#Детектор: Бозгундагы президент Курманбек Бакиевдин маегиндеги манипуляциялар

15-майда “Акыркы кабарлар — Санжар Калматай” жана “Компромат КГ” Ютуб-каналдарында бозгундагы президент Курманбек Бакиевдин маеги жарыяланган. Беларустун Минск шаарында тартылды делген маекте Бакиев Кыргызстандагы саясий кырдаал жана Апрель революциясы боюнча пикирин билдирген.

“ПолитКлиника” медиасы бозгундагы президент Курманбек Бакиевдин маегин анализдеп чыкты. 

  1. УТРКнын “Кыргыз ааламы” берүүсү жана Бакиев

Маектин алгачкы мүнөтүндө алып баруучу Кадыр Кошалиев бул маек “Кыргыз ааламы” берүүсүнүн алкагында тартылып жатканын билдирген. 

Кызыгы, “Кыргыз ааламы” берүүсү Улуттук телерадио корпорациясынын “Маданият, тарых, тил” каналында көрсөтүлүп келет. Программанын анонсу 2022-жылы 10-мартта жарыяланып, эң алгачкы берүүсү да ошол күнү чыккан.

Анын алып баруучусу дагы Кадыр Кошалиев болгон. Ошондой эле, берүүнүн башындагы 13 секунддук киришүү бөлүгү дагы Бакиевдин маегиндеги киришүүгө окшош. 

#Детектор: Бозгундагы президент Курманбек Бакиевдин маегиндеги  манипуляциялар

УТРКда даярдалып жүргөн берүүгө бозгундагы президент кантип маек берип калганы боюнча аталган мекемеге кайрылганыбызда продюсер Алмаз Касымалиев берүүнүн автору Кадыр Кошалиев Бакиевден жетекчилик менен макулдашпай туруп маек алганын жана ага УТРКнын тиешеси жок экенин айтты. 

Ал Бакиев менен маекте “Кыргыз ааламы” берүүсүнүн киришүү бөлүгүн колдонгону үчүн Кошалиевге эскертүү берилгенин кошумчалады.

  1. “2010-жылды мен революция деп эсептебейм. Куралдуу төңкөрүш болгон”

Маектин алтынчы мүнөтүндө журналист Курманбек Бакиевден 2010-жылдагы революцияга эмне себеп болгонун жана үчүнчү күчтөрдүн таасири тууралуу сураган. Бакиев 90го жакын адамдын өлүмүнө себеп болгон Апрель элдик революциясын “куралдуу төңкөрүш” деп гана эсептей турганын билдирген.

“2010-жылды мен революция деп эсептебейм. Куралдуу төңкөрүш болгон. Экономикалык жактан эч кандай себеп болгон эмес”, — деп айткан Бакиев.

Курманбек Бакиев 2005-жылы Март ыңкылабынан кийин бийликке келип, өлкөнү 2010-жылга чейин башкарган.

Бакиев өлкөнү башкарып турган мезгил көптөгөн мыйзамсыз жоруктар, саясий негизде адам өлтүрүү жана кландык башкаруу менен таанымал болгон.

Бакиевдин маектеги “2010-жылдагы революцияга экономикалык себеп болгон эмес” деген сөзү таптакыр чындыкка дал келбейт. 

Cтатистика боюнча, 2009-жылы Кыргызстандагы жакырчылыктын деңгээли 2000-жылдарга салыштырмалуу бир аз азайган болсо да, калктын жашоосунда олуттуу өзгөрүүлөр болгон эмес. 

#Детектор: Бозгундагы президент Курманбек Бакиевдин маегиндеги  манипуляциялар

2009-жылы Кыргызстан калкынын 31,7% жакыр, 3,1%ы өтө жакыр деп эсептелип, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) калктын жашоо деңгээлинин өзгөрбөй жатышына бийликтеги коррупциянын күчөшү себеп болуп жатканын белгилеген. 

Ошондой эле, ЕККУ уюму бийлик алмашкандан бир жыл өтпөй, 2006-жылы эле Кыргызстанда адам укуктарынын бузулушу жана рейдерлик басып алуулар күч алганын баса белгилеген. 

Мындан сырткары, Бакиев башкарып турган убакта Кыргызстандагы энергетикалык кризис критикалык деңгээлге жетип, “веердик өчүрүүлөр” дээрлик күн сайын болуп турган. Ушундай кырдаалда 2008-жылдан баштап Бакиев жетектеген бийлик электр энергиясына болгон бааны 72 тыйындан 1 сом 50 тыйынга чейин жогорулата баштаган.  

Мындай кымбаттоолор бир гана энергертика тармагында эмес, жылуулук, байланыш, азык-түлүк тармактарында да сезилген

Кымбатчылыктан сырткары, Курманбек Бакиев бийликте турганда анын жакын туугандары өлкөдөгү эң таасирдүү адамдарга айланышкан. Мисалы, Бакиевдин тушунда улуу баласы Марат Бакиев Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын (УКМК) төрагасынын орун басары, ал эми  кичүү уулу Максим Бакиев Өнүктүрүү, инновациялар жана инвестиция боюнча борбордук агенттикти (ЦАРИИ) жетектеп турган.

#Детектор: Бозгундагы президент Курманбек Бакиевдин маегиндеги  манипуляциялар

Ал эми иниси Жаныш Бакиев Мамлекеттик күзөт кызматын жетектеген.

Кландык башкаруу менен бирге 2005-2010-жылдары Кыргызстанда саясий негизде адам өлтүрүү фактылары байма-бай катталып турган. Белгилүү болгондой, ошол убакта депутат Жыргалбек Сурабалдиев, каскадер Үсөн Кудайбергенов, депутат Баяман Эркинбаев, спортчу Раатбек Санатбаев, депутаттар Санжар Кадыралиев менен Тынчтыкбек Акматбаев көрүнүктүү саясатчы Медет Садыркулов жана журналист Геннадий Павлюк сыяктуу көрүнүктүү адамдар өлтүрүлгөн

Мындан сырткары, журналисттерге болгон кысым жана чабуулдар да көнүмүш адатка айланып калган.

Ушундай мыйзамсыздыктын фонунда бийликтин акыйкатсыздыгына каршы болгон эл алгач 2010-жылы 6-апрелде Таласта көтөрүлүп, кийин республикалык деңгээлдеги толкундоолор башталган.

#Детектор: Бозгундагы президент Курманбек Бакиевдин маегиндеги  манипуляциялар
#Детектор: Бозгундагы президент Курманбек Бакиевдин маегиндеги  манипуляциялар

Толкундоолордо “Жаныш Бакиев адам өлтүргүч”, “Бакиев кетсин”, “Адам укугун сактайлы” деген өңдүү лозунгдар айтылган.

Башкача айтканда, элди аянтка “үчүнчү күчтөр” эмес, Бакиевдин кланынын мыйзамсыз жана жосунсуз иштери алып чыккан. 

Натыйжада нааразы болуп чыккандарга ок атылып, 87 киши каза болгон. 1500гө жакын адам жаракат алган. Курманбек Бакиев үй-бүлөсү, жакындары менен чет мамлекетке качып, Беларуссиядан башпаанек алган.

Курманбек Бакиевге карата 2014-жылдын июнь айында  мүлкүн мамлекеттин пайдасына алуу менен өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмү чыккан. Бишкек аскердик соту аны 2010-жылдын 7-апрелиндеги революция маалында 87 адамды атууга күнөөлүү деп тапкан. 

Арадан эки жыл өткөндөн кийин 2016-жылы Жогорку сот мурдагы президент Курманбек Бакиевге карата мурда чыгарылган өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн 30 жылдык жаза мөөнөтүнө өзгөрткөн. Жогорку сот бул чечимин Кылмыш-жаза кодексинин 50-беренесине ылайык, алтымыш жашка чыккан адамдар өмүр бою эркинен ажыратылбайт деген нормага таянып чыгарган.

Ал эми анын туугандары жана балдары да шарттуу түрдө сыртынан абакка кесилген.   

2011-жылы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев “7-апрелди окко учкандардын атын түбөлүккө калтыруу, атуулдук коомдун мекенчилдик сезимин арттыруу максатында” Элдик революция күнү деп жарыяланган. 

Башкача айтканда, бул күн мыйзамсыз жана кландык башкарууга айыпталган бийликтин кулаган күнү катары 13 жылдан бери белгиленип келет.

  1. “Кыргызстанда гей-парад болуптур деп уктум” 

Видеонун 17-мүнөтүндө Курманбек Бакиев Кыргызстанды өнүктүрүү үчүн азыр билим менен идеологияны алдыга кое турганын айтып, Кыргызстанда “гей-парад” өткөнүн айткан.

“Буга чейин өзүм өндүрүшчү катары бизнес менен өндүрүшкө көп көңүл буруп, бизнесмендерди колдоп келгенмин. Бирок бүгүн эл аралык абалды карап биринчи орунга идеология менен билимди коёт элем. Эмнелер болуп жатат? Кыргызстанда гейлердин парады болду деп уктум. Бул эмне деген шумдук!?. Түшүңө кирбеген нерсе. Демек, биздин улуттук идеологиябызга жараша билим, анан экономика, андан кийин саясат болмок”, — деп билдирген. 

Курманбек Бакиев маегинде  кайсы “парад” жөнүндө сөз болуп жатканын так айткан эмес. 

Бирок “Кыргызстанда гей-парад болду” деп эң акыркы жолу Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов Кемпир-Абад маселесине байланыштуу митингге чыккандарды айткан. 

Белгилей кетсек, ушул жылдын 28-апрелдинде Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясы менен “Мекенчил” депутаттык тобу ВИЧ/СПИДге, кургак учукка жана безгек оорусуна каршы күрөшүү боюнча Глобалдык фонддун Кыргызстанга бөлгөн гранттык каражатынын пайдаланылышы боюнча маселени караган. Анда депутат Шайлообек Атазов “Кемпир-Абад” суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилүүсүнө каршы митингге чыккандарды “гей-парад кылып чыккан” деп айыптаган.

Атазовдун бул сөзүн “ПолитКлиника” медиасы анализдеп, депутат сөзүндө кастык тилин колдонуп, Жогорку Кеңештин регламентин бузганын аныктаган.

Анткени, былтыр, 15-октябрда Ош облусунун Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылында “Кемпир-Абад” суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы элдик курултай өткөн. Анда “Кемпир-Абад суу сактагычы жана анын аянты Кыргыз Республикасынын менчигинде калсын” деген талап айтылган. Ошондой эле ал жерде “гей-парад” же ЛГБТ өкүлдөрүнө байланыштуу эч кандай сөздөр айтылган эмес. 

Депутат Шайлообек Атазов “гей-парад уюштурган” деп айтуу менен Жогорку Кеңештин регламенинин 141-беренесинин 5-бөлүгүн бузган. Анткени бул берене боюнча, кимдир-бирөөгө карата ар-намысына, кадыр-баркына жана ишмердик беделине доо кетирүүчү негизсиз айыптоолорго жол берилбейт. Бул сөздөр регламентти гана бузбастан, Кыргызстандагы азчылыкка карата да жек көрүүнү шыкактаган сөздөр болуп саналат. 

«Лабрис» уюмунун изилдөөсүнө ылайык, көпчүлүк саясатчылар “ЛГБТ коомчулугуна жек көрүүнү жана гомофобияны” курал катары пайдаланышат жана бул коркунучтуу нерсе.

Жыйынтыктап айтканда, бозгундагы президент Курманбек Бакиев Жогорку Кеңештиин депутаты Шайлообек Атазовдун чындыкка дал келбеген, “каралоочу” сөздөрүн колдонгон. 

  1. “7-апрель боюнча өздөрү чечип, токуп чечим чыгарып коюшкан” 

Маектин 20-мүнөтүндө Курманбек Бакиевдин сырттан соттолушу боюнча сөз болгон. Анда Бакиев өзүнө коюлган айыптар жана сырттан соттолуусу көптөгөн мыйзам бузуулар менен коштолгонун айткан.

“Мени айыптоодо Кылмыш-жаза кодексинин көптөгөн беренелери бузулган. Ошого карабастан ишти сотко өткөрүп соттоп салышты. Бирөө келип сурап койгон жок да 7-апрель кандай болду эле деп. Өздөрү адвокат таап, өздөрү токуп чечим чыгарып койгон”, — деп айткан Бакиев. 

Курманбек Бакиевге карата 2014-жылдын июнь айында мүлкүн мамлекеттин пайдасына алуу менен өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмү чыккан. Бишкек аскердик соту аны 2010-жылдын 7-апрелиндеги революция маалында 87 адамды атууга күнөөлүү деп тапкан. 

Апрель окуясынан кийин Курманбек Бакиев үй-бүлөсү менен Беларуска качкандыктан тергөө жана жазасын өтөөсү үчүн кыргыз бийлиги беларусь бийлигине аларды экстрадациялоо боюнча бир канча ирет кайрылуу жөнөткөн. 

Бул тууралуу Кыргызстандын башкы прокурору Курманкул Зулушев 2021-жылы билдирген. Бирок Беларусия ар кандай себептер менен Бакиевдерди Кыргызстанга берүүдөн баш тартып келет. 

Башкача айтканда, биринчиден, Бакиевдердин күнөөсү Аскер соту аркылуу далилденген, ал эми адилеттүү чечим жана өз укугу үчүн күрөшүү үчүн Курманбек Бакиев Кыргызстанга келген эмес.  

Мындан сырткары, маекте Бакиев кландык башкаруу жана саясий негизде өлтүрүүлөрдү четке каккан.

Бирок, жогоруда белгилеп өткөндөй, бир топ эл аралык изилдөө институттары Кыргызстанда 2005-2010-жылдары кыйноолор жана мыйзамсыз аракеттер болгонун айтышкан.

Журналисттик этиканын бузулушу жана багыттоочу суроолор 

Бозгундагы президент Курманбек Бакиев менен болгон маектер буга чейин да жарыяланып келген. 

Мисалы, 2022-жылы 9-июлда “Жаңы Ордо” гезитинин сайтына Бакиевдин маеги чыккан.  13-июлда маектин видео түрүндөгү версиясы азыркы интервью жарык көргөн “Санжар Калматай” (Акыркы кабарлар)  Ютуб каналына жарыяланган. Маекти “Жаңы Ордо” гезитинин журналисти Бекен Назаралиев алган. Анда Бакиевдин Беларуска кетиши, Апрель окуясы, президент кезинде жасаган иштери тууралуу кеп болгон. 

“ПолитКлиника” медиасы 9-июлда чыккан маекти анализдеп, анда журналист багыттоочу жана актоого аракет кылган суроолорду бергенин аныктаган. Бул өз кезегинде журналисттик этиканын 10-жана 23-беренелерине каршы келет.

15-майда жарыяланган маек да мурдагысынан көп айырмаланган эмес. 

Мында да алып баруучу “Мен сизге кошулам”, “Үчүнчү күчтөр аралашты да”, “Кыргызстанда түрдүү күчтөр бар” деген өңдүү журналисттин калыстыгына шек келтирген баа берүүчү сөздөрдү айткан. 

Бул Кыргыз Республикасынын журналисттеринин этикалык кодексинин 10-беренесине каршы келет. Аталган беренеге ылайык, божомолдор фактылар жана пикирлер бири-биринен даана ажыратылуусу керек экени айтылган. 

Белгилей кетсек, Кадыр Кошалиев  Биринчи элдик курултайдын төрагасы болгон . Ошондой эле Кошалиев Курманбек Бакиевдин бийлигинин тушунда ЭлТР мамлекеттик телеканалын да жетектеген. 

Жыйынтык: 15-майда жарыяланган “Дубайдагы жолугушуу, апрель окуяларынын келип чыгышы жөнүндө Курманбек Бакиев менен болгон маекте” бозгундагы президент манипулятивдүү маалыматтарды айткан. Ал эми УТРКнын журналисти багыттоочу суроолорду берип, журналисттик этиканын нормаларын бузган. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты