Эрбол Султанбаевдин “Азаттык медиасы” боюнча билдирүүсүн текшеребиз

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев “Азаттык медиасынын” айланасындагы кырдаалга байланыштуу билдирүү жасады. Анда ал “Азаттык медиасынын” сайтынын ишин эки айга токтотуу чечими Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан болгонун белгиледи. Ошону менен катар эле министрлик бул чечимди кабыл алганга чейин “Азаттыкка” бир нече жолу кат жөнөткөнүн айтты. 

“Башкача айтканда, бул атайын чара эмес, анык эмес маалымат таратууга тыюу салган өлкөнүн иштеп жаткан мыйзамын бузууга карата реакция болгон. Кыргызстан көз карандысыз медиалар толук кандуу иштөөсүнө бардык шарттары бар эркин, демократиялык өлкө”, — деди Эрбол Султанбаев.

Эрбол Султанбаевдин “Азаттык медиасы” боюнча билдирүүсүн текшеребиз

Окуянын чоо-жайы

2022-жылдын октябрь айында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын бөгөттөө чечимин чыгарган. 31-октябрда радионун “Демирбанктагы” эсеби эч кандай эскертүүсүз жана түшүндүрмөсүз бөгөттөлгөн. Биринчи радио техникалык себептерден улам деген жүйө менен “Азаттыктын” берүүлөрүн обого чыгарууну 23-октябрдан баштап токтоткон. Буга “Азаттык” радиосунун дагы бир кызматы “Настоящее время” телеканалынын сайтында кыргыз-тажик чек арасындагы 14-17-сентябрдагы окуялар тууралуу видео материалы негиз болгонун билдиришкен. Министрлик өз арызын Кыргызстанда былтыртан бери иштеп баштаган «Анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамга негиздеген.

Быйыл, 20-январда АКШ Сенатынын Эл аралык байланыштар боюнча комитетинин төрагасы Боб Менендес жана комитеттин мүчөсү Жим Риш Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалына жана «Азаттык» радиосу туш болгон чектөөлөргө тынчсыздануусун билдирип, президент Садыр Жапаровго кат жолдошкон.

Президент Садыр Жапаровдун маалымат катчысы Эрбол Султанбаев АКШ сенаторлоруна жооп берип, Кыргызстан көз карандысыз медиалар толук кандуу иштөөсүнө бардык шарттары бар эркин, демократиялык өлкө деп билдирген. 

“ПолитКлиника” медиасы президенттин басма сөз катчысынын билдирүүсүн анализдеп көрдү.

“Азаттыктын” сайтын бөгөттөөдө одоно мыйзам бузуу болгон

Эрбол Султанбаев “Азаттыктын” сайты иштеп жаткан мыйзамдарга ылайык бөгөттөлгөнүн жазган. Ал маданият министрлигинин «Азаттык медиа» редакциясына бир нече жолу кат жөнөткөнүн айткан: 

«Азаттык медианын» ишин эки айга хостинг-провайдер менен токтотуу чечимин 2022-жылдын  14-17-сентябрында Баткен облусундагы окуялар тууралуу анык эмес маалымат бергендигине байланыштуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабыл алганын эске салгыбыз келет.

Бул чечимди кабыл алганга чейин министрлик «Азаттык медиа» редакциясына бир нече жолу кат жөнөткөн.

Өз укугун пайдалануу менен сайттын иши иштеп жаткан мыйзамдарга ылайык токтотулган”, — деп жазган Эрбол Султанбаев. 

“Медиа Полиси Институту” уюму буга чейин билдирүү таратып, “Азаттыктын” сайтын жабууда одоно мыйзам бузуу болгонун билдирген эле. 

Анык эмес (жалган) маалыматтардан коргоо жөнүндө” мыйзамдын өзү өтө катаал болуп саналат, себеби, бул мыйзам өтө кенен, бүдөмүк туюндурмаларды жана адилетсиз ченемдерди камтыйт, алар ыйгарым укуктуу органга, тактап айтканда, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана көз карандысыз ЖМКларды өзүм билемдик менен, соттун мыйзамдуу чечими жок, чындыкты аныктоо максатында атаандаш териштирүүлөрдү жүргүзбөстөн жаап салууга мүмкүндүк берет.

Бирок мыйзамда бүдөмүк, өзүм билемдик менен чечмелөөгө шарт түзгөн туюндурмалары бар болсо да министрлик “Азаттыктын” сайтын жабуу тууралуу чечими менен жада калса ушул эле мыйзамды да бузду, — деп айтылат билдирүүдө. 

Бул чечимди кабыл алганга чейин, министрлик «Азаттык медиа» редакциясына бир нече жолу кат жөнөткөн. Өз укугун пайдалануу менен сайттын иши иштеп жаткан мыйзамдарга ылайык токтотулган”, — деп айтты Эрбол Султанбаев. Бирок юристтер буга чейин министрлик мындай билдирүү менен коомдуу адаштырууга аракет кылганын айткан эле.  

“Министрлик “Азаттык” мыйзамдарды милдеттүү түрдө сактоо жөнүндө 2022-жылдын 17-сентябрындагы катка жооп берген эмес деп айтып, коомду адаштырып жатат. Себеби, аталган катта Баткендеги окуяларды чагылдырууда мыйзамдарды сактоо өтүнүчү гана камтылган, бирок маалыматка карата эч кандай конкреттүү доомат коюлган эмес”, — деп айтылат “Медиа Полиси Институнун” билдирүүсүндө. 

“Көңүлдү бурган дагы бир жагдай бар: сайтты бөгөттөө боюнча министрликтин бул талаптары өтө катаал “Анык эмес (жалган) маалыматтардан коргоо жөнүндө” КР мыйзамынын ал тургай формалдуу негиздерине да жооп бербейт, ал эми соттун чечими жок өзүм билемдик менен ЖМКга бөгөт коюу – бул ачыктан ачык цензура, ага Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 10-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык тыюу салынган. Ошондой эле КР Конституциясынын 63-беренесинин 63-бөлүгү сөз, басма сөз жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигин чектеген мыйзамдардын кабыл алынышына тыюу салат, — билдиришкен “Медиа Полиси Институнун” юристтери. 

“Интерньюс” уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүМедиа Полиси Институнун” юристтери менен биргеликте “Азаттык медиага” бийликтин аракеттери боюнча түшүндүрмө берип, кандай мыйзам бузууларга жол берилгендигин аныкташкан. 

Биринчиден, «Анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамдын өзүндө анык эмес маалыматка түшүндүрмө берилген. Анда “анык эмес маалымат —  бул интернет тармагында же интернет тармагындагы сайттын баракчасында камтылган, чындыкка туура келбеген башка адамдын ар-намысына, кадыр-баркына жана ишкер беделине шек келтирген маалымат” деп белгиленген.    

“Анда бул жерде “кастык маанайдагы тилдин, басмырлоонун жана улуттук кызыкчылыктын” кандай тиешеси бар? — Эч кандай. Фейктер тууралуу мыйзам “башка адамдын ар-намысына, кадыр-баркына жана ишкер беделине шек келтирген” анык эмес маалымат менен гана күрөшөт. А бул жерде андай адам жок. Фейктер тууралуу мыйзамда “КРдин улуттук кызыкчылыктарына каршы келүү”, “кастык тил”, “абалды курчтуу”, “жек көрүү”, “басмырлоо” деген түшүнүктөр да жок. Аталган учурда “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамды колдонууга негиз жок”, – деп билдиргенМедиа Полиси Институтунун” юристи Акмат Алагушев

“Медиа Полиси Институту” уюмунун юристи Акмат Алагушев “Азаттыкка” билдиргендей, сайттын ишмердүүлүгүн токтотуу тууралуу чечим кабыл алыш үчүн жабыркаган тарап же юридикалык жак болушу керек: 

“Маданият министрлиги өзү арыз жазып, өзү карап коюп жатабы? Бул такыр мыйзамга жатпаган нерсе. Анткени мыйзамда арыз берген адам анын кадыр-баркына, ар-намысына же беделине шек келтирсе, министрликке арыз менен кайрыла алары жазылган. Бул жакта арыз берген адам жок болуп жатпайбы”, — деген Акмат Алагушев.

“Азаттыктын” сайтын бөгөттөөдөн сырткары, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медианын” жалпыга маалымдоо каражаты катары ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен Бишкектин Ленин райондук сотуна кайрылды. Ленин райондук соту арызды 9-февралда саат 9:30да карайт. 

Медиа уюмдар болсо Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен «Азаттыкка» каршы арызды кайтарып алууну талап кылды.

Алар аталган министрликтен “Азаттык Медиа” мекемесинин ишин токтотуу жөнүндө доо арызын кайтарып алуу менен бирге көз карандысыз медиаларга кысым көрсөтүүнү токтотууну талап кылышты. Билдирүүдө “Азаттык Медианын” ишин токтотууга негиз катары коюлуп жаткан “согушту, зомбулукту, кастыкты үгүттөө” деген мүнөздөгү жүйө өтө олуттуу айып экени, андай кине кастык атайылап, системалуу түрдө жайылтылып жаткан учурда гана орундуу болору, ал эми редакция андай кылбаганы, болгону кеп болуп жаткан видео материалында эки өлкөнүн мамлекеттик расмий органдарынын маалыматын гана бергени белгиленди. 

Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев Кыргызстан көз карандысыз медиалар толук кандуу иштөөсүнө бардык шарттары бар эркин, демократиялык өлкө” деп да билдирген. Бирок акыркы убактарда демократияга, сөз эркиндигине басым болуп жаткандыгын юристтер, бейөкмөт уюмдар белгилеп келишет. 

Мисалы, Human Rights Watch уюму соз эркиндигине басым күчөгөндүгүн билдирсе, «Журналисттерди коргоо комитети» жана Евробиримдиктин адам укуктары боюнча өкүлү Эймон Гилмор, кыргыз бийлигин «чектен чыккан цензурадан баш тартып, сөз эркиндигин коргоого» чакырышкан. 

АКШнын, Британиянын, Германиянын, Франциянын элчиликтери жана Европа Биримдигинин өкүлчүлүгү да ушундай билдирүүлөрү менен кайрылышкан. 

Жыйынтык: Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев “Азаттыктын” сайтынын иши иштеп жаткан мыйзамдарга ылайык токтотулган деп айтканы чындыкка дал келбейт. “Медиа Полиси Институту” уюму бул процесстерде одоно мыйзам бузууга жол берилгендигин билдирген. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты