Эмгек министрлиги: Эмгек рыногунда 8 миңден ашык бош жумушчу орун бар

  • 1 месяц мурун

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү максатында иш берүүчүлөр арасында бүгүнкү күнгө карата 8009 бош орун бар экендигин билдирди.

Төмөнкү кесиптер боюнча бош орундар бар:

— Мектепке чейинки жана мектептеги мугалимдер – 325;

— Саламаттык сактоо кызматкери (врач, мед.айым, фармацевт, укалоочу жана санитар) – 581;

— Кассир – 151;

— Соода агенти – 63;

— Менеджер- 59

— Бухгалтер – 46;

— Юрист – 25;

— Экономист – 7;

— Инженер-куруучу – 48;

— Психолог –18;

— Тигүүчү – 2276;

— Курулуш тармагындагы кызматкерлер (айдоочу, механик, ширетүүчү, столяр, токарь, слесарь, бетон куйгуч ж.б.) – 814;

— Айдоочу – 463;

— Кызмат көрсөтүү тармагындагы кызматкерлер (чач тарач, тырмак жасоочу, официант, косметолог, кароолчу, мейман кызматчы, курьер, камкорчу, ашпозчу, кондитер, нан бышыруучу ж.б.) – 789;

— Ар тараптуу жумушчулар – 2344.

Орточо айлык маянаны 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгын алып карасак: өнөр жай тармагында – 52 866 сом, курулуш – 34 554 сом, соода сатык – 37 601 сом, унаа тармагында – 46 165 сом, кызмат көрсөтүү тармагында – 27 679 сом, финансы тармагы – 62 298 сом, билим берүү тармагы – 25 112 сом, саламаттык сактоо тармагы – 21 368 сом түзөт.

Иш менен камсыз кылуу тармагында кызматтарды алуу үчүн бирдиктүү маалыматтык борборуна Кыргызстан ичинде 1899 номерине чалып (иш күндөрү саат 09.00-18.00 чейин), маалымат алсаңыздар болот.

Мындан сырткары, zanyatost.kg веб порталынан республика боюнча бош орундар менен тааныша алат жана контакты блогунан ар бир райондун даректери жайгашкан.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты