Фактылар менен: Тажикстан биринчи болуп кол салган

Фактылар менен: Тажикстан биринчи болуп кол салган

Үч күндөн бери Кыргызстандын Баткен облусунда Тажикстандын агрессиясы уланып жатат. Тажикстан тарап Кыргызстанды кол салууга байма-бай айыптат жатканы менен фактылар, тескерисинче экенин далилдеп турат. “ПолитКлиника” верификациянын ыкмалары менен агрессияны Тажикстан баштаганын аныктады. Алдыда окуңуздар.

Кантип башталган? 

14-сентябрь күнү Булак-Башы чек ара аймагында куралдуу чыр чатак башталган. УКМКнын чек ара кызматы маалымдагандай, тараптарды мурда жетишилген макулдашууларын бузуу менен Тажикстандын чек ара аскерлери, чек аранын такталбаган тилкесиндеги позицияларды ээлеп алган. 

Кыргыз тараптын аймактан чыгып кетүү боюнча мыйзамдуу талаптарына көңүл бурбай, тажик тарап ок атканы айтылат билдирүүдө. 

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атуудан эки чек арачы жаракат алганын чек ара кызматы билдирет. 

Ошентип, 14-15-сентябрь күндөрү пассивдүү ок атышуулар болуп турган. 

УКМКнын чек ара кызматы 16-сентябрь саат 07:00гө карата чек-арадагы абал курчуганын билдирет. 

Билдирүүдө Тажикстан Кыргызстандын Эки-Таш, Чыр-Дөбө, Кум-Мазар жана Орто-Боз аймактарына ок ачканы айтылат. Ал эми саат 06:30да миномет менен аткылай баштайт. 

Андан кийин саат 07:30-09:00 убакыт аралыгында Тажикстан Кыргызстанды Кулунду, Максат жана Жаңы-Жер аймактарын аткылай баштаганын чек ара кызматы билдирет. 

Ал арада социалдык түйүндө тажик тарап бизди кол салууга айыптап, байма-бай фейк маалыматтарды тарата баштаган 

“ПолитКлиника” ал маалыматтарды фактчектен өткөрүп турду

Мисалы, бул кадрларда куралчан тажик жарандарын көрүүгө болот. Чек ара кызматы белгилегендей, арасында кара кийимчен, сакалчан адамдар да жүрөт. Тажик жай тургундары куралданып жүргөндүгүнө караганда, алар буга чейин эле даярдык көрүп келишкен. 

Фактылар менен: Тажикстан биринчи болуп кол салган
Фактылар менен: Тажикстан биринчи болуп кол салган

Ал эми бул сүрөттөрдө тажик аскерлери жөнөкөй жарандарды Бустон айылындагы стадиодондо чогултушкан. Кийин формасы жок адамдар, биздин айылдарды басып кирип, өздөрүнүн желегин илген видеолор тарай баштаган.

Фактылар менен: Тажикстан биринчи болуп кол салган
Бустон айылындагы стадиодон
Фактылар менен: Тажикстан биринчи болуп кол салган
Бустон айылындагы стадиодон
Фактылар менен: Тажикстан биринчи болуп кол салган
Бустон айылындагы стадиодон

Социалдык тармактарда Тажикстандын байрагы бир имаратка илинип, Кыргызстандын мектебин тажик тарап ээлеп алгандыгы тууралуу видео тараган. Видеону текшерип, аталган имарат Баткендин “Ак-Сай” айылындагы Б.Ходжаев атындагы орто мектеби экендигин таптык. 

Фактылар менен: Тажикстан биринчи болуп кол салган

Тажик тарап кол салуу менен токтобой, кыргыз үйлөрүн өрттөп, мародерлук дагы кылышкан. 

Бул видеолордо күйүп жаткан үй 2021-жылдын апрель айындагы чек ара окуясында жабырканган Максат айылынын тургундарына салынган үйлөр экендиги аныкталды. 

Фактылар менен: Тажикстан биринчи болуп кол салган
Фактылар менен: Тажикстан биринчи болуп кол салган

Америкалык «НАСА» космос агенттигинин жардамы аркылуу, өрт кайсыл айылдарда, жана качан чыккандыгын билүүгө болот.

Фактылар менен: Тажикстан биринчи болуп кол салган

Спутниктен тартылган сүрөттөргө таянсак, өрт 16-сентябрь күнү саат 12:27ден тарта Ак-Сай жана Арка кыргыз айылдарында көрүнө баштаган. Бул видеолор тараган убакыт менен дал келет. 

Фактылар менен: Тажикстан биринчи болуп кол салган
«Арка» айылы

Фактылар менен: Тажикстан биринчи болуп кол салган
«Ак-Сай» айылы

Ал эми, 17-сентябрь түнкү саат 02:30да, УКМКнын чек ара кызматы тажик тарап өздөрүнүн үйүн өрттөп жатышканын билдирген. 

Фактылар менен: Тажикстан биринчи болуп кол салган

Кийин тажик телеграм каналдары маалыматты бурмалап, “кыргыздар өздөрүнүн үйлөрүн өрттөп жатат деп” фейк маалыматты таратышкан. Видеодо кайсыл айыл экендигин аныктоо мүмкүн болгон жок, бирок, дал ушул сааттар чамасындаТажикстандын бир нече айылдарында өрт чыга баштаган.

Кайрадан эле НАСАнын спутник сүрөттөрүнө көңүл буралы. Тажикстандын Сурх Чоркишлок жана Чорбог айылдарында өрт, бүгүнкү түнү саат 2:17 чамаларынан тарта байкалган. Кыргызстандын УКМКсы саат 02:30да  маалымат тараткан. Демек, УКМКнын маалыматы дагы бир жолу тастыкталып жатат.

Фактылар менен: Тажикстан биринчи болуп кол салган
Сурх айылы

Фактылар менен: Тажикстан биринчи болуп кол салган
Чоркишлок айылы

Фактылар менен: Тажикстан биринчи болуп кол салган
Чорбог айылы

Демек, Кыргызстандын чек ара кызматы менен “НАСА” космос агенттигинин маалыматтары бири-бирине дал келүүдө. 

Жыйынтык: Тажик тарап биринчи болуп кол салган, жана кол салуусун улантууда. 

Биз болсо жалган маалыматтар менен күрөшө беребиз, “ПолитКлиника” менен бирге болуңуз. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты