Бакиев менен маекте журналист далилсиз маалыматтарды айтып, Апрель окуясында каза болгондордун аброюна шек келтирген

9-июлда “Жаңы Ордо” гезитинин сайтына качкын президент Курманбек Бакиевдин маеги жарыяланган. 13-июлда маектин видео түрүндөгү версиясы “Санжар Калматай” Ютуб каналына чыкты. Маекти “Жаңы Ордо” гезитинин журналисти Бекен Назаралиев алган. Анда Бакиевдин Беларуска кетиши, Апрель окуясы, президент кезинде жасаган иштери тууралуу кеп болгон. 

“ПолитКлиника” медиасы маектин видео версиясына талдоо жүргүзүп, журналисттин суроолорун жана комментарийлерин анализдеп чыкты.

Өнөктөштүк стилиндеги баарлашуу

Маек негизинен өнөктөштүк стилинде, достук маанайда өткөн. Журналисттин берген суроолорунан жана комментарийлеринен улам маек саясатчыга позитивдүү имидж жаратуу максатында жасалганын байкоого болот. Муну маектин башында Курманбек Бакиев Беларуска кетишинин себебин айтып жаткан маалда журналисттин берген комментарийи тастыктайт: 

“Сиз эми, ошо, кетейин дегенде өзүңүздү ойлогон жоксуз да, жалпы Кыргызстандын эли…тынчтык болсун деп…мени эле кетириш керекпи, мен кетейин деген чечимге келипсиз да”, — дейт журналист. 

Божомол маалыматтар жана чагымчыл суроолор

Журналист маектин башында Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов тууралуу суроо берип жатып, аны айыптоочу сөздөрдү колдонгон:

Сиз Ошко барганда Оштун мэри Мырзакматов бир күн мурун жолугуп кеткен турбайбы. “Эл колдоп жатат, эл менен кошо биз дагы колдойбуз” депчи. Эмне үчүн анда кийинки бийликке өтүп кетти? Ортодо акча алып кеткен деген сөздөрдү дагы айтып жүрүшөт”.

Бул жерде Журналисттин этикалык кодексинин 10-беренеси бузулган.

10-берене:  Фактылар, божомолдор жана пикирлер бири-биринен даана ажыратылуусу зарыл.

Мындан тышкары, журналист маекте чагымчыл суроолорду дагы берген. 

Маектин 11-мүнөтүндө Бакиев 7-апрелде Ак үйгө ок атылганы тууралуу айтып жатканда журналист “Ошого токтоло кетсеңиз. Сиз отурган кабинетке снайпердин огу тийгени жөнүндө дагы сөз болуп жатат. Булар мамлекеттик төңкөрүш эмес, сизди жок кылууну ….”, — деп суроо узаткан. Бакиев суроонун аягына чейин укпастан, “Эгерде мен ошол жерде булардын колуна тийгенимде, мен ал жерден тирүү чыкпайт элем”, — деп жооп берген. Журналист “Конгантиевге жасаган мамилени…”, — деп сөзүн баштаганда, Бакиев “Жок, мен тирүү чыкпайт болчумун ал жерден”, — деп жооп берген.

Бул заманбап саясий маекте колдонулчу манипулятивдик мүнөздөгү чагымчыл тактика болуп саналат (Н. Руженцева). 

Инсандын кадыр-баркына шек келтирүү

Маектин 50-мүнөтүндө журналист Апрель окуясында курман болгондор тууралуу далилсиз маалыматтарды айтып, алардын кадыр-баркына шек келтирген.

“Анан жанагы каза болгон балдардын арасында бомждор жүрөт, анан кийин жанагы арматура менен чабылгандар дейт…бул криминалдык разборкада өлгөн адамдар. Анан ошол эле учурда Байболовдун бир айткан сөзү бар, “Бакиев Ак үйдөн чыгып кеткенде “Ала-Тоо” аянтында 16 адам өлдү эле, калганын кайдан тапкансыңар?” депчи. Ошондо Сокулуктан баштап Токмокко чейинки моргдо жаткандарды алып келип, ошол жакка тыккан дейт да. Баягы сизди жек көрүндү кылыш үчүн. Атамбаевдин оозунан түшпөйт эле…Бакиев канкор деген немеге жеткириш үчүн моргдон моргго барышкан да”, — деп суроо узаткан.

Бул Этикалык кодекстин 8 жана 10-беренесине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” мыйзамынын 23-беренесине каршы келет:

8-берене: Журналист кандай гана жагдайда болбосун, билип туруп жалган маалымат жарыялабашы керек. Эгер таратылган маалымат чындыкка коошпой турганы билинсе, журналист бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен оңдоого милдеттүү.

10-берене: Фактылар, божомолдор жана пикирлер бири-биринен даана ажыратылуусу зарыл.

23-берене, пункт И: Инсандын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирүүгө жол берилбейт.

23-берене, пункт К: Жалган маалыматты атайылап калкка жарыялоого жол берилбейт.

Зомбулукту пропагандалоо

Журналист Апрель окуясы тууралуу сөз болуп жатканда төмөндөгүдөй комментарий берген:

“Эми Ак үй №1 кайтарууда турган объект. Мына демократиянын атасы делген Америкада Конгресске кол салды эле, эмне кылды? Атып салды”.

Жалпыга маалымдоо каражаттарын согушту, зомбулукту жана ырайымсыздыкты пропагандалоо  максатында колдонууга жол берилбей турганы мыйзамда дагы, Этикалык кодексте дагы көрсөтүлгөн:

“Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” мыйзам, 23-берене, пункт В:

Согушту, зомбулукту жана ырайымсыздыкты, улуттук, диний обочолонууну жана башка элдерди жана улуттарды жек көрүүнү насаттоого жол берилбейт.

Журналисттин этикалык кодекси, 6-берене:

Журналисттин жалпыга маалымдоо каражаттарын коомдун мүдөөсүнө, адамдын жана жарандын укуктарына каршы, согушту, зомбулукту, расалык, улуттук, жыныстык, гендерлик, региондук, диний, сексуалдык жана социалдык кастыкты пропагандалоо максатында пайдаланышына жол берилбейт.

Бир тараптуу каралоолор

Андан ары карай мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кармалышы тууралуу сөз болгон. Ал жерде дагы журналист далилсиз маалыматтарды айтып, каралоочу сөздөрдү колдонгон:

“Анан ушул жерден бир суроо туулат да. Ак үйдү кайтаргандарга кол салып, Атамбаев өзүнүн үйүнө барганда үйүнө киргенге болбойт деп, күнүнө акча төлөтүп, үйүн корготуп жатат”.

“Анан мына ошол Ак үйгө кол салдырып, ошолордун башында турган Атамбаев өзүнүн үйүн коргогону мыйзамдуу дейт дагы, полковник Ниязбековбу, аны аттым деп өзүн кайтарган жигиттерди өлтүрүп жатат”.

Бул Этикалык кодекстин 8 жана 10-беренесине каршы келет:

8-берене: Журналист кандай гана жагдайда болбосун, билип туруп жалган маалымат жарыялабашы керек. Эгер таратылган маалымат чындыкка коошпой турганы билинсе, журналист бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен оңдоого милдеттүү.

10-берене: Фактылар, божомолдор жана пикирлер бири-биринен даана ажыратылуусу зарыл.

Жыйынтык: Мурдагы президент Курманбек Бакиев менен маекте “Жаңы Ордо” гезитинин журналисти далилсиз, божомол маалыматтарды айтып, инсандын кадыр-баркына шек келтирүү менен “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” мыйзамды жана Журналисттин этикалык кодексин бузган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты