Хашим Зайналиев СИЗО-1ге камакка алынды
- 6 лет мурун
- Иликтөөлөр
Мыйзамсыз дарылоого шектелип жаткан табып Хашим Зайналив тергөө учурунда Бишкектеги СИЗО-1 ге, эки айга камалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 24-декабрда Октябрь райондук сотунун чечими менен табып камакка алынган.
Эсиңиздерге сала кетсек, буга чейин ноябрь айында Онкология жана гемотология борборуна оор абалда беш жаштагы кыз түшкөн. Кызды ата-энеси бир жума табып Хашим Зайналиевге дарылатышкан.
Зайналиевдин бейтаптары жана анын буга чейин жазадан кантип кутулганы жөнүндө шилтемеден окусаңыздар болот.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!