«Электр станцияларына» жаңы жетекчи дайындалды
- 2 года мурун
«Электр станциялары» ишканасынын жетекчиси болуп Курсантбек Өмүрбеков дайындалды. Бул тууралуу 24.kg агенттиги аталган ишканага шилтеме берип, жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, жаңы дайындалган жетекчи мурда Энергетика министринин биринчи орун басары кызматын ээлеп келген.
Курсантбек Өмүрбеков 1985-жылы Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда төрөлгөн. Ал Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин электр станциялары боюнча бөлүмүн бүтүргөн. Ал «Түндүкэлектро» ишканасында, «Камбар-Ата 2» станциясында иштеген. Кийин энергетика боюнча коопсуздук инспектору жана Энергетика министрлигинин алдындагы Энергетикалык көзөмөл кызматынын директору кызматтарында иштеген.
Буга чейин «Электр станциялары» ишканасына Салават Садыракунов жетекчилик кылган.
Сүрөт: интернет булактары




