ЕБ санкцияларынын жаңы тизмесине кыргыз жана казак компаниялары да кирди

  • 3 месяца мурун

Европа биримдигинин (ЕБ) кеңеши Орусияга каршы санкциялардын 14-топтомун биротоло жактырды.

Бул тууралуу дүйшөмбү күнү эртең менен жарыяланган пресс-релизде жазылган.

Ага ылайык, ЕБ жалпысынан 116 жеке жана юридикалык жактарга санкция салат. Чектөөлөрдүн негизги бөлүгү Орусиянын суюлтулган жаратылыш газына байланыштуу: аны Европа порттору аркылуу реэкспорт кылууга тыюу салынат. Ошол эле маалда ЕБ өлкөлөрүнүн өзүнө Орусиядан суюлтулган газ алып келүүгө чектөө киргизилбейт.

Мындан тышкары санкциялык тизмеге Орусиянын «көмүскө флотунун» 27 танкери да киргизилет. Алар негизинен курал-жарак жана украин данын ташуу үчүн колдонулуп келет.

Буга чейин санкциялык тизмеге бир катар орусиялык ишкерлер, анын ичинде «Орус жез компаниясынын» негиздөөчүсү Игорь Алтушкин да киргизилери кабарланган.

Маалыматка караганда, 61 жеке жана юридикалык жак Орусиянын аскердик өнөр жай комплексине түздөн-түз колдоо көрсөткөнү үчүн санкциялык тизмеге киргизилет. Алардын арасында Кытай, Түркия, Кыргызстан, Казакстан жана Бириккен Араб Эмираттарынын компаниялары бар.

Мындан тышкары санкцияларды айланып өтүүгө каршы күрөшүү боюнча кошумча чаралар киргизилет. Анын алкагында кош багыттагы товарлардын үчүнчү өлкөлөргө жеткирүүлүсү катуу көзөмөлдөнөт.

Санкциялар ошондой эле «Орусия банкынын» ыкчам каржы билдирүүлөрүнө (үчүнчү өлкөлөр менен каржы операцияларын ишке ашыруучу SWIFT’тин орусиялык аналогу) каршы киргизилет.

ЕБ аймагында иштеген саясий партияларга, ЖМКларга жана бейөкмөт уюмдарга орус мамлекетинен же ага байланышы бар уюмдардан каражат алууга тыюу салынат.

Евробиримдиктин авиакомпанияларына чартердик же жеке учууларды аткаруу үчүн орусиялык уюмдар же жарандар менен келишимдерди түзүүгө тыюу салынат.

Сүрөт: AFP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты