Медиа уюмдар Маданият министрлигинен «Азаттыкка» каршы доо арызды кайтарып алууну талап кылды

  • 1 год мурун
Медиа уюмдар Маданият министрлигинен «Азаттыкка» каршы доо арызды кайтарып алууну талап кылды

Медиа уюмдар Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен «Азаттыкка» каршы арызды кайтарып алууну талап кылды.

Алар аталган министрликтен “Азаттык Медиа” мекемесинин ишин токтотуу жөнүндө доо арызын кайтарып алуу менен бирге көз карандысыз медиаларга кысым көрсөтүүнү токтотууну талап кылышты.

«Улуттук коопсуздукка коркунуч келген учурда эркин, кесипкөй, жоопкерчиликтүү мамлекеттик эмес ЖМКлардын иши өтө маанилүү, себеби чындыкты издөө максатында кесипкөй стандарттарды сактоо берилген маалыматтарга ишенимди камсыз кылат. Бул маанисинен алып караганда, дал ушул биздин журналисттер иликтөөлөрдү жүргүзүп, фактыларды текшерүү боюнча өздөрүнүн кесиптик квалификациясын үзгүлтүксүз жогорулатып, эл аралык коомчулук үчүн ишенимдүү маалымат булагына айланышты. Ошол себептен эл аралык коомчулук биздин журналисттердин материалдарына шилтеме жасап, алар берген сүрөттөргө жана видео фактыларга ишенишет.

ЖМК мыйзамдардын талаптарын бузуп, коом үчүн кооптуу кесепеттерге келсе, системалуу жана кара ниеттик менен мыйзам бузууларга жол берсе жана буга документ түрүндө тастыкталган далилдер болсо гана ЖМКнын ишин сот тарабынан токтотуу негиздүү деп табылышы мүмкүн. Министрликтин доосу негизсиз, себеби анда “Азаттык Медиа” коом үчүн коркунучтуу кесепеттерге алып келген, мыйзамдарды системалуу түрдө бузгандыгын тастыктаган реалдуу фактылар жана негиздер келтирилген эмес. “Азаттык Медиа” мекемесинин жабылышы ЖМКда сөз эркиндигин жана плюрализмди гана чектебестен, жарандардын маалымат алуу укугун да чектөөгө алып келет», — деп жазылат билдирүүдө.

  • “Медиа Полиси Институту” КФ;
  • Журналисттердин көз карандысыз союзу;
  • “Журналисттер” КБ;
  • Журналисттик иликтөөлөр фонду;
  • Нурдин Дуйшенбеков, “Журналисттер” КБ;
  • Медиа Консалт Фонду;
  • Сабыр Абдумомунов;
  • Асель Оторбаева, “24.kg” МА;
  • Махинур Ниязова, “24.kg” МА;
  • Factcheck.kg;
  • Нургуль Абдыкеримова;
  • Кайыргуль Урумканова, Govori TV;
  • Дина Маслова, Kaktus.Media;
  • Дмитрий Ложников, Апрель;
  • Таалай Дуйшенбиев, “Некст-ТВ” телеканалы;
  • “Арча Медиа” редакциясы;
  • Эльмира Токтогулова;
  • Динара Ошурахунова;
  • Дилбар Алимова, «ПолитКлиника» медиасы;
  • Азат Рузиев, Башта;
  • Аделя Лаишева;
  • Тамара Валиева;
  • Марат Токоев;
  • Улан Үсөйүн, Баштан Башта;
  • Асель Сооронбаева;
  • Даяна Данияр кызы, Т. Турсуналиева атындагы медиа мектеби,  Ош шаары;
  • Тынымгул Эшиева;
  • Айгуль Сторожук TV1KG;
  • Равшан Личаню TV1KG;
  • Семетей Аманбеков, Bulak.kg.
Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты