Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 8,5 млрд. кубга төмөндөдү

  • 2 года мурун

16-февралга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 млрд 539 млн. куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын расмий сайтына жарыяланды.

Бир суткада суу сактагычка секундуна 144 куб метр суу агып кирип, 556 куб метр секундуна короп жатат.

Быйыл Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгынан Кыргызстан соңку жылдардагы эң ири энергетикалык кризиске туш болду.

Буга байланыштуу “Түндүк электр” ишканасы бир фазалуу абоненттер үчүн беш киловатт, үч фазалуу абоненттерге 10 киловаттык чек киргизген.

Бийлик, Энергетика министрлиги элди электр жарыгын үнөмдөп пайдаланууга чакырып, кышында свет өчүрүлбөй турганын билдирип келет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты