Чуулгандуу табып Хашим Зайналиев ишин улантууда. “Клиникасы” толо бейтаптар

Онкология борборунун балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнүн жетекчиси, профессор Эмиль Макимбетов фейсбук баракчасына табып Хашим Зайналиевдин “даарылоосунан” кийин оор абалда келген 5 жашар кыз жөнүндө жазып чыккан. Зайналиевдин иши боюнча биринчи жолу чуу чыгып жаткан жери жок.

Буга чейин дагы наркозсуз операция жасаганынан улам аял каза болгон, бирок ал дагы деле ишин улантууда. Биз анын “клиникасына” бардык.

Кишилердин агымы токтобогон Хашим Зайналиевдин клиникасы

Хашим Зайналиев 2016-жылдын жай айында көкүрөк рагы менен жабыркаган аялга наркозсуз операция жасагандан кийин ал каза болуп калат.

Ошондон кийин укук коргоо органдарынын кызматкерлери онкология борборунун дарыгерлери менен бейтаптарды алып кетүүгө барышканда, бейтаптар ооруканага баруудан баш тартышкан. Кылмыш иши козголгону менен жабырлануучулар арыз жазбагандыктан иш аягына чыккан эмес.

Ушул окуялардан кийин Хашим Зайналиев менен кабарлашып, интервью алуу үчүн «клиникасына» бардым. Барсам, ал ички иштер боюнча райондук бөлүмгө сурак берүү үчүн кеткен экен. Бир саатка жакын күтүп турдум. Байкаганым, улам машина келип токтоп, кишилердин агымы токтобой жатты.

Алгач жеке бөлмөсүндө 5жашар кызды кантип даарылаганы жөнүндө айтып берди. Табып Хашим Зайналиев лейкоз-бул жилик чучугундагы рак эмес, боордун гепатитинин вирусу деп эсептейт:

—Бул кызга лейкоз деген диагнозду мен эмес, Оштогу дарыгерлер койгон экен. Алар химиятерапиянын бир курсун жүргүзүшкөн. Андан кийин мага келген. Биз лейкозду дарылоонун ыкмасын иштеп чыкканбыз. Бирок, чоң кишилерди гана дарылайбыз, балдарды даарылабайбыз. Ата-энеси химиятерапиядан баш тартып, сурангандыктан макул болгом. Табигый дары чөптөр менен эле дарылаганбыз. Биздин дарылообуздон улам абалы оорлошкон жок. Негизи лейкоз деген дарт боюнча медицинанын түшүнугү башка, биздин түшүнүк башка. Медицина жилик чучугунда рак бар деп эсептейт, биз жок дейбиз. Лейкоз боордун гепатитинин вирусунан пайда болот. Анткени баштапкы жана ортодогу звеносу болот, кандын бөлүкчөлөрүн синтездейт. Ошол ортодогу акыркы стадиянын алдындагы процесс боордо жүрөт. Анан көк боордон жиликтин чучугуна барып түшүп, акыркы түзүлүш жүрөт. Ошолор оорунун симптомдорун бергенде, рак бар деп түшүнүшөт. Ага биз макул эмеспиз. Ал жерде болгону бластула клеткалары болот, алар топтолгондо басым болуп, дарт сезилет. Лейкоз менен ооругандардын баары, 100% десек болот, химиятерапиядан кийин каза болот. Бир жылдан кийин же алты айдан кийинби, эч кимиси андан кутула албайт. Кыздын бөйрөгүнөн кан чыгып кеткендей болуп жатат. Муну гемоторий деп коет. Заара менен чогуу кан чыгып жатканын, менин туура эмес дарылоомдон деп жатышат. Бөйрөктөн кандын чыгып кетишинин себеби, патология болушунда. Боордун шишип кетиши боюнча фейсбуктан жооп бердим.

Ашканадан айырмасы жок “лаборатория”

Андан кийин «клиникасына» кирип көрдүк. Сыртынан жөнөкөй эле үйгө окошош болгону менен, ичинен палаталарга бөлүнгөн кадимки эле клиникага окшош. Ар бир палатада 5-6 дан оорулуу бар. Көбүнчө эле рактын 3-4-стадиясындагы аялдар. Аларды дагы табигый чөптөр менен “дарылайт” экен. Чөптөрдөн жасалган дарылардын капельницаларга куюлуп турганын байкадым. Ал эми имараттын короосунда жакындарын көрүүгө келгендер жүрөт. Клиникадан чыгып дары-дармек жасаган лабораториясына бардык, эч кандай маска, бутубузга бахила берген жок. Лаборатория деп аталганы менен кадимкидей эле ашканага окшош. Газда кайнатылып жаткан чөптөр, ал эми текчелерде даяр “дарылар” турат. Аларды жасоого химик досу жардам берээрин айтты Зайналиев.

Аталган иштер боюнча тиешелүү органдарга кайрылып, муну кантип токтотууга болоорун сурадык.

Саламатттыкты сактоо министрлигинин пресс-секретары Айгерчинова Жылдыз министирлик тарабынан Зайналиевге лицензия берилбегендиктен, ишин көзөмөлдөй албай турганын айтты:

—Саламаттыкты сактоо министирлиги ага ишин жүргүзүүгө лицензия бербегендиктен, аны көзөмөлдөй албайт. Биз колубуздан келген аракетибизди кылып, укук коргоо органдарына кайрылып, иштин жүрүшүнө жардам көрсөтүп жатабыз. Бирок жабыр тарткан тараптан арыз болбогондуктан, иш жылбай жатат.

Ал эми Бишкек шаардык ички иштер башкармагылынын пресс-кызматынын башчысы Мира Абдылдаева “Эгерде жабыркаган тарап арыз жазбаса иш жабылат”,- дейт:

—Ал иш учурда Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан көзөмөлгө алынып, текшерүү иштери жүрүп жатат. Соттук экспертиза жүргүзүү боюнча араккттер жүрүдө. Буга чейин козголгон кылмыш иши боюнча, ал иш токтотулган. Анткени, каза болгон аялдын туугандары арыз жазуудан баш тарткан. Кичинекей кыздын ата-энеси арыз жазган жок. Тергөөчү өзү барып, мониторинг жүргүзүуп, Октябрь райондук ИИБине ишти каттады. Учурда териштирүү жүрүп жатат. Арыз жок болгондуктан, иш жылбай жатат. Арыз болмоюнча, эч нерсе кыла албайбыз.

ПолитКлиника

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты