“Кемпир-Абадга гейпарад кылып чыккан”. Атазов манипуляциянын ыкмаларын, кастык тилин колдонуп, Жогорку Кеңештин регламентин бузду

28-апрелде Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясы менен “Мекенчил” депутаттык тобу ВИЧ/СПИДге, кургак учукка жана безгек оорусуна каршы күрөшүү боюнча Глобалдык фонддун Кыргызстанга бөлгөн гранттык каражатынын пайдаланылышы боюнча маселени караган. Анда депутат Шайлообек Атазов “Кемпир-Абад” суу сактагычынын Өзбекстанга берилүүсүнө каршы өткөн митингдерге карата  “Кемпир-Абад кайсы жерде экенин билбей туруп, Кемпир-Абадга гейпарад кылып чыккан” деген пикирин айткан.

“ПолитКлиника” медиасы депутат Шайлообек Атазовдун айткандарын анализдеп, кастык тилин колдонуп, Жогорку Кеңештин регламентин бузганын аныктады.

Жыйында депутаттын сүйлөгөн сөзү

28-апрелде Жогорку Кеңештин “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясы менен “Мекенчил” депутаттык тобунун биргелешкен жыйынында ВИЧ/СПИД, кургак учук жана безгек оорусу менен күрөшүү боюнча Глобалдык фонд тарабынан Кыргыз Республикасына бөлүнгөн гранттык каражаттар жөнүндө маалымат угулду. Депутат Шайлообек Атазов Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго суроо берди.

Шайлообек Атазов: “Гейлерди колдоо деген пунктту окудуңузбу?”

Эдил Байсалов: “Ооба, ушул жерден көрдүк. Колдоо эмес, ал жерде профилактика деп жазылып турат болуш керек”.

Шайлообек Атазов: “Ушуну көрүп туруп колдогонго барып жатасызбы?”

Эдил Байсалов: “Урматтуу депутат, менин бул комитетке (ред. ВИЧ/СПИД, кургак учук жана безгек менен күрөшүү боюнча координациялык комитет) эч кандай тиешем жок”.

Шайлообек Атазов: “Колдойсузбу же колдобойсузбу?”

Эдил Байсалов бүгүндөн калбай координациялык комитетинин курамы кайра карала турганын айтты. 

“Мындай жийиркеничтүү нерсени Жогорку Кеңеште талкуулаганга алып чыккан жооптуулардын баарын жоопко тартыш керек. Бул талкууну Манас ата, Исхак Раззаков, Касым Тыныстанов, мамлекетти кургандар кабырда көрүп турган болсо кечирбей турган болуп жатат. 29 миллион доллар эмес, 29 миллиард доллар болсо дагы бул отургандар эркек менен эркекти үйлөндүргөн болсо бир тыйынга татыбайт. Кыргыз улутун курута турган, кыргыз улутунун намысын тебелей турган программаны киргизип жатасыңар. Ачка калсак, талаада кокон гиллас терип жеп калсак дагы муну албай койсок болот. Эркек менен эркекти үйлөндүргөнгө ушулардан акча алып биздин улуттун намысы кайда калып жатат. Ушунун үстүндө отурган министр, премьер-министр, уят. Урматтуу фракция лидерлери, буга жол берген вице-премьер-министрди баш кылып туруп кызматтан кетирүү боюнча президентке фракциянын чечимин чыгарып бериш керек. Булар кечээ Кемпир-Абадга чыккан гейпарад кылып, Кемпир-Абад кайсы жерде экенин билбей туруп… Европадагы ушундай вице-премьер-министрлердин жарымынан көбү гейлер. Кыргыз коомчулугун ошондой кылганы жатат.. Эгерде акылы бар, Кудайдан корккон, эненин ак сүтүн эмген жигиттер болсок булардын бул жерде отурганына каршы чыгышыбыз керек”, — деди Шайлообек Атазов.

Кемпир-Абад боюнча өткөн митингдер

Былтыр, 15-октябрда Ош облусунун Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылында “Кемпир-Абад” суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы элдик курултай өткөн. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев, Адахан Мадумаров, саясатчылар Исмаил Исаков, Кеңешбек Дүйшөбаев, Мамбетжунус Абылов, Жеңиш Молдокматов, Азимбек Бекназаров, Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, жарандык активисттер Атай Бейшенбек, Тилекмат Куренов, Айбек Мырза жана башкалар катышкан.

“Кемпир-Абадга гейпарад кылып чыккан”. Атазов манипуляциянын ыкмаларын, кастык тилин колдонуп, Жогорку Кеңештин регламентин бузду

Анда Кемпир-Абад суу сактагычы жана анын аянты Кыргыз Республикасынын менчигинде калсын деген талап айтылган. “ПолитКлиника” медиасы курултайды түз эфир менен чагылдырылган. Бул жерде Кемпир-Абад суу сактагычынын тегерегинде гана сөз болгонун көрүүгө болот. 

2022-жылы 15-ноябрда Жогорку Кеңештин алдында бир канча жарандык активисттер, Өзгөндөн келген жарандар “Кемпир-Абад” суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы акцияга чыгышкан. Муну дагы “ПолитКлиника” медиасы түз эфир менен чагылдырган. Акцияда Кемпир-Абад маселесинен башка эч нерсе айтылган эмес.

Мындан сырткары, Кемпир-Абад иши боюнча жапырт камалган саясатчы, активист, журналисттердин боштондугун талап кылган митингдер өткөн. Ал жерде Кемпир-Абад иши боюнча камалгандарды бошотуу талабы айтылганын “ПолитКлиниканын” видеолорунан акциянын баш аягына чейин көрсөңүздөр болот.

Шайлообек Атазовдун айткан сөзүндө манипуляциянын бир канча ыкмалары колдонулган

Шайлообек Атазовдун “Кемпир-Абадга гейпарад кылып чыккан” деп айткан сөзү чындыкка дал келбейт. Кемпир-Абад боюнча уюштурулган бир дагы акцияда гейпарад өткөн эмес. Муну менен Атазов манипуляциынын бир канча ыкмаларын колдонгон:

  • дезинформация – маалыматты бурмалоо; 
  • калп — фактыларды бурмаланган түрдө көрсөтүү, чындыкка дал келбеген маалыматтарды берүү;
  • каралоо – коомдук аң-сезимди манипуляциялоо үчүн көбүнчө каралоо ыкмасы колдонулат;
  • тандалма чындык — өзүнүн пайдасындагы гана маалыматты берип, калганын тыйып коет. Мисалы, Кемпир-Абад боюнча акциялар өткөнү чындык, бирок депутат айткандай, гейпарад болгон эмес.

Депутат “кастык тилин” колдонгон

Шайлообек Атазов Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө кастык тилин пайдаланган.

“Кастык тили” деген эмне?

Кастык тили — бул эмоционалдуу боёкко боёлгон түшүнүк болуп саналат. Жөнөкөй сын-пикирден айырмаланып, терс баа берүүчү, улутуна, гендерине, диний ишенимдерине, жаш өзгөчөлүктөрүнө же дагы башка өзгөчөлүктөрүнө жараша кемсинтүүчү, ал тургай ыза кылуучу мүнѳзгѳ ээ.

Атазовдун “Европадагы ушундай вице-премьер-министрлердин жарымынан көбү гейлер. Кыргыз коомчулугун ошондой кылганы жатат” деген сөзү терс баа берүүчү, ыза кылуучу мүнѳзгѳ ээ. Депутаттын бул сөздөрү “Артикль19” уюму белгилеген “Кастык тилинин пирамидасы” боюнча “Дискриминацияга, кастыкка же зомбулукка шыкактаган мүнөзү боюнча дискриминациялык жек көрүүгө үндөө” деген түрүнө кирет. 

Депутат Жогорку Кеңештин регламентин бузду

Жогорку Кеңештин регламенинин 141-беренесинин 5-бөлүгүндө эл өкүлү жыйналыштарда сүйлөп жатканда депутаттык этиканын ченемдерин сактоого милдеттүү деп жазылган. Бул берене боюнча, депутат кимдир-бирөөгө карата ар-намысына, кадыр-баркына жана ишмердик беделине доо кетирүүчү негизсиз айыптоолорго жол берилбейт. Шайлообек Атазов  “Европадагы ушундай вице-премьер-министрлердин жарымынан көбү гейлер”,  “Кемпир-Абадга гейпарад кылып чыккан” деген сөзү менен Жогорку Кеңештин регламентин бузган. 

Жыйынтык: Жогорку Кеңештин эки фракциясынын жыйынында депутат Шайлообек Атазов “Европадагы ушундай вице-премьер-министрлердин жарымынан көбү гейлер”,  “Кемпир-Абадга гейпарад кылып чыккан” деген сөздөрүндө манипуляциянын ыкмаларын колдонуп, Жогорку Кеңештин регламентин бузган жана кастык тилин колдонгон.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты