брокер тууралуу сын-пикирлерди издеңиз.

Брокердин жөнгө салынганын жана алардын ишеним грамоталарын текшерүүдөн тышкары, калыс булактардан келген сын-пикирлерди окуу маанилүү.

– Сиздин брокериңиз улуттук жөнгө салуучу органдын кара тизмесинде же эскертүү тизмесинде эмес экенин текшериңиз; 

– Лицензиянын номерин жана жөнгө салуучу маалыматын аныктоо үчүн брокердин веб-сайтына кириңиз (аны адатта алардын веб-сайтынын төмөнкү колдонгон титулунан табууга болот), андан кийин тиешелүү жөнгө салуучу орган менен текшериңиз. Ошондой эле брокердин өкүлү сиз ырастаган домендик аталышка ээ болгон электрондук почта дарегине электрондук кат жөнөтүп баарлаша алууңуз керек.

Жыйынтык: Фейсбукта “Кыргызстандын ар бир жаранына  5000 сом мамлекеттик жардам” берилери тууралуу тарап жаткан маалымат — жалган. Шылуундардын кайырмагына илинип калуудан сак болуңуз! 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты