Догдуркүл Кендирбаева Билим берүү жана илим министри болуп дайындалды

  • 10 месяцев мурун

Догдуркүл Кендирбаева Билим берүү жана илим министри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Жарлыкка ылайык, Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесинин негизинде Догдуркүл Кендирбаева мурда жүктөлгөн милдеттеринен бошотулуп,Билим берүү жана илим министри болуп дайындалды.

5-октябрда, Жогорку Кеңеш Догдуркүл Кендирбаеваны билим берүү жана илим министри кызматына дайындоого макулдук берди.

Догдуркүл Кендирбаеваны билим берүү жана лим министринин милдетин аткаруучу дайындоо тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.  

Доктургүл Кендирбаева 2012-жылы билим берүү жана илим министринин орун басары болуп дайындалган, андан кийин “Роза Отунбаеванын демилгелери” фондунун аткаруучу директору болуп иштеген.

Буга чейин Каныбек Иманалиев билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулган. Уланбек Усеков КР билим берүү жана илим министринин милдеттерин убактылуу аткаруудан бошотулду.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты