Эксперт Сакпаев: “Экспертизага берилген видеоматериалдарда бир гана Махабат Тажыбек кызы бар. Башка айыпталуучуларды биринчи жолу көрүп жатам”

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 18-июлда, 11 журналисттин иши боюнча сот отуруму Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда өтүүдө.

Отурумда кылмыш иши боюнча эксперттер сурала башталды.

Эксперт Нурлан Сакпаев соттун суроолоруна жооп берип жатып, “Экспертизага берилген видео материалдарда бир гана Махабат Тажыбек кызы болгон, башка айыпталуучуларды биринчи жолу көрүп жатам” деп билдирди.

Эксперт Сакпаев изилдөөгө 16 видео материал берилгенин, анын ичинен бирөөндө гана “Бийлик өкүлдөрүнүн ар намысына жана ишкердик беделине шек келтирүү”, “Бийлик өкүлдөрүнө негативдүү маанай жаратуу” жана “Эркиндик берилбейт, эркиндик үчүн күрөшөлү” деген сөздөрүндө массалык башаламандыкка чакырыктын белгилери жок экендигин айтты. Калган 15 видео материалда да андай белгилер болгон эмес.

Бүгүн, 18-июлда, Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда 11 журналисттин ишин кароо улантылууда.

Тергөө абагында кармалып жаткан Актилек Капаров, Махабат Тажыбек кызы, Азамат Ишенбеков, Айке Бейшекеева зот залына алынып келинди.

Буга чейинки соттук отурумда бардык 11 айыпталуучу суралып бүттү.

4-июлда Бишкек шаардык сотунда 11 журналисттин арасынан айыптоочунун өтүнүчүн канааттандырылып, Актилек Капаровдун, Махабат Тажыбек кызынын, Азамат Ишенбековдун, Айке Бейшекееванын баш коргоо чарасын караган жок.

21-июнда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда 11 журналисттин иши каралган. Сотто айыптоо актысы окулуп бүттү. Айыпталуучулардын баары күнөөнү мойнуна алышкан жок.

Алар — Темиров LIVE” редакциясынын кызматкерлери Максат Тажибек уулу, Акыл Орозбеков, кабарчысы Айке Бейшекеева, редакциянын мурдагы кабарчысы, азыр «Нур Пресс» маалымат борборунда иштеген Жоодар Бузумов, “Темиров LIVE” редакциясынын, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкерлери Сапарбек Акунбеков, Азамат Ишенбеков, аталган долбоорлордун директору, иликтөөчү журналист Болот Темировдун өмүрлүк жубайы Махабат Тажыбек кызы, “Темиров LIVE” редакциясынын мурдагы журналисти, учурда “Арча Медиада” (мурдагы Next TV медиасы) иштеген Сайпидин Султаналиев жана Актилек Капаров, ошондой эле Жумабек Турдалиев аттуу кызматкер жана 2022-жылы жайында “Темиров LIVE” каналынан кетип, ошол жылдын сентябрынан тартып “ПолитКлиникада” иштей баштаган Тыныстан Асыпбеков.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып жаткан 11 журналисттин иши Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна жиберилген.

28-майда Бишкек шаардык сотунда массалык башаламандыкка шектелип жаткан 11 журналисттин ишин Ленин райондук сотуна жиберүү чечимине каршы жактоочу Улан Сейитбековдун арызын карап, канаттандырган жок.

16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Temirov Live” медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен, алардын баары камакка алынган. 

Ички иштер министрлиги “Айт Айт Десе” жана “Temirov Live” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.

Журналисттер коюлган айыпты четке кагышууда. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырып келет.

Сүрөттөр: «ПолитКлиника». 18-июль 2024-жыл.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты