Захарованын билдирүүсү Кыргызстандын ички саясатына кийлигишүү болуп саналат (Фактчекинг)
- 1 год мурун
- Фактчекинг
1-июнда Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) расмий өкүлү Мария Захарова Кыргызстанда парламент тарабынан мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамдын кабыл алынышы боюнча комментарий берди. Захарованын бул билдирүүсү социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратып, “өлкөнүн ички саясатына түздөн-түз кийлигишүү” катары сыпатталууда.
Захарованын билдирүүсү ички саясатка кийлигишүүбү? “ПолитКлиника” медиасы текшерип көрдү.
“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык мыйзамы
31-майда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда каралып, жактырылды.
Жаңы мыйзамга ылайык, кыргыз тили мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана мамлекеттик ишканалар үчүн жумушчу тил болот. Документте бардык муниципиалдык жана мамлекеттик кызматчылар, Жогорку Кеңеш жана жергиликтүү кеңештердин депутаттары, Улуттук банктын кызматкерлери, ички иштер жана башка укук коргоо органдарынын курамындагы адамдар, башка органдардын атайын наамдар ыйгарылуучу кызмат адамдары, соттор, прокурорлор, адвокаттар, нотариустар, билим берүү мекемелеринин жетекчилери, кызматкерлери, педагогикалык, илимий-педагогикалык жана илимий кызматкерлер, саламаттык сактоо мекемелеринин медициналык кызматкерлери мамлекеттик тилди, башкача айтканда, кыргыз тилин билүүгө жана кызматтык милдеттерин аткарууда колдонууга милдеттүү экени жазылган.
Орусиянын реакциясы
“Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамдын кабыл алынышына байланыштуу Орусиянын ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова билдирүү жасады. Ал ЖМКнын суроосуна жооп берип жатып, мыйзам долбоорунун кабыл алынышы орус тилдүү калктын жана мекендештеринин, тагыраак айтканда, Орусиянын жарандарынын да укуктарына терс таасир тийгизерин айтып, Кыргызстандын бийлиги орус тилин да жайылтуу жана колдоого багытталган тең салмактуу тил саясатын жүргүзөт деп ишенерин белгилеген.
“Ушундай эле мыйзам долбоору 2021-жылы талкууга коюлуп, кыргыз коомчулугу, анын ичинде орус тилдүү калк тарабынан сынга алынган. Кийин ал документ кайра иштелип чыгып, мурда болбогон жаңы жоболор менен толукталган. Мисалы, бардык этносторго эне тилин сактоого жана өнүктүрүүгө кепилдиктер жөнүндө. Бирок ошол эле учурда мыйзам долбооруна мамлекеттик тилди билбегендиги үчүн жарандардын укук жана эркиндиктерин чектөөгө жол бербөө пункту киргизилген эмес.
Бул мыйзам кыргыз тилин билбеген жарандар үчүн белгилүү бир кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүн. Биз мыйзамдын кабыл алынышы титулдук эмес калктын, анын ичинде биздин мекендештерибиздин укугуна байланыштуу абалга жагымсыз таасир этиши мүмкүн экенине бир нече жолу кыргыз кесиптештерибиздин көңүлүн бурдук.
Өнөктөштөр мыйзам долбоору орус тилин жокко чыгаруу максатын көздөбөйт деп ишендиришти. Буга байланыштуу Кыргызстандын жетекчилиги биздин союздук мамилелерибиздин духунда кыргыз тилин өнүктүрүү менен бирге Кыргызстанда “расмий” деп конституциялык статусу бекитилген жана Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин кеңири мейкиндигинде улуттар аралык баарлашуунун тили болуп саналган орус тилин колдоого жана жайылтууга багытталган тең салмактуу тил саясатын жүргүзөрүнө ишенебиз”, — деп айткан Захарова.
Билдирүүдөгү бурмалоолор
Жаңы мыйзамда мамлекеттик тилдин милдеттүү колдонулушу Кыргыз Республикасынын этносторунун эне тилдерин жана башка чет тилдерди пайдалануу укугун жокко чыгаруу же чектөө катары чечмеленбеши керектиги жазылган.
Ошондой эле Кыргызстандын Баш мыйзамында мамлекет түрдүү жагдайлары үчүн жарандардын басмырланышына жол бербей, укуктарын камсыз кылары бекитилген.
Баш мыйзамдын 24-беренесине ылайык, эч ким жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этникалык таандыктыгы… же башка абалы, башка жагдайлары үчүн басмырланышы мүмкүн эмес. Кыргыз Республикасы өз аймагынын чегинде жана өзүнүн юрисдикциясында турган бардык адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылары да аталган беренеде көрсөтүлгөн. Ал эми 13-берененин 3-пунктунда Кыргыз Республикасынын элин түзгөн бардык этностордун өкүлдөрүнө эне тилин сактоо, окуп-үйрөнүү жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү укугу кепилденери жазылган.
Тактап айтканда, Захарова айткандай мамлекеттик тил жөнүндө мыйзам Кыргызстандагы титулдук эмес калктын укуктарын бузууга алып келбейт.
Захарова: “Ушундай эле мыйзам долбоору 2021-жылы талкууга коюлуп, кыргыз коомчулугу, анын ичинде орус тилдүү калк тарабынан сынга алынган”
2021-жылы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзам долбоору коомдук талкуудан өткөнү чын. Бирок мыйзам долбоору кыргыз коомчулугу жана орус тилдүү жарандар тарабынан Захарова билдиргендей деңгээлде сынга алынган эмес. Тескерисинче, кыргыз коомчулугу мыйзам долбоорун колдоп чыгышкан. Ошол эле жылы декабрда КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” КРнын Конституциялык мыйзамынын долбоору боюнча кереге кеңеш өткөргөн. Иш-чарага бир катар эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана чет өлкөлүк өкүлдөр катышып, ой-пикирлерин жана сунуштарын айтышкан.
Орусиянын билдирүүсү өлкөнүн ички саясатына кийлигишүү катары бааланат
Кыргызстан — эгемен өлкө. Бул тууралуу Баш мыйзамдын 1-беренесинде “Кыргызстан көз карандысыз, укуктук, ички жана тышкы саясатын өз алдынча жүргүзгөн мамлекет”,- деп жазылган.
Эч бир мамлекет же чет өлкөлүк өкүл Кыргызстандын ички саясатына кийлигишүүгө укугу жок. Мындай аракет БУУнун нормаларына да каршы келет.
БУУнун “Мамлекеттердин ички иштерине кийгилигишүүгө жол берилбестиги, алардын көз карандысыздыгын жана эгемендүүлүгүн коргоо жөнүндө” декларациясында эч бир мамлекет кандай гана себеп болбосун түз же кыйыр түрдө башка мамлекеттин ички иштерине кийлигишүүгө укугу жок экени айтылат. Анын ичине бир гана куралдуу кийлигишүү гана эмес, саясий, экономикалык, маданий тармактар да кирет.
Ушул эле декларациянын 5-пунктунда “Ар бир мамлекет өзүнүн саясий, экономикалык, социалдык жана маданий тутумун башка мамлекеттин кийлигишүүсүз тандап алуу укугуна ээ”, — деп жазылган. Ал эми Кыргызстан менен Орусия БУУга мүчө мамлекеттер.
Өкмөт өз өлкөсүндөгү жарандарга түздөн-түз таасир этүүчү маселелер боюнча кабыл алган чечимдердин жыйындысы “ички саясат” деп аталат. Конституцияга ылайык, Кыргызстанда мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын негизги багыттарын президент аныктайт.
Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдагы негизги өзгөртүүлөр мамлекеттик жана муниципиалдык мекеменин кызматкерлерине тиешелүү. Ал эми мамлекеттик кызматка Кыргызстандын жараны гана келе алары Конституцияда жазылган. Башка жарандыгы бар Кыргыз Республикасынын жарандары мамлекеттик кызмат орундарын ээлөөгө укуксуз. Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамдын 32-беренесинин 11-пунктунда билим берүү мекемелерине чакырылган илимий-педагогикалык кызматкерлер же чет тилинин окутуучулары катары убактылуу негизде иштеп жаткан чет өлкөлүк жарандардан же жарандыгы жок адамдардан кыргыз тилин билүү жана кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда колдонуу талап кылынбайт деп так көрсөтүлгөн. Демек, аталган мыйзам Кыргызстандын жарандарына гана жайылтылат жана өлкөнүн ички саясаты болуп эсептелет.
Эске салсак, 25-ноябрда өткөн Элдик курултайда ЖКнын төрагасы Нурланбек Шакиев Бишкек шаарындагы төрт райондун аталышын чукул арада өзгөртүү сунушун айткан. Шакиевдин сунушуна Орусиялык Мамлекеттик Думасынын Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Светлана Журова комментарий берген. Ал Кыргызстан Украинанын жолу менен бара жатканын айтып, эгер бул кадам улана турган болсо президент Владимир Путин Садыр Жапаровго “кичинекей эскертүү” кылып коё турганын билдирген. Бул билдирүүнү кыргыз коомчулугу, юристтер “ачык эле согуш менен коркутуу, өлкөнүн ички саясатына кийлигишүү” деп аташкан.
Жыйынтык: Орусиянын ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарованын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамдын кабыл алынышына байланыштуу жасаган билдирүүсү ички саясатка кийлигишүү болуп эсептелет жана Кыргызстандын Конституциясы менен эл аралык нормаларга каршы келет.