#Детектор: Кыргызстандын тил саясаты, Кремлдин кийлигишүү аракеттери

Кыргызстан Советтер Союзунун курамынан чыгып, эгемен өлкө аталганына 32 жылдын жүзү болду. Ички жана сырткы саясатын өз алдынча жүргүзө алган, эч кимге көз карандысыз өлкө экени Баш мыйзамда так көрсөтүлгөн. 

Бирок Орусия бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстандын тил саясатына кийлигишип, мамлекеттик деп эсептелген кыргыз тилин жайылтуу боюнча жасалган ар бир кадамга курч реакция жасап келет.

Бишкектеги райондордун аталышын кыргызчалоо жана Орусиянын негативдүү реакциясы 

Буга чейин жер-суу аталыштарын кыргызчалоо маселелери көтөрүлүп келген. Анда советтик доордон калган аталыштарга кыргызча ат ыйгаруу маселелери каралган. Бирок мындай демилгелер коомдо кызуу талкууланып, айрымдары бул сунушту колдоорун айтышса, айрымдары орусча аталыштар эч нерсеге таасир деле бербей турганын, аларды өзгөртүү үчүн көп каражат керек экендигин айтып чыгышкан. Бул сунуш Жогорку Кенеште да көтөрүлүп, анда да депутаттардын ою эки ачага бөлүнгөн. 

Ооба, 30 жылдан ашуун убакыт ичинде бир катар көчө, айылдардын, шаарлардын аталышы өзгөртүлгөн. Бирок советтик аталыштар азыркы күнгө чейин калып калган район, шаарлар бар. 

Бишкектеги Свердлов, Октябрь, Ленин жана Биринчи Май райондорунун аталышын кыргызчалоо демилгеси буга чейин бир нече жолу киргизилген.  

2022-жылдын ноябрь айында Бишкекте өткөн Биринчи элдик курултайда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев кыргыз тилине байланыштуу бир катар маанилүү маселелерди көтөргөн. Төрага Бишкектин төрт районунун аталышын чукул арада өзгөртүү сунушун айткан. 

Өлкөбүздө, тилекке каршы, көпчүлүк аймактарда башка тилде аталган жер-сууларыбыз бар. Биз ошолордун баарын тез арада кыргызчалашыбыз керек. Алсак, баш калаабыз Бишкекте төрт район бар. Аларды кыргызчалоо керек”, – деп айткан Шакиев.

Бул демилгени  2022-жылдын июнь айында Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Таалайбек Усубалиев да киргизген. Усубалиев Бишкек шаарындагы  райондордун азыркы аталыштары “моралдык жактан эскирип, тарыхый миссиясын аткарбай калды” деп белгилеген. Ал ошондой эле атын өзгөртүүдө “улуттук идеологияны” эске алуу керектигин билдирип, райондордун аттарын төмөндөгүдөй кылып өзгөртүүнү сунуштаган:

Биринчи май району – Турдакун Усубалиев же Жусуп Абдрахманов атындагы;

Свердлов району – Чыңгыз Айтматов же Манас атындагы;

Октябрь району – Сүймөнкул Чокморов же Байтик баатыр атындагы;

Ленин району — Апсамат Масалиев же Исхак Раззаковдун наамындагы район деп өзгөртүү сунушун киргизип, депутаттарга бул маселени кийинки сессияда кароону сунуштаган.

Төрага Шакиевдин демилгеси Орусиянын курч реакциясына кабылып, Мамлекеттик думанын Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Светлана Журова  Кыргызстан Украинанын жолу менен бара жатканын, эгер бул кадам улана турган болсо президент Владимир Путин Садыр Жапаровго “кичинекей эскертүү” кылып коё турганын айткан.

Журованын бул билдирүүсү Орусиянын эгемен өлкө болгон Кыргызстандын ички саясатына түздөн-түз кийлигишүү, согуш менен коркутуу катары бааланган. 

Анткени Кыргыз Республикасынын Баш мыйзамынын 1-беренесинде “Кыргызстан көз карандысыз, ички жана тышкы саясатын өзү аныктай турган мамлекет” деп так, даана жазылган. Аталган берене эч бир мамлекет Кыргызстандын ички саясатына кийлигишип, багыттарын сыноого укугу жок дегенди билдирет. 

Бул Кыргызстан мүчө болгон БУУнун “Мамлекеттердин ички иштерине кийлигишүүгө жол берилбестик жана  алардын көз карандысыздыгын, суверенитетин коргоо жөнүндө” декларациясында да белгиленген. Декларацияга ылайык, эч бир мамлекет башка бир суверендүү мамлекетке кызыкчылыктарын ишке ашырууга баш ийдирүүгө же андан кандайдыр бир артыкчылыкка ээ болууга мажбурлоо үчүн экономикалык, саясий же башка чараларды колдоно албайт. 

Постсоветтик өлкөлөрдүн борборундагы райондордун аталыштары кандай өзгөргөн?

Бишкек — постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен райондордун советтик аталышын сактап калган жалгыз борбор шаар. 

Алсак, Өзбекстандын борбору Ташкенттеги райондордун аталыштары өлкө эгемендүүлүк алгандан бир жыл өтпөй, тагыраагы, 1992-жылдын 8-майында өзгөртүлгөн. Анда Киров району — Юнусабад, Ленин району — Мирабад, Октябрь району — Шайхантаур, ал эми Фрунзе району — Яккасарай деп өзбекчеленген

Ушундай эле көрүнүш Тажикстанда 2003-жылы болгон. Тажик бийлиги “улуттук иденттүүлүктү калыбына келтирүү жана жайылтуу максатында” деп, Дүйшөмбүдөгү Октябрь районун — Исмоили Сомони, Фрунзе районун — Сано, Центральный районун — Фирдавси, Железнодорожный районун — Шохмансур кылып өзгөрткөн. 

Ал эми СССР таркаганда Казакстандын борбор шаары болуп турган Алматы калаасындагы райондордун аталышы да 90-жылдары казакча аталыштарга өзгөртүлгөн. Калинин — Бостандык, Советский — Алмалы, Ленин — Жетисуу, Фрунзе — Медеу, Октябрь району — Түрксиб болуп казакчаланган. 

Белгилей кетчү жагдай, райондордун кыргызчаланышына каршы чыккан ошол эле Орусия өзү Советтер союзу таркагандан көп өтпөй бир катар шаарлардын, региондордун советтик аталышын өзгөртүп салган. 

Мисалы, Ленинград шаары Санкт-Петербург, Калинин облусу Тверь, Куйбышев облусу Самара, Горьков облусу Нижегород ж.б. болуп өзгөртүлгөн. Өзү деле так ушундай демилге көтөрүп, ишке ашырган орус бийлигинин Кыргызстандын демилгесин сындап чыгышы канчалык деңгээлде туура деген суроо жаралат.

Киргизия — Кыргызстан 

Кыргызстан. Бул аталыш өлкө Советтер союзунун курамында болгон учурда деле колдонулуп келген. Бирок Орусиянын бийлиги үстөмдүк кылып турган кезде көбүнчө Киргизия деп аталып калган. 1991-жылы Советтер союзу ыдырап, анын курамындагы өлкөлөр четинен эгемен өлкө боло башташкан. СССРдин курамындагы 15 өлкөнүн ичинен эң биринчи болуп Кыргызстан расмий түрдө эгемендүүлүк алган. 

Ар бир өлкөнүн өзүнүн Баш мыйзамы болот. Эгемен өлкө Кыргызстандын Баш мыйзамы 1993-жылдын 5-майында кабыл алынган. Документтин орус тилдүү версиясында дагы “Кыргыз Республикасы (Кыргызстан) — көз карандысыз, эгемен, демократиялык, унитардык, укуктук, светтик жана социалдык мамлекет”, — деп жазылган

Ал эми Баш мыйзам бул мамлекеттин негизги мыйзамы жана эң жогорку күчкө ээ документ. Ал эми “Киргизия” деген мамлекет Советтер Союзу таркаган күнү жок болгон. 

Бул тууралуу “Баштанын” журналисттери видео материал даярдашкан. Анда Кыргызстанды “Киргизия” деп атоо бул биздин эгемендигибизди тааныбайт дегенди билдирери айтылат. Эгемен өлкө өзүн кандай атаса, ошол аталышты башка мамлекеттер да колдонушу керектиги да айтылат.

Журналисттердин айтымында, сөздөр тилге жараша өзгөрөт. Мисалы, кыргыз алфавитиндеги тамгалар башка тилде жок болушу мүмкүн. Бирок “ы” тамгасы орус тилинде бар жана кеңири колдонулат. Кыргызстандын Баш мыйзамы расмий версиясы орус тилинде дагы бар. Демек, Баш мыйзамда жазылгандай, Кыргызстан же Кыргыз Республикасы деп айтуу туура.

Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзам

2023-жылдын 17-июлунда президент Садыр Жапаров “Мамлекеттик тил жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койду. 

Жаңы мыйзамга ылайык, кыргыз тили мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана мамлекеттик ишканалар үчүн жумушчу тил болот.

Документте бардык муниципиалдык жана мамлекеттик кызматкерлер, Жогорку Кеңеш жана жергиликтүү кеңештердин депутаттары, Улуттук банктын кызматкерлери, ички иштер жана башка укук коргоо органдарынын курамындагы адамдар, башка органдардын атайын наамдар ыйгарылуучу кызмат адамдары, соттор, прокурорлор, адвокаттар, нотариустар, билим берүү мекемелеринин жетекчилери, кызматкерлери, педагогикалык, илимий-педагогикалык жана илимий кызматкерлер, саламаттык сактоо мекемелеринин медициналык кызматкерлери мамлекеттик тилди, башкача айтканда, кыргыз тилин билүүгө жана кызматтык милдеттерин аткарууда колдонууга милдеттүү экени жазылган.  

Лавровдун билдирүүсү

Конституциялык мыйзамдын кабыл алынышы боюнча 19-июлда Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров комментарий бергени маалым болду. Ал “Кыргызстандын Орусиянын бир нече жолку эскертүүлөрүнө карабай бул чечимди кабыл алуусу  демократиялуу кадам болбой калгандыгын айтып, Баш мыйзамда орус тили улуттук баарлашуунун тили болсо да кыргыз тил менен иштөөгө милдеттендүрүү туура эмес” деп сындаган

Президент Садыр Жапаров Лавровдун билдирүүсүнө жооп берип, орус тили расмий тил болуп каларын айтты. 

Аталган мыйзам 31-майда Жогорку Кеңештин жыйынында үчүнчү окууда каралып, жактырылган. 

Ал учурда буга байланыштуу Орусиянын ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова билдирүү жасаган. Ал мыйзам долбоорунун кабыл алынышы “орус тилдүү калктын жана  мекендештеринин, тагыраак айтканда, Орусиянын жарандарынын да укуктарына терс таасир тийгизерин” айтып, Кыргызстандын бийлиги орус тилин да жайылтуу жана колдоого багытталган тең салмактуу тил саясатын жүргүзөт деп ишенерин белгилеген. 

“Ушундай эле мыйзам долбоору 2021-жылы талкууга коюлуп, кыргыз коомчулугу, анын ичинде орус тилдүү калк тарабынан сынга алынган. Кийин ал документ кайра иштелип чыгып, мурда болбогон жаңы жоболор менен толукталган. Мисалы, бардык этносторго эне тилин сактоого жана өнүктүрүүгө кепилдиктер жөнүндө. Бирок ошол эле учурда мыйзам долбооруна мамлекеттик тилди билбегендиги үчүн жарандардын укук жана эркиндиктерин чектөөгө жол бербөө пункту киргизилген эмес.  

Бул мыйзам кыргыз тилин билбеген жарандар үчүн белгилүү бир кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүн. Биз мыйзамдын кабыл алынышы титулдук эмес калктын, анын ичинде биздин мекендештерибиздин укугуна байланыштуу абалга жагымсыз таасир этиши мүмкүн экенине бир нече жолу кыргыз кесиптештерибиздин көңүлүн бурдук. 

Өнөктөштөр мыйзам долбоору орус тилин жокко чыгаруу максатын көздөбөйт деп ишендиришти. Буга байланыштуу Кыргызстандын жетекчилиги биздин союздук мамилелерибиздин духунда кыргыз тилин өнүктүрүү менен бирге Кыргызстанда “расмий” деп конституциялык статусу бекитилген жана Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин кеңири мейкиндигинде улуттар аралык баарлашуунун тили болуп саналган орус тилин колдоого жана жайылтууга багытталган тең салмактуу тил саясатын жүргүзөрүнө ишенебиз”, – деп айткан Захарова. 

Ички саясатка кийлигишүү

“ПолитКлиника” медиасы Захарованын сөзүн анализдеп чыгып, анда маалымат бурмаланганын жана билдирүү Кыргызстандын ички саясатына кийлигишүү экенин аныктаган

Мисалы, жаңы мыйзамда мамлекеттик тилдин милдеттүү колдонулушу Кыргыз Республикасынын этносторунун эне тилдерин жана башка чет тилдерди пайдалануу укугун жокко чыгаруу же чектөө катары чечмеленбеши керектиги жазылган. Ошондой эле Кыргызстандын Баш мыйзамында мамлекет түрдүү жагдайлары үчүн жарандардын басмырланышына жол бербей, укуктарын камсыз кылары бекитилген.  

Баш мыйзамдын 24-беренесине ылайык, эч ким жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этникалык таандыктыгы… же башка абалы, башка жагдайлары үчүн басмырланышы мүмкүн эмес.

Тактап айтканда, мамлекеттик тил жөнүндө мыйзам Кыргызстандагы титулдук эмес калктын укуктарын бузууга алып келбейт.


“Ички саясат” деген эмне?

Өкмөт өз өлкөсүндөгү жарандарга түздөн-түз таасир этүүчү маселелер боюнча кабыл алган чечимдердин жыйындысы “ички саясат” деп аталат. Баш мыйзамга ылайык, Кыргызстанда мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын негизги багыттарын президент аныктайт.

Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдагы негизги өзгөртүүлөр мамлекеттик жана муниципиалдык мекеменин кызматкерлерине тиешелүү. Ал эми мамлекеттик кызматка Кыргызстандын жараны гана келе алары Конституцияда жазылган. Башка жарандыгы бар Кыргыз Республикасынын жарандары мамлекеттик кызмат орундарын ээлөөгө укуксуз

Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамдын 32-беренесинин 11-пунктунда билим берүү мекемелерине чакырылган илимий-педагогикалык кызматкерлер же чет тилинин окутуучулары катары убактылуу негизде иштеп жаткан чет өлкөлүк жарандардан же жарандыгы жок адамдардан кыргыз тилин билүү жана кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда колдонуу талап кылынбайт деп так көрсөтүлгөн. Демек, аталган мыйзам Кыргызстандын жарандарына гана жайылтылат жана өлкөнүн ички саясаты болуп эсептелет.

Ал эми Баш мыйзам боюнча эч бир мамлекет же чет өлкөлүк өкүл Кыргызстандын ички саясатына кийлигишүүгө укугу жок. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты