Элдар Абакиров: «Айыптар өтө чоң, реалдуулукка туура келбейт»

  • 1 год мурун

Бүгүн, 7-октябрда, Жогорку Кеңештин социалдык саясат комитетинде Укук бузуулар тууралуу кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. Министрлер кабинети Интернеттеги жана жалпыга маалымдоо каражаттарындагы жалаа жабуу жана мазактоого айып пул салган мыйзам долбоорун сунуштап жатат. Мыйзам долбоорун юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков баяндады.  

Депутат Элдар Абакиров мыйзам долбоорундагы маданият министрлиги эмес, сот чечим чыгарышы керектигин жана айып пулдун суммасынын чоң экендигин белгиледи.

-Маданият министрлиги бул сот эмес, министрлик чечим чыгарганы туура эмес. Сот караш керек. Экинчиден, айыптар өтө чоң, реалдуулукка туура келбейт. Жашоодо такыр башка натыйжаларга алып келиши мүмкүн. 100 миң сом, 200 миң сом деген айып пулдар кайдан чыкты?-деди Элдар Абакиров.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жалпыга маалымдоо каражаттарында, сайтта, сайттын социалдык тармактардагы баракчасында жалган маалымат тараткан жеке жактарга 100 миӊ сом, юридикалык жактарга 200 миӊ сом айып пул салуу сунушун берди.

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде мындай деген:  

-Мен дагы 100 миң, 200 миң айып пул салуу дегенге каршымын. Муну парламенттин кароосуна коюш керек. Канча айып пул салыш керек, аны депутаттар чечет,- деди президент.

Министрлер кабинети Интернеттеги жана жалпыга маалымдоо каражаттарындагы жалаа жабуу жана мазактоого айып пул салган мыйзам долбоорун сунуштап жатат. Документ Жогорку Кеңештин сайтында 25-июлда коомдук талкууга коюлган.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты