Эргешов шайлоо күрөөсүн төккөн эмеспи, же БШКнын катасыбы? (Фактчекинг) 

28-апрелде Ош, Баткен жана Кара-Суу бир мандаттуу округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтөт. БШКнын маалыматына ылайык, шайлоого Баткен районунан 10, Кара-Суу районунан 9, Ош районунан 14 талапкер катышууда. Учурда алар шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүп, үгүт иштерин жүргүзүп жатат. 

Социалдык тармактарда, №7 Ош бир мандаттуу округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Бекмурза Эргешов шайлоо фондуна акча төккөн эмес деген маалыматтар тарап жатат.

Ага улай эле, “ПолитКлиникага” атын атагысы келбеген жаран кайрылып, БШК Эргешовду шайлоо фондуна акча төктүрбөй каттоодон өткөргөнүн айтып, бул ишти текшерип берүүнү суранды.

Депутаттыкка талапкер Бекмурза Эргешов 100 миң сом өлчөмүндөгү шайлоо күрөөсүн төккөн эмеспи? Андай болсо БШК аны кандай жагдайда талапкерликке каттаган? “ПолитКлиника” медиасы бул суроолорго жооп издеп көрдү. 

Календардык план 

Жергиликтүү, шаардык кеңештерге, Жогорку Кеңешке, президенттик, дегеле ар бир шайлоодо Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилген календардык план болот. Анда кайсы иш-чара канча мөөнөттө аткарылышы керектиги, ага ким жооптуу экени так көрсөтүлөт. Талапкерлер дал ушул планга ылайык, үгүт иштерин жүргүзүп, отчетторду тапшырып турушу шарт. 

№7 Ош бир мандаттуу округунда боло турган шайлоонун календардык планын БШК 2024-жылдын 14- мартындагы № 21 токтому менен бекиткен

Ага ылайык, талапкердин шайлоо фонддорунун келип түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө биринчи финансылык отчет БШКга добуш берүү күнүнө чейин 7 күндөн кечиктирбестен (2024-жылдын 20-апрелине чейин (кошуп алганда) тапшырылышы керек болчу.

Бирок БШКнын сайтынан Бекмурза Эргешовдун атайын банктык эсепке шайлоо күрөөсүн төккөндүгү тууралуу маалыматтар киргизилген эмес. 

“Айыл Банк кечиктирип жатат”

Эргешов шайлоо күрөөсүн чын эле төккөн эмеспи, же бул БШКдан кеткен катабы деген суроо менен талапкердин өзүнө байланыштык. Ал бизден финансылык өкүлүнө байланышып, маалыматты тактап алышыбызды суранды. 

Бекмурзаев Ташболот аттуу Эргешовдун финансылык өкүлү суроолорубузга төмөнкүдөй жооп берди.

“Айыл банкта расмий түрдө эсеп-талапкер Эргешов Бекмурзанын атына ачылган жана бардык үгүт материалдар келишим менен банк аркылуу төлөнүп келе жатат. Айыл банкта техникалык көйгөйлөр болуп, алар маалыматтарды бербей жатышат. Биз биринчи финансылык отчетту БШКга календардык планга ылайык 20-апрелге чейин тапшырганбыз. Силерге эмнеге ачыкталбай жатканын билбейбиз”,- деди Бекмурзаев. 

Биз атайын эсептин ачылганына далил катары дүмүрчөктөрдү жөнөтүүнү сураганда, ал расмий катка гана жооп беришерин айтты. 

Бекмурзаев шайлоодон мурун 7 күндөн кечиктирбестен бериле турган отчет БШКга тапшырылганын айтып, эмнеге сайтка жарыяланбай жатканына жообу жок экенин билдирди. Ошондой эле, бул маселе боюнча БШКга кайрылышканын белгиледи. 

БШК эмне дейт? 

Ал эми БШКдан түшүндүрмө алуу максатында 22-апрелде басма сөз кызматына байланышканыбызда, сурообузга жооп катары расмий түрдө пресс-релиз жөнөтөрүн айтышкан. Бирок кийин телефон чалууларга жооп бербей, байланышка чыккан жок. 

Бирок, бүгүн  23-апрелде саат 15:00дордо БШКнын сайтына Эргешовдун шайлоо фонду тууралуу маалыматтар кайра  жүктөлдү

Календардык план боюнча, бул маалыматтар БШКнын сайтына эң кеч 20-апрелге чейин (кошуп алганда) жүктөлүшү керек болчу. БШК белгиленген мөөнөттөн эмнеге кечиктирилгени тууралуу расмий түшүндүрмө берген жок. 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө Конституциялык мыйзамга ылайык, шайлоо фонддорунун каражаттарынын келип түшүшү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат жеке маалыматтар жана банктык сыр жөнүндө мыйзамдарды эске алуу менен Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына милдеттүү түрдө жайгаштырылууга тийиш. Ал эми анын мөөнөтү календардык план менен аныкталат. 

Бир мандаттуу округдарга кайрадан шайлоо 

№2 Баткен, №7 Ош жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-апрелге дайындалган. Буга аталган шайлоо округдарынан келген депутаттардын мөөнөтүнөн мурда мандатын тапшыруусу себеп болду. 

22-февралда Борбордук шайлоо комиссиясы Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиевдин депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.

2021-жылы парламенттик шайлоодо Искендер Матраимов Кара-Суу, Нурлан Ражабалиев Баткен бир мандаттуу шайлоо округунан депутат болуп шайланып келген.

Ал эми, 13-мартта №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округунан шайланып келген Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов мандатын тапшырарын жарыялаган. 13-мартта Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия №7 бир мандаттуу Ош шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмоновдун депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу чечимин кабыл алган.

Жыйынтык: Ош бир мандаттуу округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Бекмурза Эргешов Шайлоо жөнүндөгү мыйзамды бузган эмес. БШК расмий сайтына маалыматты кечиктирип киргизген. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты