Эл алдында 11 тургун “Хизбут-Тахрирдин” диний экстремисттик идеологиясынан баш тартышты

  • 3 месяца мурун

Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Бек-Абад айылынын 11 тургуну “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун идеологиясынан баш тартышты.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

УКМК тарабынан Жалал-Абад облусунун аймагында диний-экстремисттик уюмдарга каршы алдын алуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлгөн.

Иш-чаранын алкагында, Сузак районунун Бек-Абад айылынын 11 тургуну: Н.С., А.Ф., М.у.М., Ю.С., А.М., М.Д., К.Р., А.Ш., О.М., М.З. жана М.М. коомчулук алдында экстремисттик уюмдун идеологиясынан баш тартышкан.

Аталган жарандар буга чейин “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун ишмердүүлүгүнө катышып, экстремисттик идеологияны карманышкан.

 “Жогоруда аталган жарандар өздөрү тандап алган диний агымдын жаңылыштыктарын моюнга алып, жарандарды «Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарына алданбоого чакырышты” деп айтылат басма сөз кызматтын маалыматында.

«Хизбут-Тахрир» ДЭУсу — Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2003-жылдын 20-августундагы чечими менен экстремисттик уюм деп таанылып, анын Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. Мындан улам, аталган уюмга кирүү кылмыш жоопкерчилигине алып келет.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты