«Евровидение-2024»: Швейцария өкүлү Nemo жеңишке жетишти

Швейцариялык рэпер Nemo (Немо Меттлер) «Евровидение-2024» конкурсунда The Code аттуу ыры менен жеңишке жетишти.  

Калыстар тобу ырчыга 365 балл, көрүүчүлөр 236 балл берип, жалпы 591 баллга ээ болду.   

Конкурста экинчи орунду хорватиялык Baby Lasagna (Марко Пуришич)  Rim Tim Tagi Dim ыры менен (жалпы 547 балл) алды.

Үчүнчү орунду украиналыктар -Jerry Heil жана Alyona Alyona (Яна Шемаева жана Алена Савраненко) Teresa & Maria ыры менен алышты. Алар жалпы 453 балл топтоду.

 «Евровидение» конкурсунун финалдык көрсөтүүсү Швейиянын Мальме шаарында өттү. Ага 25 өлкөнүн өкүлү катышты. Россия “Евровидениеге” 2021-жылдан бери катышпайт.  

Сүрөт: Reuters

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты