#Детектор: Орусиянын күчөгөн пропагандасы жана мектептер аркылуу өз тилин жайылтуу аракети

Ушул жылдын 1-сентябрында Кыргызстанда Орусия каржылаган үч мектептин курулушу башталды. Ага орус президенти Владимир Путин жана Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров видео байланыш аркылуу катышып, мектептердин курулушу эки өлкөнүн достугун бекемдөөчү көпүрө экенин айтышкан.

Владимир Путин өз сөзүндө Орусия Садыр Жапаровдун 2021-жылдагы мектеп тууралуу айткандарын эске алуу менен Кыргызстандын ар бир аймагында орус мектептерин курууга даяр экенин кошумчалаган.

“Садыр Нургожоевич 2021-жылдын февраль айындагы жолугушуубузда Кыргызстандын дээрлик ар бир облусунун борборунда орус мектептерин куруу зарылдыгын айтканы эсимде. Албетте, биз муну колдойбуз. Бул иш биргелешкен күч-аракеттер менен ийгиликтүү жүрүп жатат.

Жаңы орус мектептери Кыргызстандын өсүп келе жаткан муунуна ар тараптуу билим берүүгө жана тарбиялоого, ошону менен биздин мамлекеттерибиздин калкынын ортосундагы достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн салттарын тереңдетүүгө, чыныгы стратегиялык мамилелерди андан ары өнүктүрүүгө салым кошот деп ишенем”, — деп билдирген Путин

“ПолитКлиника” медиасы #Детектор берүүсүнүн алкагында Кыргызстандагы орус мектептеринин курулушун жана анын стратегиялык маанисин  анализдеп көрдү. 

Орус тилин жайылтуу аракети, мектептерге болгон инвестиция 

Кыргызстанда орус тилдүү мектептердин санын көбөйтүү тууралуу сүйлөшүүлөр буга чейин да болуп келген көрүнүш. Бирок 2022-жылы орус-украин согушу башталгандан кийин Орусия бул багытта активдүү иш аракеттерин кайра жанданткан. 

2021-жылы өлкө башчысы Садыр Жапаров  Орусия Федерациясынын агартуу министри Сергей Кравцовду кабыл алган. Жолугушууда Кыргызстанда орус тилинде окуткан биргелешкен жалпы билим берүүчү мектептерди куруу, окутуучулардын тажрыйба алмашуусу тууралуу максаттар жана пландар талкууланган.

Бул жолугушууда да президент Садыр Жапаров Кыргызстандын ар бир аймагында, өзгөчө Бишкек жана Ош шаарларында бир катар мектептерди куруу боюнча Орусия тараптын жардамын колдой тургандыгын билдирген.

Кийинчерээк бир канча сүйлөшүүлөрдөн кийин Орусия Кыргызстанга  9 мектеп куруп бере турганы маалым болгон. Мектептердин ар бирине 550 миллион сомдон бөлүнүп, 2027-жылга чейин курулуп бүтө турганы айтылган.

Бул тууралуу 29-майда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Уланбек Усеков билдирген.

Анын айтымында, мектептер 1224 окуучуга ылайыкташтырылып, сабактар орус тилинде өтүлөт. Кээ бир кыргыз тили, Кыргызстан тарыхы сыяктуу сабактар гана кыргыз тилинде болот. Мындан сырткары, 

мектеп жетекчилигин орус тарап дайындап, алар Орусиядан келишет. 

Мектептер Кыргызстандын жалпы жети облусунда, Бишкек жана Ош шаарларында курулат.

Орусиянын бул сунушу Жогорку Кеңештин 29-майдагы Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында талкууланып, депутат Айбек Осмонов долбоорду ратификациялабоого чакырган. Ал мектептердин курулушу жакшы саамалык экенин, бирок сабактардын жалаң орус тилинде болгону Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келе турган жагдай экенин билдирген. 

“Мектептердин курулушу чындыгында мамлекет үчүн жакшы. Бирок сабактардын орус тилинде болгону биздин мамлекеттик кызыкчылыктарыбызга каршы келет. Кесиптештер, терең ойлонолу. Ким мектеп салып берем десе макул боло бербей, бул сунушту артка кайтаралы”,- деп айткан Осмонов. 

Бирок депутат Айбек Осмоновдун бул сунушу колдоо тапкан эмес. Жогорку Кеңештин 1-июндагы жалпы жыйынында келишимдин долбоору каралып, жактырылган. Жыйынга катышкан 84 депутаттын 80и долбоорго “макул” деп добуш беришкен. 

Кыргызстандагы мектептерге болгон муктаждык жана кыргыз тили 

Чынында Кыргызстанда мектептерге байланыштуу көптөгөн маселелер бар. Окуу китептеринин жетишсиздигинен баштап, мектептердин абалынын начардыгына байланыштуу буга чейин да бир катар нааразычылыктар айтылып келген. 

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда жалпы 2368 мектеп бар. Бирок бул мектептердеги орун окуучулардын санынан бир кыйла аз. Алсак, Кыргызстандагы ар бир үчүнчү окуучуга мектепте орун жетишпейт.  Ошондой эле 240 мектеп авариялык абалда, ал эми дагы 500гө чукул мектеп капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж. 

Бул багытта Билим берүү жана илим министрлиги жана өкмөт жаңы мектептерди куруу иштери жөнгө салынып жатканын айтып келишет. 

Жогоруда айтылгандай, Кыргызстанда мектептерге байланыштуу көптөгөн маселелер бар. Бирок бул маселелерди орус тилдүү мектептерди куруу менен чечүүдө кыргыз тилинин ролу кандай өзгөрүшү мүмкүн деген суроо жаралат. 

Алсак, Кыргызстанда 2022-2023-жылга карата мектептердин 30%ында сабактар орус тилинде өтүлө турганы маалым болгон.

#Детектор: Орусиянын күчөгөн пропагандасы жана мектептер аркылуу өз тилин жайылтуу аракети

Кыргыз тилинде сабак берген мектептер 65%ды түзөт. 

“Клооп” медиасынын анализине ылайык, 2010-жылдан 2020-жылга чейин Кыргызстанда кыргыз тилдүү билим берүү мекемелерине караганда орус тилдүү жана аралаш билим берген мекемелердин саны көбөйгөн. 

Эксперттер: “Мектептер пропаганданын куралы болуп калышы мүмкүн” 

Кыргызстанда курулуп жаткан орус тилдүү мектептердин курулушу боюнча өлкөдө бирдиктүү пикир жок. Бирок бир катар эксперттер орус тилдүү мектептер тилди таңуулоонун жана пропаганданын куралы болуп калышы мүмкүн экендигин айтышкан.

Бул тууралуу жарандык активист Айбек Теңизбаев Азаттык медиасына берген маегинде билдирген:

“Эң башкы маселе мектеп салынгандан кийин кайсы өлкөнүн программасы менен жүрөт? Кыргызстандын бийлиги ушуну жакшылап такташ керек. Анткени Орусия жаңы стандарт кабыл алды. Өзгөчө тарых сабагын карай турган болсок, Орусиянын Украинага болгон кол салуусун өзгөчө камтып кетиптир. Ал жакта Орусия көз карашын ачык-айкын пропагандалап жатат мектеп окуучуларына. Анан элестетели, азыр тогуз мектеп салынып жатат. Жылына Кыргызстандагы миңдеген окуучуга ошол китептер аркылуу Орусияга жана Путиндин стандартына жооп берген пропагандалык китептер аркылуу кыргыз окуучуларынын мээси жуулуп кетет. Ошону көзөмөлгө алыш керек. Бул Кыргызстанга чоң коркунуч жаратат. Учурда Орусия тарабынан салынган Кыргыз-Орус Славян университетин карай турган болсок, ал жакта баары орус тилинде билим алышат. Ошол идеологияга сугарылат. Университти бүткөндөн кийин алар кызматын Кыргызстан үчүн эмес, Орусия үчүн өтөп калышы толук ыктымал», — деген Теңизбаев.

Чынында Теңизбаев айткан пропаганда коркунучу бар экени буга чейин байкалган.

Алсак, Бишкектеги №3 мектептин география мугалими Украина менен согушта Орусиянын позициясын окуучуларга таңуулап жатканы маалым болгон. Бул тууралуу окуучулардын биринин апасы билдирген

Белгилей кетсек, орус армиясы Украинага 2022-жылдын 24-февралында кол салган. БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссариатынын 11-сентябрга карата берген маалыматы боюнча, Орусия Украинага кол салып киргенден бери эң аз дегенде 9 миң 614  жай тургун каза таап, 17 миңден ашыгы жабыркаган. Бирок уюм курмандыктардын саны алда канча көп болушу мүмкүндүгүн белгилейт. 

Билим аркылуу башкаруу жана “бирдиктүү коом” курууга умтулуу

Чоң державалардын өзүнө бир убактарда каратып алган өлкөлөрдө билим берүүчү мекемелерди куруусу буга чейин да болуп келген көрүнүш. Мисалы, Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин Франция жана Британия  бир канча мамлекетти өз көзөмөлүнө алган. Алар өз курамына кошулган мамлекеттерде квалификациялуу жумушчу күчүн камсыз кылуу үчүн билим берүүнү колдонууга жана ар түрдүү калкты жаңы мамлекетке берилгендигин сезүү үчүн коомдоштурууга умтулган. Ливан, Сирия, Тунис, Марокко жана Алжирде билим берүү саясаты Франциянын кызыкчылыгын чагылдырган. Египетте, Иорданияда, Палестинада жана Иракта Британ саясаты үстөмдүк кылган. Эки колониялык держава тең окшош максаттарды көздөшкөн: статус-квону сактап калуу, чектелген сандагы орто чиновниктерди окутуу, улутчулдуктун күчөшүн чектөө жана өзгөчө Францияда алардын маданиятын жана тилин таңуулоо болгон. 

Ал эми СССРдин учурунда да тил саясаты “орус” тилинин милдеттүү окутулушу жана башка тилдердин таасиринин азайышы менен шартталганын бир канча изилдөөлөр көрсөтөт.

Алсак, 1980-жылдары Фрунзе шаарындагы 69 мектептин үчөөндө гана окутуунун негизги тили катары кыргыз тилин колдонушкан. Жогорку окуу жайларында студенттердин 17%ы  гана кыргыз тилинде окуп, улуттук китепканадагы китептердин 4%ы гана кыргыз тилинде болгон.  

Кийинчерээк, СССР кыйраган соң постсоветтик өлкөлөрдө орус тилинин абалы кыйла өзгөрө баштаган. Мисалы, Түркмөнстан жана Өзбекстан эгемендүүлүк алгандан кийин Орусиянын таасирин азайтуу үчүн латын арибине өтүшкөн. Ошондой эле Өзбекстанда 2016-жылга карата окуучуларды орус тилинде окуткан мектептердин саны 1177 мектепке (436 000 окуучуга) кыскарган. Мектептерде орус тили жумасына эң көп дегенде эки сааттан окутулушу керек деген талап коюлган.

Көз карандысыз эксперт Нурбек Бекмурзаевдин анализине ылайык, постсоветтик өлкөлөрдө орус тилинин таасири жылдан жылга азайып бара жатат. Анын негизги себептери — көз карандысыздыкка ээ болгон постсоветтик өлкөлөрдө улуттук иденттүүлүктүн калыптанышы, Орус империясынын саясатын “эзүүчү” катары кабылдаган “деколонизация” түшүнүгүнүн жайылышы сыяктуу факторлор.

Орусияда постсоветтик өлкөлөрдө орус тилинин таасиринин азайып бара жатканы тууралуу 2007-жылдан баштап активдүү айтыла баштаган.

Анткени дүйнө жүзүндө  орус тилинде сүйлөгөн адамдардын саны тездик менен азайып бара жатат. Бул тууралуу “Борбор Азиядагы орус тили: азыркы абалы жана перспективалары” аттуу изилдөөдө айтылат.

#Детектор: Орусиянын күчөгөн пропагандасы жана мектептер аркылуу өз тилин жайылтуу аракети

Бул багытта Орусия орус тилинин таасирин сактап калуу жана жайылтуу үчүн активдүү чараларды көрө баштаган. Орусиянын постсоветтик өлкөлөрдө мектептерди  куруу максаты да бул аракеттердин бир бөлүгү экени буга чейин да айтылып келген

Орусиянын Кыргызстандагы пропагасынын булактары 

Орусиянын Кыргызстанга болгон мамилеси жана стратегиялык максаттары бир гана мектептер менен чектелбейт. 

Орусия өз көз карашын жайылтууда Кремль тараптан каржыланган ЖМКларды активдүү колдонот.

Бул тууралуу согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун (IWPR) Европалык коопсуздукту изилдөө борбору (CESS) EUCAM менен биргеликте жүргүзгөн изилдөөсүндө айтылат.

Он айга жакын жүргүзүлгөн байкоолордун жыйынтыгында изилдөөчүлөр акыркы айдагы орус пропагандасында төрт негизги багытты байкашкан.

Алар:

  1. Жолунан адашкан Украина, жасалма нацисттик мамлекет

Мында Украина  Батышка жакындап, Орусияга чыккынчылык кылган жана өлкөдөгү орус тилдүүлөргө кысым көрсөткөн неонацисттик мамлекет катары мүнөздөлөт. Орусия өзүнүн Украинага басып кирүү аракеттерин “демилитаризация”, “Украинаны денацификациялоо” сыяктуу терминдер менен берет. Ошондой эле Кыргызстандын жер-суу аттарын кыргызчалоо жана Жогорку Кеңеште кыргызча сүйлөө тууралуу демилгелерде “Украинанын жол менен баратасыңар!”, “Кыргызстанда орус тилине болгон басым күчөөдө” деген өңдүү коркутуулар менен берет. 

  1. Дүйнөдөгү тынчтыкка бүлүк салган “жаман жөрөлгөлүү Батыш” 

Орусиянын пропагандасын жайылткан “Первый канал”, “Вести”, “РБК”, Кыргызстандагы “Вечерний Бишкек”, “StanRADAR” сыяктуу медиаларда Батыш өлкөлөрү, анын ичинде АКШ Украинадагы согушту баштоого кызыктар, коомду бузуучу жат көрүнүштөрдү жайган мамлекеттер деп сүрөттөлөт. Мындай билдирүүлөрдө көбүнчө манипуляциянын “душманды демонизациялоо”, “ярлык илүү” сыяктуу элементтери колдонулуп, окурмандын сезимдери менен ойнойт. 

  1. Ыйык Орусия жана анын дүйнөсү

Орусиянын КМШ өлкөлөрүндөгү “жумшак күчү” менен таасиринин негизги инструменттеринин бири болуп орус тили эсептелет. Орус тили КМШ өлкөлөрүн бириктирип турган жана мүчө мамлекеттердин баары түшүнгөн жалгыз тил катары көрсөтүлөт. Орус тилинин ордуна жергиликтүү тилдерди

колдонуу аракеттери болгон учурда орусиялык  ЖМКларда эмоционалдык реакция пайда болот. Айта кетсек, “Вестинин” журналисттери орус тилине эмес, жергиликтүү тилдерге артыкчылык берүү аракеттерин “катастрофа”, “тоталдык тазалоо” жана “антироссиялык чаралар” деп аташат. Мисалы, Латвия орусиялык телевидениелердин көрсөтүлүшүн чектеп, орус тил сабактарын факультативдик кылып койгондо Орусиянын  аткаминерлери менен журналисттери бул чараларды русофобия, шовинисттик цензура жана ЖМКлардын геноциди деп аташкан. Ошондой эле Орусия өзүн Батышка каршы күрөшүп жаткан жалгыз өлкө катары сүрөттөйт.

  1. Көз каранды Кыргызстан башынан эле Орусиянын уландысы

Төртүнчү жана Кыргызстан үчүн эң маанилүүсү — Орусия өзүнүн ЖМКлардагы пропагандасында Кыргызстанды көз каранды өлкө катары сыпаттайт. Бул сыпаттамалар, экономикалык, билим, миграция сыяктуу маселелерде көтөрүлүп, Орусия ар дайым кол сунууга даяр коңшу, башкаруучу жана  зарыл учурда жазалай ала турган жогорку инстанция сыпатында берилет. 

Ошондой эле, Кыргызстандагы Sputnik.kg басылмасы Орусияны өзүнүн ар кандай колдоо программалары, университеттери аркылуу кыргыз элинин билим алуусуна салым кошуп жаткан өлкө катары көрсөтөт. 

Мындан сырткары айрым орус ЖМКлары системалуу түрдө өлкөнүн атын колониалдык вариант катары «Киргизия» деп колдонушат. Мындай көрүнүш Кыргызстандын жарандык коомунда нааразылык жаратып келет. 

Уюмдун изилдөөсүнө ылайык, Орусиянын Кыргызстандагы пропагандасы абдан күчтүү. Анткени Кыргызстанда орус тили кеңири колдонулат жана орусиялык маалымат каражаттарына альтернативдүү жергиликтүү жана эл аралык каналдардын атаандаштыгы жокко эсе. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты