“Элдик медицина жөнүндө” мыйзам долбоору иштелип чыгат. Демилгечи делген Хашим Зайналиев жөнүндө эмнелер белгилүү?

6-июнда Жогорку Кеңештин депутаттары Шайлообек Атазов, Жалолидин Нурбаев, Фарходбек Алимжанов “Элдик дарыгерлик” коомдук бирикмесинин өкүлдөрү менен жолугуп, “Элдик медицина жөнүндө” мыйзам долбоорун демилгелөө сунушун талкуулашканы белгилүү болду. Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, талкуунун жыйынтыгында Шайлообек Атазов Саламаттыкты сактоо министрлигине аталган мыйзам долбоорун иштеп чыгуу үчүн кеңешме топ түзүүнү тапшырды.

Ошол эле күнү жолугушууга катышкандардын бири, “Ракка каршы бирге» коомдук фондунун аткаруучу директору Гульмира Абдыразакова аталган мыйзам долбоору чуулгандуу табып Хашим Зайналиевдин демилгеси экенин социалдык тармактагы баракчасына жазды.  

“Элдик медицина жөнүндө” мыйзам долбоору иштелип чыгат. Демилгечи делген Хашим Зайналиев жөнүндө эмнелер белгилүү?
“Элдик медицина жөнүндө” мыйзам долбоору иштелип чыгат. Демилгечи делген Хашим Зайналиев жөнүндө эмнелер белгилүү?

Абдыразакова билдирүүсүнө далил катары сүрөттөрдү тиркеген. Анда жолугушууда отургандардын арасынан Хашим Зайналиевди да көрүүгө болот.   

“Элдик медицина жөнүндө” мыйзам долбоорун демилгелөө сунушу социалдык тармактарда кызуу талкууларга жол ачты. Бирок мыйзам долбоорунун өзүнөн дагы, аны демилгеледи делген адамдын Хашим Зайналиев болушуна көпчүлүк курч реакция көрсөттү. КММАнын ректору профессор Индира Кудайбергенова Жогорку Кенештин депутаттарына кайрылып, Зайналиевдин демилгесин колдобоону суранды. 

Мыйзам долбоорун сунуштады делген Хашим Зайналиев деген өзү ким? Эмне үчүн коом анын демилгечилигин негативдүү кабыл алды? Элдик медицина жөнүндө азыркы мыйзамда эмнелер жазылган? 

“ПолитКлиника” медиасы талдайбыз.  

Хашим Зайналиев деген ким?

“Элдик медицина жөнүндө” мыйзам долбоору иштелип чыгат. Демилгечи делген Хашим Зайналиев жөнүндө эмнелер белгилүү?

Өзүн “элдик дарыгер, табып” деп атап алган Хашим Зайналиев коомчулукка айланасында болгон бир катар ызы-чуулар менен белгилүү. Ал курамында кандай заттар болгону белгисиз дарылар, акылга сыйбаган жолдор менен онкологиялык ооруларды “дарылап” келген.  

Зайналиев 2016-жылы жай айында эмчек рагы менен жабыркаган аялга наркозсуз операция жасап, анын кесепетинен бейтап каза болуп калган. Ички иштер министрлиги “табыпка” карата “мыйзамсыз дарыгерлик кылуу” беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Анткени анын дарыгерлик ишмердүүлүк жүргүзүүгө уруксат берген лицензиясы жана тийиштүү билими болгон эмес. Бирок маркумдун жакындары жана башка жабырлануучулар анын үстүнөн арыз жазуудан баш тартышкандыктан иш сотко жетпей токтоп калган. Зайналиев бул окуядан кийин дагы “клиникасын” иштетүүнү уланткан

Жогоруда айтылган окуядан 2 жылдан кийин, тагыраак айтканда, 2018-жылы ноябрь айында Республикалык онкология борборунун Балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнүн ошол кездеги жетекчиси, профессор Эмиль Макимбетов Фейсбук баракчасына табып Хашим Зайналиевдин “дарылоосунан” кийин оор абалда келген 5 жашар кыз жөнүндө жазып чыккан. Анын айтымында, “табып” кан рагынан жабыркаган кызды айыктырууга 100% кепилдик берип, бир жумадан ашык убакыт дарылаган. Бирок кыздын абалында жылыш болбой, тескерисинче ого бетер начарлап кеткендиктен ата-энеси кайрадан Онкология борборуна барууга мажбур болушкан. Бирок наристе чарчап калган.

“Элдик медицина жөнүндө” мыйзам долбоору иштелип чыгат. Демилгечи делген Хашим Зайналиев жөнүндө эмнелер белгилүү?

Ошол эле жылы декабрь айында “элдик дарыгерге”  карата “Алдамчылык” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, Октябрь райондук соту дарыгерлик кылууну токтотуу чечимин кабыл алган. “Табып” 2 айга камакка алынган. Бирок бир ай өтпөй, 21-январда жабырлануучу арызынан баш тартып, Зайналиев сот залынан бошотулган. 

Ал бул окуя боюнча комментарий берип, “көрө албастык кылышты” деп камалып калышына онкологдорду айыптаган. 

Камактан чыккандан кийин дагы соттун чечимине карабастан, ал дарыгерлик ишмердүүлүгүн токтоткон эмес. 2019-жылы март айында мыйзамсыз ишин чагылдырууга барган “Апрель” телеканалынын журналисттерине Зайналиев кол салган

Зайналиев vs СOVID-19 

2020-жылы октябрь айында Зайналиев коронавирусту авран (уулуу чөп) менен дарылоо боюнча протокол иштеп чыкканын жана Садыр Жапаров менен жолугууга аракет кылып жатканын “Бешинчи каналга” берген маегинде билдирген. Кийинчерээк, 16-апрель күнү президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына кыргызстандык дарыгерлер СOVID-19дан бир эки күндө айыктыруучу эффективдүү дары тапканын жазып, видеосун жүктөгөн. Видеодо “уу коргошун” деп жазылган бөтөлкөлөр көрсөтүлүп, ал коронавируска каршы жаңы дары экени айтылган. Ошол эле күнү ошол кездеги Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавирусту уу коргошун менен айыктыруу ыкмасы тууралуу айтып, түз эфирде уу коргошун ичкен. 

2021-жылы 17-апрелде УТРК коронавируска байланыштуу сюжет жарыялаган. Factcheck.kg басылмасы аталган берүүгө анализ жасап, анда телеканал ачык эле уу коргошун менен дарыланууну жарнамалаганын жана мыйзамсыз иш жүргүзгөн, медициналык билими жок Хашим Зайналиевдин эксперт катары сүйлөгөнүн аныктап чыккан. УТРКнын жетекчилиги бул окуя боюнча “бизге салттуу эмес медицинаны түшүнгөн бирөөнүн ою керек болгондуктан ал кишиге кайрылганбыз” деп комментарий берген. Ал эми 7- майда Vesti.kg басылмасынын түз эфиринде мурдагы министр Алымкадыр Бейшеналиев Хашим Зайналиев менен жолугарын билдирген.

Элдик медицина

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун аныктамасына ылайык, элдик медицина — бул ар кандай маданияттарга мүнөздүү теорияларга, ишенимдерге жана тажрыйбаларга негизделген билимдин, көндүмдөрдүн жана тажрыйбалардын жыйындысы. Физикалык жана психикалык ооруларды алдын алуу, диагностикалоо, жакшыртуу же дарылоо. Кадимки медицинадан айырмаланып, ал «кошумча жана альтернативалуу медицина» деп аталат. Бүгүнкү күндө элдик медицина эң көп колдонулган өлкөлөргө Кытай, Индия жана Африка өлкөлөрү кирет. 

Кыргызстанда да медицинанын бул түрү кеңири жайылган. 2017-жылы Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму “Кыргызстанда ден-соолук жана оору түшүнүгүн кабылдоо жана табыптардын ролу” деген аталышта изилдөө жүргүзгөн. Изилдөөнүн жыйынтыгында көпчүлүк кыргыздар элдик медицинага ишенишери, жаман илдетке чалдыкканда табыптарга кайрылууну тандашары аныкталган. Алар оорунун себебин көбүнчө кара дубадан көрүп, элдик дарыгерлерге тазаланганы барышат. Изилдөөгө ылайык, элдик дарыгер, табыптардын дарылоо методунда шаманизмдин элементтери көп байкалат. Эксперттер элдин басымдуу бөлүгүнүн салттуу медицинага болгон ишеними өлкөдөгү саламаттыкты сактоо системасынын начардыгынын айынан экенин айтышат. 

ДССУ эгер өлкөлөрдө элдик медицинага байланыштуу калыпка салынган мыйзам иштебесе, бейтаптартардын укуктары бузулуп жана алардын коопсуздугу камсыз кылынбай каларын айтат.   

Азыр күчүндө болгон мыйзамда элдик дарыгерлер жөнүндө эмнелер жазылган? 

“Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө” мыйзамдын 15-беренесинде элдик медицина менен тийиштүү билими, лицензиясы бар Кыргызстандын жараны алектене алары жазылган. Аларга массалык түрдө табыпчылык кылуу, өз ишин ЖМК аркылуу жарнамалоого тыюу салынат жана адамдын саламаттыгына, өмүрүнө зыян келтирген учурда кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган тарабынан табыптын иштери үчүн мониторинг жүргүзүлүп турушу керек. 

“Элдик медицина жөнүндө” мыйзам долбоору иштелип чыгат. Демилгечи делген Хашим Зайналиев жөнүндө эмнелер белгилүү?

Жыйынтык: “Элдик медицина жөнүндө” мыйзам долбоорунун демилгечиси делген Хашим Зайналиев “дарылаган” бейтаптар каза тапканы айтылган. Ошондой эле ага карата бир нече жолу кылмыш иши дагы козголгон. Анын “элдик дарыгер” катары эмгектенүүсүнө укук коргоо органдары тарабынан тыюу салынып келген.

Ал эми элдик медицинанын өнүгүшү өлкөдөгү саламаттыкты сактоо системасынын начар иштегендигинен кабар берет.   

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты